Кыргызстанда С. Чокморовдун мемориалдык комплексинин долбооруна сынак жарыяланды

Нарын облусунда СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплексин тургузууга каражат чогултуу максатында марафон өтүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, мындай акциялар буга чейин Ысык-Көл облусунда өткөн. “Чокморов кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, биздин сыймыгыбыз эле. Марафон ошондой эле Талас облусунда да өтөт. Фонд мемориалдык комплекстин долбоору боюнча архитекторлор, дизайнерлер арасында сынак жарыялаган. Комплексте эстелик, кино жана конференц зал, сүрөт галереясы жана спорттук аянтча болот”, – деп айтты С. Абдрахманов.

Долбоордун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган, байге фонду 100 миң сомду түзөт. Сынакка билдирмелер 4-июлдан 4-октябрга чейин кабыл алынат.

Махабат Момуналиева, Кабар” МА, 04.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.