Маданият мыйзамы кабыл алынды
Жогорку Кеңеш КР “Маданият жөнүндө” мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алды.
1992-жылдын 5-мартындагы кабыл алынган “Маданият жөнүндө” мыйзам азыркы кездеги социалдык-экономикалык шарттарга жана талаптарга жооп бералбай калды.
Мыйзам долбоорунун негизи болуп жаңы атуулдук коомдун ченемдери менен принциптери эсептелет.
Биринчи окуу маалында депутаттар тарабынан көп каршы пикирлер айтылгандыктан, мыйзам долбоорунан 39-берененин 2-пункуту алынып салынды. Анткени, анда маданият кызматкерлерин келишим менен кызматка алуу жагы каралган эле.
“Кыргыз маданияты” (20.02.2009-ж.)
Соц тармактар: