Республикадагы маданий мекемелер каттоого алынууда

Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин басма сөз кызматынын   маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республиканын  аймактарындагы маданий жайларды каттоо иш чарасы  өтүүдө.

Маданият министрлигинин атайын буйругу менен аймактардагы музей, клуб, музыкалык мектептер, театрлардын абалы иликтенип, ага баа берилүүдө.

Маданий имараттардын абалы аныкталгандан соң анын муктаждыктары, кемчиликтери такталып, министрлик тарабынан колдоого алынат.

Эскерте кетүүчү нерсе, мындай иш аракеттер көп жылдан бери өткөрүлгөн эмес.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 11.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.