Таабалды Эгембердиев, ишкер: “Кычырап бийликте отургандан көрө, өтүкчөн иштегенди жактырам”

Таабалды мырза, азыркы убакта эмне иш менен алектенип жатасыз? Дайыныңыз чыкпай кетти го…
Кыргыздын улуттук ордо оюну унутта калып баратканынан бир жылдан бери чоң иш баштап алдым. Бир гектар жерге эч жерде жасала элек кыргыздын архитектурасын колдонуп курулуш куруп, өзүм архитектор, прораб болуп эксклюзивдүү автордук чыгарма жаратып жатам десем болот. Бозүйдү талдын чырпыгынан токуп, үстүнө 20 кишини чыгарып, эксперимент жүргүзүп көрдүм. Болк эткен жок. Таш, топурак, чырпык, камыш менен эле эч бир химиялык заттарсыз экологиялык жактан таза, чыныгы кыргыздын жашоосун чагылдырган жети бозүй жана таштан жасалган бири-бирине окшобогон жети там, жети бастырма салып, чоң ордо куруп жатам.Бастырманын алдында суу агып турат, форель балык уулап, ат минип эс алууга да мүмкүнчүлүктөр болот. Атайын балык багып жатам. Таш тегирмен да орнотуп койдум. Чет мамлекеттиктер ундун кантип чыкканын көз алдында көрсүн деп.Бул жакта эч жерде жолукпаган 18 нерсе бар. Көпчүлүк ошол нерсеге суктанат болуш керек, мен алардын эмне экенин айтпай турайын. Бул жай ойдогудай бүтүп, ордодо кыргыздын унутулуп бараткан нукура турмушун, унутулуп бараткан тамактарды жана кыргыздын улуттук ордо оюнун жандандырсам, чет мамлекеттиктер келип суктанып көрчү ажайып жайга айланса деген эле тилек. Асмандагы жылдыздан жердеги кен көп дегендей мен түрдүү идеялар менен алпурушуп, ошол кендерди казып жатам десем болот. Баарынан кызыгы мен куруп жаткан кайталангыс жайга анчалык деле чыгым болгон жокмун. Чырпык, таш топурак, камыштар ошол жерден эле алынып жатат. Кудайдан болуп булак да бар экен. Суудан да кыйналган жокпуз.

Таабалды Эгембердиев деген фамилия кимдерге жардам берди?
Публицист болуп таанылып калгандан кийин фамилям өзүмдүн бизнесиме жардамы тийди окшойт. “Крышаң ким?” деп сурап жүрүштү. Крышам өзүм десем көбү ишенчү эмес, Ал заманда публицист катары коомчулукта менин авторитетим чоң болчу. Көп тийише алышчу эмес. Кыргызстанда кызыктай жагдай бар. Бизнесиң бар демек, сенин “крышаң” бар деп айтышат. Эмгекчил, иштин көзүн таба билсең крышасы жок эле бизнесиңди өркүндөтө берсең болот. Аны көпчүлүк түшүнө бербейт. Мисалы, Чыныбай Акун деген жакшы ишкер жигит бар. Анын деле жогорку жактан жөлөп-таяган эч бир крышасы жок эле ишин жөндөп келе жатат.

Эл оозунда элек жок демекчи учурунда “Шоро” фирмасын Акаевдин баласы тартып алууга аракет жасаган деген сөздөр айтылып жүрөт. Ошол сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Ал болбогон ушак сөз. Акаевдин баласы “Шоро” фирмасын тартып алмак түгүл жологон да эмес.

Учурунда мамлекеттик деңгээлдеги экономикалык чоң иш-чараларга аралашып жүрчү элеңиз. Азыр эмне үчүн андай мамлекеттик иштерге катышпай калдыңыз?
Убагында андай иш-чараларга катышып жүргөн менен чынын айтыш керек, андан майнап деле чыккан жок. Антикоррупциялык комиссияда мүчө болдум. Ал жерден эч бир маселе деле чечилчү эмес. Анткени, бийликте фармалдуу нерселер көбүрөөк орун алат. Азыр андай бизнес чогулуштарга барбаганыма капаланбайм. Тескерисинче, чогулушка чакырышпаганына сүйүнүп жүрөм. Мага ар бир саатым кымбат. Чогулушка катышканга убактым да жок. Мурун көп жерге чыкырып, эсимди оодара беришчү. КДКдан чогулуш көп болуп тажап калыптырмын.

Таабалды мырза, сизге мурунку бийлик бир канча жолу кызмат сунуштаган дешет… Ушул чынбы?
Акаев үч жолу бийлик сунуштады. Эки жолу “Жогорку Кеңешке депутат бол” деди. Ана-мына деп жатып араң кутулгам. Кийин “каалаган жумушуңду берели келип иштеп бер. Америкага окууга жөнөтөлү” дешти. Кыскасы, баарынан баш тарттым. Мен үчүн депутат болуп, парламенттеги ызы-чуунун ортосунда олтургандан өткөн азап-тозок жок. Анын үстүнө мен өзү башкаруу системасына жок инсанмын. Кычырап кийинип алып, бийликте олтургандан көрө өтүк кийип алып жумушчуларыма аралашып, жаңы бир нерсе жаратканды жакшы көрөм. Эч кимге көз каранды болгум келбейт. Эркиндик мен үчүн байлыктан, бийликтен да кымбат. Менин табиятым да жан дүйнөм таптакыр башкача, чыгармачыл, чексиз бактылуу адаммын.

Сизди “кыйын публицист, жазганда кагаз түгөнүп калганын сезбей столго чейин жазып жиберген берилген жазмакер” деп айтышат. Анан эмне үчүн журналистикадан кетип калдыңыз?
Менин негизи адистигим курулуш иженери. 30 жашка чыгып эки жагымды карасам мени менен чогуу окуган балдардын көбү жетекчилик кызматтарды иштеп калышыптыр. Мен байкуш эле улам бир жерден айдалып, өсө турган түрүм жок. Анын себеби, чоңдорду чогулушта чымчып алмай адатым бар болчу. Айлам кетип эмне кылсам чоңуна көз карандысыз карьера жасоо болот деп ойлосом -адабият экен. Анан кой дедим дагы алдыма максат коюп, акыл казынамды кеңейтип, 13 жыл дүйнөлүк адабияттын баарын окуп чыгып таасирлендим. Л.Толстойду беш жолу, Ч. Айтматовду эки-үч жолу, Белинскийди тогуз жолу окудум. Азыр эстесем, 3-4 сутка уктабай китеп окуган күндөрүм болуптур. Ошентип жүргөн учурумда канчасы мени “Жинди болуп калыптыр” деп шылдыңдап, сынтагып жүрүштү. 41 жашымда “Республика” гезитине публицистика жаза баштадым. Ошол учур менен эң бактылуу жылдарым болуптур. Мен макаланы башкаларчылап, эки күн оонап кыйналып жазчу эмесмин. Бир нерсеге кыжырым келсе, же кыялдансам же бир нерсеге таасирленип жазганда ой куюлуп, жазып үлгүрбөй калчумун. Кээде ушул макаланы чын эле мен жаздымбы деп окуп алып, таңгалган учурларым болгон. Бирок, бир күн жазгандан кийин эки күн эч нерсе кылалбай, иштей албай калчумун. Менин артыкчылыгым макаланы жалпак тилге салып, нукура кыргыз тилинде жазгандыгым болду го, элдер да кыйналбай окушчу. Публицистикадан кеткенимден кийин мен урматтаган белгилүү адамдар “Жазганыңды эмнеге токтотуп койдуң” деп капаланып жүрүштү. Кудай таалам мага жазуучулук чоң мүмкүнчүлүк бериптир, бирок башка ишке алаксып таштап койдум. Эми убактым болсо китеп жазсамбы деген тилегим бар.

Кыргызстанда Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн иштешине жакшы шарт жок деп калышат. Ушул пикирге кошуласызбы?
Идеалдуу мамлекет болбойт. Өзбекстан, Түркмөнстанга караганда бизде ишкерлерге жакшы эле шарттар түзүлгөн.

Кризис сиздин фирмага да өз таасирин берип жатса керек…?
Кирпич чыгарган заводдордой болуп токтоп калбасак да, азыр продукциябызды мурдагыдан 30-40%га аз чыгарып жатабыз. Чоң суммадагы кредит алып алган элек, ошону төгүп кыйналып жатабыз. Мен өзүм машине жасаганды билем, бирок, рулда олтуруп, айдаганды билбеген кишимин. Ошондуктан Шоронун технологиясын жасап чыктым. Ал эми фирманын башкаруу маселеси башынан эле иним Жумадилдин мойнунда. Башкаруу ишине кийлигишпейм.

24-мартта аянттагы элди шоро менен камсыз кылган элеңиз…
Эл чогулуп жатканын угуп алып барып калгам. Чогулган эл акактап турган экен. “Бакиев тамагы кургап сүйлөй албай калды” деп калышты. Элдин толкунунан коркуп, дүкөндөрдүн баары жабылып калыптыр. Элден аяган болбос дедим дагы аянттагы элге шоро тараттырдым. Биринчиден, элиме соопчулук иш кылсам, экинчиден шоро реклама болду.

Уруу уруу болуп бириккенге же бөлүнгөнгө кандай карайсыз?
Мен трайбалистмин. Саяк экенимди эч качан жашырбайм тескерисинче сыймыктанам. Саяк уруусун уят кылбасам экен деп ар дайым аракет кылам. Уруу-уруу менен бириккенди саясатчылар туура эмес пайдаланып жатышат. Уруу-уруу менен бириккен биздин маданият. Ошондуктан кайсы уруудан экениңди билип жүрүшүң керек. Мисалы, урууңду билбей жакыныңа үйлөнүп алсаң генофондубузга доо кетпейби. Коңшу элдерден биздин айырмабыз жети атабызды билип, генофонддубузду сактай билгенибизде.

Экс министр Марат Кайыпов эки аял алуу маселесин көтөрүп, мыйзамдаштырууну коомчулукка алып чыккан. Эки аял алууга кандай карайсыз?
Менин атам эки аял алган. Мен экинчи аялдын баласымын. Чоң энем 50гө чыкканда эркек балабыз жок кыйналып калабыз деп аталаш өз сиңдисин кыйнап, атама алып берип коюптур. Андан мен төрөлүптүрмүн. Азыркы заманда эки эмес, бир аял менен жашаш да кыйын. Бирөөнү жакшы көрүп калса, аялын таштап кетпей эле экөө менен тең мамиле түзүп, жашаса деле болот да. Ага мыйзам чыгарып убара болуунун деле кажети жок.

Өзүңүздүн кандай кемчиликтериңиз бар экенин айтып бер аласызбы?
Мен өз кемчилигимди сезген адаммын. Маселен, жалкоомун, иретсизмин, таза кийинип жүрбөйм. План менен иштебейм. Тамак соомун. Эт бышканча казанга түшүп кете жаздайм. Биринчи бала болгондуктанбы ата-энем эт быша электе эле кесип беришип мени көндүрүп коюшуптур. Менин балалык көп кыялдарым азыр деле ошондой. Мактанчаакмын. Кээде жасап жаткан ишимди досторума кеңешип айтсам да мактангандай кабыл алышат. Унутчаакмын, кечээ таанышып, сүйлөшкөн адам мени менен эртеси учурашса тааныбай, унутуп калам. Бир топто барып эстейм. Тамеки таштайм деп эле ага эрким жетпей жүрөт. Ушул сапаттарымдын баарын кемчилигим деп билем. Менин дагы бир кемчилигим: ушул убакка чейин үй сала элекмин. Ордо ойдогудай курулуп бүтсө, үйдү да кыргызча вариантта салсамбы деп ниет кылып жатам. Бул менин артыкчылыгымбы же дагы да болсо кемчилигимби билбейм. Камфортко умтулбайм, эл мен жөнүндө эмне деп ойлоп жатат деп кыжаалат да болбойм. Галстук, костюм-шым кийсем, чечкенче шашам. Той-топурга барганды да жактыра бербейм. Мен үчүн тойго баргандан өткөн кыйноо жок. Убактымды тойго короткондон көрө китеп окуп, же дагы бир жакшы идеяны таап, ой чабытым менен аны эсептеп, ишке ашырганды жогору коем.

Бала кезиңизде кимди идеал тутчу элеңиз?
Бала кезде мындай киши болоорумду ким билиптир. Эптеп-септеп агым менен кошо агып, кой кайтаргандан, кетмен чапкандан кутулсам, борбордо окуп, шаарда жашап калсам деген эле ой болгон. Башкаларчылап министр болом, башкарма болом деп кыялданып, бирөөнү дагы идеал тутчу эмесмин. Бирок, сыймыктанган адамым бар, анын көзү өткөнүнө 40 жыл болуп кетсе дагы ушул убакка чейин аны менен сыймыктанып жашайм. Ал менин атам Бердигул. Ал киши мага тыңыраак батинке алып берүүгө алы келбей жүрүп өтүп кетти. Мен бала болсом дагы анын жан талашып оокат кылганын, кыйналганын сезип турчумун. Менде адамгерчиликтин жакшы жактары болсо, ошолордун баары атамдан жукту окшойт. Ошондой эле менин бактылуу балалыгым өткөн кичинекей Кызыл- Ой деген айылым бар. Ошол жерде капкара болгон туугандарым бар, ошолор менен сыймыктанам. Жамандык жакшылыкта досторуң деле унутуп калат. А тууганың келет. Кокус каза болуп калсаң намыс үчүн тууганың көмөт. Ошон үчүн той-топурга досторумду эмес туугандарымды көбүрөөк чакырам.

Сиз сыймыктанган атаңызга кандай уул болдуңуз? Теңби, кемби же ашкан уулбу?
Атам мени “Баламдын башы чоң, кийин чоң болот” деп койчу. Менин мындай адам болгонумду көрбөй кетти. Мен атадан ашкан уул болдум десем болот.

Кудайга ишенесизби? Намаз окуйсузбу?
Мен намаз окубайм, орозо кармабайм. Бирок, мечитте жүргөндөргө караганда кудайга көбүрөөк ишенем деп ойлойм. Кудай мечите эмес, жүрөктөн орун алса, анан ишиң оңолоруна ишенип баратам. Бүгүн киши өлтүрүп, эртеси намаз окуп мечитте жүргөн криминалдарды да көрбөдүкпү. Анан мечитке кантип барасың. Мен Кудайды уктап жатканда да унутпайм. Куранды эки жыл жазданып окудум. Кызыгы тажатпаганына таңгалдым. Окуган сайын улам башка касиетин сезет экенсиң. Туура эмес деп айта турган жери жок. Окусаң ушунчалык эс аласың жагымдуу китеп экенине ынанасың.

Ч. Кутманалиева, “Асман пресс”, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.