Москвада Кыргызстандык модельер-конструкторлордун фестивалы өттү

20-март күнү Москва шаарында Кыргызстандык модельер-конструкторлордун “Кыргызское кочевье 2009″ фестивалы өттү. Фестивалдын чектеринде бүгүнкү күндө Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин рыногунда татыктуу орунга ээ болгон модельерлердин коллекцияларынын сынагы өттү. Буга чейин эл аралык сынактарга катышып келген модельерлер Галина Бойкова, Любовь Ардамина (фирма «Александра Мода»), Наиль Байкучуков, Юлия Кудряшова, Бакыт Тулпаров, Анара Тешебаева жана Гулнара Качаганова катышат. Мындан тышкары кыргыз артистеринин катышуусунда чоң концерт уюштурулган.

Иш чраны кыргыз-орус ESMO Group компаниясы, кыргыз жаштарынын “Жаш толкун” биримдиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги уюштурууда.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, фестивалды уюштуруунун эң негизги максаты текстиль боюнча Кыргызстандын продукцияларын Европа рыногунда жылдыруу менен анын жогорку сапатын далилдөө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тигилген кийим-кечеге Казакстандын жана Россиянын рыногунда суроо талап көп.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 21.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.