Ош шаары эми “таза шаарга” айланабы?

Табияттын кайталангыс ажарын тулку-боюна сиңирип, керемет сырлары менен көпчүлүктүн көңүл кайырмагына илинген Ош шаары канчалык көрктүү болбосун, ошончолук көңүл иренжиткен көрүнүштөрдөн башы көтөрүлбөй жатат. Арийне, шаардагы тазалык маселеси талылуу бойдон калууда.

Адистердин сөзүнө караганда, калаа ичиндеги тазалыкка олуттуу маани бербеген сарамжалсыздыктын кулач жайышына эң оболу андагы жергиликтүү жашоочулар күнөөлүү. Бирок быйылкы жылы жаз алды менен тазалык маселеси азда болсо жакшы нукка бурулганын белгилешүүдө.
Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Бактыяр Кудайбердиевдин айтымында, салттык талаптарга ылайык быйылкы жылы Ош шаардык мэриясы тарабынан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулуп, шаарды таштандылардан арылтуу максатында алгылыктуу иштер колго алына баштады. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом каралып, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында эки айлык жарыяланып, анын алкагында ар күнү шаардын 18 миң чарчы аянты, көчө бойлору, тротуарлары шыпырылып, эки ай ичинде 792 м3 таштанды алынмакчы.

“… жылда жылан жеп кетет”
Үстүбүздөгү жылы жалпысынан шаар көчөлөрүн бойлото 1500 ийне жалбырактуу көчөт жана 126 миңден ашуун эрте гүлдөөчү, бир жылдык жана көп жылдык гүлдөрдүн түрү эгилмекчи. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп. Тилекке каршы, жыл сайын калааны көрктөндүрүү максатында изги тилектер менен көчө бойлото түрдүү көчөттөр, гүлдөр отургузулганы менен жылына жетпей жайрап калууда. Мунун башкы себебин аталган комбинаттын башкы агроному Турсункулов Жаанбай акыркы үч жылга чейин көчөттөр суусу жок жерге да отургузулгандыктан тез куурап калгандыгын айтып, ошол үч жылдык “тажрыйбадан” бери суулуу жерлерге гана отургузулуп жаткандыгын маалымдады. “План боюнча биз отургузган көчөттөрдүн 70 пайызы көктөшү керек. Бирок, көпчүлүк учурда жашоочулардын жулуп, уурдап кеткен фактылары арбын болууда. Шаарды таза жана көрктүү сактоо ошол шаарда жашаган ар бир жашоочунун патриоттук аң сезимине көз каранды. Жаш көчөттөрдү уурдап кетпеси үчүн милицияны күзөткө койсок деле, дээринде мекенин сүйүү сезими болбосо, биздин ал аракетибиз арык аттап суу кечпейт”,-деди башкы агроном. Ал эми география илиминин кандидаты, геоэколог Абдыжапар Аккуловдун пикиринде, көчөттөргө туура агротехникалык асыроо иштерин жүргүзүү керек. “Жыл сайын эле мынча түп көчөт эктик деп көкүрөк какканы менен, алардын көпчүлүгүн суусу жок жерге сайып коюшат. Шаардагы сугат системасы иштен чыккан. Суу болбогондон кийин кайдан өсөт. Анан кийинки жылы апендинин кызындай сууруп таштап, ордуна башка дагы отургузушат. Жылда ушул көрүнүш кайталанат. Жаш көчөт да наристе сыяктуу бардык камкордукка муктаж. Анын толук кандуу көктөп кетиши үчүн бир жыл бою кам көрүү керек”,-дейт.

“Шаарда бир дагы токолдонбогон дарак калбады”
Шаар ичинде жалпысынан 250 миңден ашуун түп бак-дарактар болсо, алардын 18 миңден ашыгы борбордук Курманжан Датка, Владимир Ленин жана Абсамат Масалиев көчөлөрүндө орун алган. Бирок, экологдор жашыл дарактардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатканы менен аларды тең ортосунан бөлө чаап, токолдоп салган көрүнүштөр убакыттын өтүүсү менен алардын куурап жок болушуна алып келет деп тынчсызданышууда. “Дарак массивдерин формага келтирүүдө өзгөчө 1990-жылдардан бери туура эмес иштер жүргүзүлүп келүүдө. Ошонун кесепетинен, учурда шаардын борбордук көчө бойлорунда бир дагы соо дарак калбады. Баары тең шире оорусу менен ооруп, кабыгы сыйрылып, көзгө комсоо көрүнүп калды. Даракта негизги нода болот. Шактап жаткан бутактардан бир-экөөнү калтырып калганын ошол даракка жабыштыра кыркса, абадагы чаңдын даракка кирип кетишине жол коюлмак эмес. А бизде болсо түз эле ортосунан жара чаап жатышпайбы”,-дейт Абдыжапар Аккулов. Ошондой эле, ал Ошту Мажүрүм талдын символу катары карабай мажүрүм тал, жергиликтүү кайрагач, ак чечек өңдүү көчөттөрдөн башка дагы кайың, эмен, арча, карагайлардын башка түрлөрүн да отургузуу мезгил талабы экендигин белгилеп, “Өзгөчө токолдонгон дарактарды мындан ары кантип сактап калуу керек деген маселе ойлондурат. Ансыз деле А.Масалиев проспектиси Мажүрүм талдан кол жууду, бир дагы кыркылбаган тал калбады. Аларды жаңы көчөттөр менен алмаштыруу үчүн атайын 5-10 жылдык план иштелип чыгышы зарыл”,-деп кошумчалады.
Дарактар туура эмес кыркылып жатат деген пикирди четке каккан агроном Турсункулов Жаанбай дарактарды кыркууда биринчи санитардык абалын жакшыртуу максатында бири-бирине тоскоол болгон бутактар алынып жаткандыгын айтып “Аларды жашартып туруу үчүн кыркуу керек. Эгер кыркып турбаса бийик болуп өсүп кете берет. Айтор, кыркуунун жакшы жактары көп”,-деген оюн бирдирди.

“Акыр-чикирге толгон Ак-Буура”
Өз кезегинде “Манастын” Аккуласын агызган Ак-Бууранын албууттанган шоокумунун ындыны өчүп, таштандыларга жык толгон арсыз агымы акыр-чикирлерди да агызганга кудурети жетпей калды өңдөнөт. Жакында Ош мамлекеттик университетинин студенттери тарабынан дарыяны бойлой акыр-чикирлерден арылтуу үчүн атайын акция уюштурулду. Демилгечи топтун өкүлү катары А.Аккулов суунун жээгин таштандылардан арылткан менен анын түбүндөгү таштарга толгон токой таштандылар кыпчылып калгандыгын айтат. “Айрым билермандар сел келгенде же сууну ачып жибергенде таштандыларды агызып кетет деп ойлошот. Сууну акыр-чикирлерден биротоло арылтуу үчүн атайын иш план иштелип чыгышы зарыл. Мисалы, шаарда орой тил менен айтканда, “Кул базарда” 60-70 адам жумуш жок деп олтурушат. Мына ошолор менен эмгек келишимин түзүп, узундугу 10 чакырым келген сууну тазалап койсо эмнеге болбосун?”,-дейт.

Эми эмне кылуу керек?
Жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси Бактыяр Кудайбердиев жаңыдан эгилген көчөттөрдүн алтоосу кимдир бирөөлөр тарабынан уурдалып кеткенин айтып “Шаардын тургундарынан өзгөчө суранычыбыз жашылдандырууга салым кошпосо да, ошол эккен көчөттү жулбай ага аяр мамиле жасаса демекмин. Жылда эгилген көчөт жылда ушинтип жок боло берсе кайдан жүрүп шаарыбыз кооз болсун. Эми биз ар бир мекеме-ишкананын жамаатына эшигинин алдындагы көчөттөргө көз салуу демилгесин коюп жатабыз. Мындан сырткары кечинде атайын рейдке да чыгабыз”,-деди.

«Zaman-Кыргызстан», 20.03.2009-ж.

Кайра эле Ысык-Көл көйгөйлөрү

“Ысык-Көл” биосфералык аймагынын башкы дирекциясында өткөн илимий-практикалык семинардын катышуучулары “Ысык-Көл” биосфералык аймагындагы жаратылыш менен адам баласынын өз ара карым-катнашы” деген теманын тегерегинде талкуу уюштурушту. Окумуштуулардын, эколог-адистердин тастыктоолоруна караганда, аталган аймакта бүткөрүлүүгө зарыл болгон айрым маанилүү жумуштар алигиче дың боюнча бузулбай жатат. Өзгөчө корулуучу жаратылыш аймактарынын чек ара маселелери жаатында чыр-чатактар аябай көп. Менчиктештирүү өнөктүгүнүн мезгилинде коруктарга жана корукчаларга тиешелүү айрым жер участкалары кожолукка ыйгарылып кеткен, же узак мөөнөткө ижарага берилген. Ошондуктан, мамлекеттик корукчаларды тактоонун зарылчылыгы келип чыгууда, б.а., биосфералык аймакта жер ресурстарын мыйзамдуу түрдө пайдалануу маселесин чукулунан чечүү керек. Ошондой эле, КР экологиялык Кодексин кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар. Ысык-Көлдүн келечегин жайкы туризмден гана көрүүгө болбойт. Анын пайдаланылбаган башка мүмкүнчүлүктөрү толуп жатат. Айрыкча, аймакта дарылык касиети мол жылуу суулар, майда көлдөр көп. Алар боюнча илимий-изилдөөлөр дале колго алына элек. Биосфералык аймак боюнча табигый жана маданий ландшафттык пландаштыруу дээрлик жокко эсе. Көлдүн экологиялык сыйымдуулугу аныктала элек. Ысык-Көлдүн айланасындагы майда көлдөрдүн ар биринин тизмесин түзүүгө мезгил келип жетти. Алар да жаратылыштын чоң компоненти, өзүнчө “тирүү” жандык. Көлгө куйган агын суулардын майда-чоңуна карабай сапаттык курамдарын аныктоо зарыл. Бул болсо Ысык-Көлдүн суусунун абалына байкоо жүргүзүүгө чоң өбөлгө болот дегенди түшүндүрөт.

Иш-чарада Ысык-Көлдө туризмди, айрыкча, экологиялык туризмди жайылтуунун чоң мааниси бар экендиги тууралуу да ой-пикирлер айтылды. Мындан тышкары табигый радиоактивдүү заттардын курчап турган чөйрөнү булгоосунун деңгээлин, андан элди коргоонун жолдорун изилдөө учурдун талабы экендиги тууралуу да талаш-тартыштуу маселелер козголду.

Шейшекан Жаналиева, Ысык-Көл, «Zaman-Кыргызстан», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.