Ясунари КАВАБАТА: “Назик идиш”

Антиквардык дүкөн тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Дүкөндүн кире беришиндеги тротуар жолдун боюнда бодхисаттва Каннондун [1] он эки жашар кыздын боюндай чоңдуктагы айкели турар эле. Жолдон трамвай өтүп баратканда, дүкөндүн айнек эшиги титиреп, аны менен кошо айкел да титиреп баштайт. Ар дайым анын жанынан өтүп баратканда ушул айкел бир күнү күп кулап бырчаланып сынып кетпегей эле деп өзүмчө кыжаалатмын.

Бир жолу түш көрдүм…

Айкел ары-бери чайпалып барып, кулап баштайт. Мен кулап бараткан Каннондун айкелин кармап калмак болгондо, анын колдору денеден жулунуп кетип, мени моюндан кучактап калат. Жансыз айкелдин колдору тирилип кеткенсип мени кучактай калганда, муздак фарфордун кучагында калган денем дирт эте түшүп мен артка кетенчиктеп кетем.

Каннондун айкели үн чыгарбай кулап, майда-майда бөлүктөргө шурудай чачырап кетти.

Бир маалда кайдан-жайдан экени белгисиз Сен кирип келесиң да, тизелей олтура калып жерде туш тарапка чачырап кеткен туптунук фарфор айкелдин сыныктарын ар жерден чогултуп жүрөсүң. Сен күтүүсүз жерден пайда болгондо, актанып бирдеме дешке оозума түзүк эчтеке кирбей туруп калганымда, ойгонуп кеттим.

Түшүмдү жооруп көрдүм.

“Эркектер, аялдар үлбүрөгөн назик жандар келишет, аялыңарга ар дайым назик идишке мамиле кылгандай аяр мамиле жасагыла…”

Ошол кезде Ыйык китептен окуган ушул сөз башыма келип, эмнегедир кетпей айланчыктап туруп алды. “Назик идиш” акактай тунук фарфордон жасалган бир нерсе менен тутумдашып тургансыйт. Андан сырткары: Сен мен үчүн акактай тунук назик идиш элең.

Чынында, кыз киши аярлап кармабаса, тарс сынып бүлүнүп кетер жука айнектей назик жан тура. Сүйүүгө өзүн курмандыкка чалып топ таштай чачырап сынып кете бергенге да кайыл.

Ошондо менин түшүмдө кулап түшүп туш тарапка мончоктой чачылган өзүңдү жыйнап Сен жүргөн жоксуңбу?

1924-жыл

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

 

Текстке айрым түшүндүрмөлөр:

[1]. Бодхисаттва Каннон – жапон мифологиясында бир кооз түрдөн экинчи кооз түргө кубула алган ырайымдуу кудай-аял. Бодхисаттва Каннон түшүнүгү жапондорго будда дини аркылуу Кытайдан кирген. Көп колдуу аял формасында сүрөттөлгөн кудай-аял бодхисаттва Каннон берешендиктин, берекенин кудайы катары эсептелет.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.