Улуу кыргыз дөөлөтүн улаган урпактар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүү жана атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөн бейшемби күнү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган “Кыргыз Кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-парктикалык конференция болду.

Бул иш чарага Кыргызстандагы белгилүү тарыхчы-окумуштуулар, аалымдар, ошондой эле Россия Федерациясынан, Казакстандан, Түркиядан белгилүү окумуштуулар: Новосибирск шаарынан тарых илимдеринин доктору, археолог, кыргыз таануучу, профессор ЮС.Худяков, Якутиядан тарых илимдеринин доктору В.А.Ушницкий, Тыва республикасынан окумуштуу Б.Б. Монгуш, Түркиядан Мехмет Килдироглу, Казакстандан философия илимдеринин доктору Г.Т.Телебаев ж.б. катышышты.

– Кылымдарды басып өткөн кыргыз тарыхы бир нече доорду өзүнө камтыганына карабастан, учурдун талабына ылайык фундаменталдуу тарыхый булактарга таянган комплекстүү терең изилдөөлөргө муктаж. Мына ушул маселелерди эске алуу менен өтүп жаткан эл аралык деңгээлдеги бул иш-чаранын максаты – кыргыз тарыхынын дүйнөлүк жана түрк цивилизациясындагы ордун айтуу менен, олуттуу жана салмактуу жыйынтыктарды чыгаруу,- деди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору И.Ч.Исамидинов конференцияны салтанаттуу ачып жатып.

Ректор мырза бул иш-чара Кыргыз Рес­публикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Өкмөтүнүн колдоосунда өтүлүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле мындан ары тарых илимин өркүндөтүү, жайылтуу боюнча маселелер Президенттин жарлыгына ылайык ишке ашырыла тургандыгы айтылды. Конференциянын башталышында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Премьер-министринин куттуктоо каты окулду.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков куттуктоо сөзүндө бүгүнкү конференциянын тарыхый маанидеги чоң иш чара экендигине кенен токтолуу менен: “Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгы деп айтылып жатат, бул биринчи эле этап. Мындай конференциялар, изилдөөлөр дагы уланат. Кыргыз таануу иштери биздеги эң маанилүү иштердин бири деп эсептөө менен буга билим жана илим министрлиги дагы өз милдетин аткара тургандыгы бышык”, – деди.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин “КУУнун жарчысы” аттуу атайын чыгарылган журналына жарыяланган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты:байыркы доор жана орто кылымдардын эрте мезгили” аттуу макаласында тарыхый орто мейкиндик, кыргыздардын байыркы ата журту, байыркы кыргыздардын Хунну дөөлөтүнө баш ийиши, кыргыздардын көз карандысыздыгы, биздин доорго чейинки I-V кылымдардагы кыргыздар, кыргыз тилинин этнонимин чечмелөө, улуу түрк каганаты доорундагы кыргыздар тууралуу далилдүү айтып келип, кыргыз каганы Барсбек тууралуу мындай деген: “VII кылымдын акырындагы эл аралык кырдаал Орхондогу рун сымал жазуу эстеликтеринде дурус чагылдырылган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандарын жана жолбашчыларын даңазалоого багытталган бул эстеликтерде, албетте, ушул мамлекеттердин идеологиясы, анын мүдөөсү чагылдырылганы түшүнүктүү”.

“Оңдо (түштүктө) табгач эли (кутлугдун) Баш кагандын (бийлигиндеги) душманы болгон. Солдо (түндүктө) тогуз-огуз эли жоосу болгон. Кыргыздар, курыкандар, огуз-татарлар, кытаңдар ( кидаңдар) жана татбилер бүт жоосу болгон” делет Күлтегин ханзаадага арналган эстеликте. Энесай Кыргыз кагандыгынын бизге маалым алгачкы бийлик эгесинин ысымы Ышбара Ачжан болсо, каган титулун толук калыбына келтирген кыргыз бийлик эгеси-Барс-бег (Барс-бек) болгон. Анын курман болгон мезгили 711-жылга караган кыш айы эле.

Энесай өрөөнүндөгү Алтынкөл аттуу чакан көлдүн жанында Барс-бегдин арбагына багышталган жазуу эстелиги табылган (азыр Красноярск крайындагы Минусинск шаарынын тарых музейинде сакталуу). Бул эстеликте: “Он ай мени энем көтөргөн. Ал мени өз элиме (мамлекетиме) ыроолоду. Мен өзүмдүн каармандыгымдын аркасында өз жеримде ирдендим. Мен көп сандаган жоо менен чыгаандарча салгылаштым…”,-деген Барс-бегдин өмүр жолуна тиешелүү саптар бар.

Кыргыздар менен ынтымакка келүү үчүн Капаган каган (Элтерис кагандын иниси) Барс-бегдин каган даражасын тааныган жана маркум Элтерис кагандын кызын ага ханыша катары берген. Бул никелешүү болжол менен 700-жылдар ченде болгон. Бул окуя Күлтегинге багышталган эстеликте төмөнкүдөй чагылдырылган: “…Барс-бег болду. Биз ал кырдаалда ага каган даражасын ыроолодук жана ага (ханышалыкка) менин карындашымды бердик”.

Бул учурда Кыргыз кагандыгынын таасири күчтүү болуп калганын эске алсак, анда Барс-бег 700-жылдарда чейрек кылым жашаган. Элтерис кагандын кызынан жок дегенде он эки жаш улуу өкүмдар болгон деп болжолдоого болот. Ошентип Барс-бег, биздин пикирибизде жарык дүйнөгө болжол менен 675-жылы келген деп жоромолдоого болот”, – дейт Т.Чоротегин. Ал эми Барс-бегдин тышкы сая­саты тууралуу мындай деген: “Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы менен мамилесин чыңдаган соң кыргыз Каганы Барс-бег мамлекетинин өз алдынча сая­сатын андан ары уланта берген. Кайындарынын үмүтүн таш каптырып, ал Кыргыз кагандыгын бүткүл Борбордук жана Орто Азияга, ал гана эмес, Ыраакы Чыгышка чейин таанытууга умтулган.

707-жылы жана 709-жылы Кыргыз кагандыгынын элчилиги Тан сулалесинин борборуна жөнөтүлгөн. Кыргыз-кытай алакаларын чыңдоо Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы согуш жүргүзүүгө аргасыз болгон Тан империясы үчүн да пайдалуу болгону түшүнүктүү.

Кыргыз кагандыгы Орто Азиянын чыгыш бөлүгүн жана Теңир-Тоо аймагын ээлеген Түргөш кагандыгы (704-766) менен да ымала түзүүгө аракеттенди. Ашина уругунун акыркы каганын өлтүрүп, жаңы сулалени негиздеген Үч-элиг-каган (706-жылы өлгөн) батышында араб бас­кынчыларына, чыгышында Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы согуш жүргүзгөн. Анын мураскору Сакал каган да ушул эле саясатты уланткан”. Андан ары окумуштуу В.В.Бартольд атаган Улуу кыргыз дөөлөтү тууралуу изилдөөлөрдү айткан.

Ал эми бул сапар илимий-практикалык конференцияда ошол эмгекке толуктоолорду айтуу менен: ”Кыргыз мамлекетинин негизин түптөгөн биздин байыркы ата-бабаларыбыз азыркы муундун өкүлдөрүнө тарыхый инсандарын калтырып кетишкен. Алардын тайманбас эрки, Ата мекенге жана өз элине болгон бийик сүйүүсү биз үчүн адеп ахлактык, руханий күч болуп келди”-, деди. Т.Чоротегин

Атактуу кыргыз таануучу, археолог Ю.С.Худяков өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:

– Ар бир улуттун тарыхы, маданияты, искусствосу уникалдуу болуп эсептелет. Аларга салыштырмалуу кыргыз элиники өзгөчө экендиги жөн эмес. Анткени анын 2000 жылдан ашык тарыхы бар. Мунун өзү далилденген нерсе. Тактап айтканда V-X кылымдагы кыргыз тарыхын айткым келет. Дал ушул кылымдарда искусствосу, маданияты, аскердик технологиясы, жоокерлердин мыкты кесипкөйлүгү, элди башкаруу системасы кыргыз элинде бийик деңгээлге чыккан. Согуштук курал-жарактар өз мезгилине ылайык жасалган. Согуш искусствосу да ошол кезде өнүккөн. Кыргыздар руханий жактан дагы өскөн, кол өнөрчүлүк абдан өнүккөн мезгил болгон. Кыргыз уздарынын колунан чыккан буюмдар өтө чебердиктин үлгүсүн жараткан. Бул баалуулук архео­­логиялык табылгалар менен далилденген.

Ошол мезгилде коңшу өлкөлөр кыргыздардан корккон. Себеби, кыргыздардын согуштук технологиясы күчтүү болгон. Кыргыздар душмандарга белгисиз согуштук ыкмалардын тажрыйбасына бай болгон. Ошол кездеги кыргыздардын жаратылыш мүнөзү да темирдей бекем эрки, бири-бирине берилгендиги өтө күчтүү болгон. Ошондуктан жоокерчилик заманда кыргыздар бири-бирине ишенимдүү, согуштук сырды бекем сактаган мүнөзү менен айырмаланган. Курал-жарак жасоо менен жоокерлердин согуштук кийимин сапаттуу, мыкты жасоо чеберчилиги өнүккөн.

Кубаттуулугу, күчтүүлүгү менен кыргыздар башка элдерден өзгөчөлөнүп турган. Мисалы, кыргыздардын жаачылары эң алыскы аралыкка жебе атышып жеткире алышкан. Согуш учурунда кээ бир жоокерлер уч бурчтукка окшогон атайын белги менен жүрүшкөн. Андай атайын белгини алардын салты боюнча эң кыйын каарман баатыр жоокерлерге беришкен. Кимдин ким экени, аскердик даражасы жоокердикте ошол белгиден билинип турчу.

Ат менен болгон согуштагы салгылашта кыргыздын жоокерлеринин каарман тайманбастыгына эч бир элдин жоокерлери жеткен эмес. Алар кичинесинен аттын кулагы менен ойноп, жоокерчиликке бышып өскөн. Ал турсун алардын ат өнөрүнө башка элдер суктанышкан, уйгурлар менен болгон урушта уйгур армиясынын жарымы кыргыздарга өтүп кеткен, балким ошон үчүн да уйгурлар жеңилип калышкан. Ошондон ки­йин уйгурларды Кытайга сүрүп ташташкан,-деди өз сөзүндө Ю.С.Худяков.

Белгилүү археолог андан аркы сөзүндө IX кылымдан X кылымга чейин кыргыздардын чоң династиясында мураскерлердин ортосунда бийлик талашуу башталганын, кыргыздар ошол кезде жоокерчиликтеги жеңиштери менен ээлеген жеринин аянты абдан кеңейип, кыргыз улуту өзү аз болгону менен, уйгурлар сыяктуу келип кошулган элдердин эсебинен көп кол жыйналганын да айтты. Башка улуттар баш ийгени менен ынтымак жок болуп, кайрадан туулган жерге кетиш зарылдыгы туулганын, бирок ошол доордо кыргыздардын жарымы Алтайда калганына токтолду. Мындай өтө чоң аймакты башкаруу кыргыздар үчүн мүмкүн эмес болуп калганын, мурункудай династия жок болгондон кийин жарымы Алтайда, жарымы Орто Азияда калган кыргыздар баары бир тарыхта өз ордун жоготпогондугун баса белгиледи. Тактап айтканда андан кийин деле, керек болсо Совет доорунда дагы кыргыз эли өзүнүн маданиятын, оозеки чыгармачылыгын, кол өнөрчүлүгүн да сактап калганына жана ар тараптан өнүүгүү жолун таап кеткенине кеңири токтолду.

Якутиядан келген тарыхчы, окумуштуу В.В.Ушницкий өз сөзүндө кыргыздардын көчмөн элдер арасындагы өзгөчө согуштук кырдаалдардагы жоокерчилигине жогору баа берген изилдөөлөрүн айтты.

– Убакыт келди, өзгөчө армия түзүү максатына абдан көңүл буруш керек. Америкадан, Европадан улуу кыргыз династиясы тууралуу изил­дөөлөр болуп келген. Алардын тапкан негизги маалыматтарына таянсак, Азияда көчмөн элдер арасында биринчи ушундай улуу каганатты кыргыздар курушкан экен. Бул абдан таң калыштуу. Муну кыргыздарга чейин эч ким жаратышкан эмес экен. Тарыхтагы чоң бурулуштуу окуялардын бири ушул, – деди В.В.Ушницкий.

Конференциянын пленардык жыйынында сүйлөгөндөрдүн бири Тыва республикасынан келген окумуштуу Б.Б.Монгуш өз сөзүндө Европанын башка бөлүктөрүндө да сакталып калган кыргыз уруулары тууралуу айтып өттү. Анын айтымында Кыргызстандан кийин эле кыргыз урууларынын көп жайгашкан чөлкөмү Алтай жергеси. Анын изилдөөлөрүндө көчмөн эл катары улуу тарыхы бар кыргыз элинин көчмөн эмес жашаган уруулары да болгонуна токтолду. “Ал мезгилден кабар бере турган маалымат булагы араб тилинде гана жазылган. Араб тилинде жазып калтырып жаткандан кийин, демек жазуусу да болгон”, – деген пикирди айтты Б.Б.Монгуш.

Натыйжада Улуу Кыргыз дөөлөтүн улаган урпактар Түштүк Сибирге комплекстүү археологиялык, этнографиялык экспедиция жүргүзүү, Улуу Кыргыз кагандыгынын тарыхына арналган илимий монографияларды жарыкка чыгаруу жана интернетте жайгаштыруу, 2013-жылдын октябрь айында Улуу Кыргыз кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган экинчи эл аралык илимий конференция өткөрүү иш-чара­ларын жүзөгө ашырууну карашты.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 20.11.2012-ж.
Сүрөт Уикипедиядан алынды 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.