Маданият мыйзамы кабыл алынды

Жогорку Кеңеш КР «Маданият жөнүндө» мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алды.

1992-жылдын 5-мартындагы кабыл алынган «Маданият жөнүндө» мыйзам азыркы кездеги социалдык-экономикалык шарттарга жана талаптарга жооп бералбай калды.

Мыйзам долбоорунун негизи болуп жаңы атуулдук коомдун ченемдери менен принциптери эсептелет.

Биринчи окуу маалында депутаттар тарабынан көп каршы пикирлер айтылгандыктан, мыйзам долбоорунан 39-берененин 2-пункуту алынып салынды. Анткени, анда маданият кызматкерлерин келишим менен кызматка алуу жагы каралган эле.

«Кыргыз маданияты» (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.