Аш-тойлорду жупуну өткөрүүгө депутаттар макул эмес
Аш-тойлордо бир нече бодо сойгон учурлар кыргызда салт болуп калган.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун аш-тойлордогу эсепсиз чыгымды азайтуу боюнча токтомунун долбоору ушул аптада парламентте каралды. Бирок аны депутаттар колдогон жок.
Айнуранын турмушка чыкканына бир жылга чукулдап калды. Жолдошу экөө үйлөнүү үлпөт тоюн көп чыгым кетирбей, чакан гана өткөрөлү деп макулдашышкан. Бирок эки тараптын тең ата-энелери элге уят болобуз дешип, той өткөрүүгө банктан насыя алышкан. Ошол карызды төлөө үчүн Айнуранын жолдошу Москвада азырга чейин иштеп жүрөт.
– Биз той өткөрүү үчүн банктан 3 миң доллар насыя алганбыз. Азыр ал насыядан дагы деле кутулуп бүтө элекпиз.
Учурда мындай көрүнүш ар бир экинчи үйдө кездешет. Карызга болсо да элге уят болбой той өткөрүү дээрлик үй-бүлөлөрдө башкы маселеге айланган.
Ал эми Калыс эженин окуясы деле ушундай. Ал атасын акыркы сапарга узатуу, куран окутуу жана жылдыгын чыгарууда бир топ каражат кеткендигин айтат. “Кары адамдын өлгөнү той” деп элдер көп келип, кошумча дагы бодо союуга туура келди дейт ал.
– Төрт бодо союлду. Дасторкон жасоого миң доллардай, куран окутканда дагы 1,5 миң доллардай кетти.
Депутат Кубанычбек Исабеков каржы каатчылыгы маалында ушуга окшогон аш-тойлорду өткөрүүдө карапайым элге үлгү болуп, ашыкча ысырапкерчиликти токтотуу, айрым чектөөлөрдү мамлекеттик кызматкерлерден баштоо демилгесин көтөргөн. Анын айтымында, Экономикалык өнүгүү министрлигинин иликтөөсүндө аш-тойлорго эле 2 миллиард доллар чыгым кеткен.
“Үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү тууралуу” токтом долбооруна ылайык мамлекеттик кызматкер үй-бүлөлүк иш-чаралырына акча чогултуп же мал союга мажбурлаган учурларда аны кызматтан четтетүү сунушу айтылган.
– Ошол эле “жоопкерчилигин карагыла, жазгыла” деп кыйкырып аткандар эми каршы чыгып жатышат. Өзүбүз жөнөкөй эле үлгү бололу деп негизинен мамлекеттик кызматкерлерге арналган. Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаров берген маалыматка караганда, жылына аш-тойлорго, өлгөндөргө 2 млрд. доллар чыгым кетет экен. Турмуш деңгээли төмөндөр бар, көп балалуулар бар биринчи орунда ошолорго кыйын болуп жатат.
Аталган токтом долбооруна чоң той берген мамлекеттик кызматкерлерди Каржы чалгындоо кызматы иликтесин деген бөлүм киргизилген. Бирок депутаттардын көпчүлүгү муну акылга сыйбаган нерсе катары баалашып, аш-тойлорду мыйзамдын негизинде токтотуу туура эмес деп айтып жатышат.
– Токтом долбоору кабыл алынгандын эртеси эле атасы өлгөндөр элге ашлям-фу же борщ берип көмбөйт. Эскиче эле жылкысын союп, устукан тартып көмөт. Бул каада-салт, үрп-адат кылымдар бою кала берет. Бул жерде адамдын укугу жана кыргыз элинин каада-салты тебеленип жатат, – дейт Б.Абдырасаков.
Ал эми депутат Жусупжан Жээнбеков бул маселени алгач элдин талкуусуна салуу зарылдыгын белгиледи.
– Бул токтомду кабыл алуу эрте болуп жатат. Ушул багытта жергиликтүү бийликтер иштесин, биз да жер-жерлерден эл менен иштеп көрөлү. Мисалы, депутаттар батага келиптир деп сөзсүз кой же тай союлат. Муну моюнга алышыбыз керек. Анан мен да эртең ушундай кылайын деп ошону өзүбүз түйүп алып кетебиз.
Жыйынтыгында депутаттар аталган токтом долбоору кайра иштелип чыгып, токтом эмес кайрылуу катары кабыл алынсын деген чечимге келишти. Бул маселени мурдагы чакырылыштагы депутаттар Б.Мурзуибраимов, А.Салымбеков көтөрүп, бирок ошондо да колдоо тапкан эмес.
Президенттин ЖКдагы өкүлү Досалы Эсеналиевдин айтымында, ушул тапта мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун жетекчилиги астында бир канча тегерек үстөл, кеңешмелер өткөрүлүп, 20 кишиден турган жумушчу топ иштөөдө. Бул жумушчу топ да жакында ЖКга өз сунушун киргизмекчи.
Канымгүл Элкеева, «Азаттык» радиосу, 20.03.2009 -ж.