Нооруздагы улуттук оюндардын деңгээли төмөн

Бишкектеги Нооруз майрамына арналган мелдештердин деңгээли жылдагыдан начар болду деген пикирлер бар. Мөөрөй талашууларга беш жүздөн ашуун спортчу катышты. Көк-Бөрү мелдешине 4 команда гана катышууда.

Эгемен алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланып баратышына спорттук мелдештердин да салымы бар.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчисинин орун басары Даулет Досалиевдин айтымында, Нооруздагы спорттук иш-чаралар, мелдештерге беш жүздөн ашуун спортчу катышты:

– Нооруз майрамында шаардын эң мыкты спортчулары өнөрүн көрсөтүштү. Жалпы жонунан беш жүздөн ашык киши катышып, мөөрөй талашты. Байгелерге Бишкек мэриясы каражат бөлүп берди.

Жогорку Кеңештин жанындагы эски аянтта гимнастиканын түрлөрү – көркөм гимнастика, спорттук гимнастика, акробатика боюнча өспүрүмдөр өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле чыгыш оюндарынын устаттары да көрсөтмөлүү мелдеш өткөрүштү.
Кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргоол, кол күрөш жана кыргыз күрөш мелдештерине кызыккандар арбын болду. Кыргыз улуттук университетинин студенти Койсунай Шамиева улуттук оюндар Нооруздун шаанисин арттыраарын белгилеп, бабалар мурасы тогуз коргоол оюнун өнүктүрүү зарылдыгын билдирди.

Таластан келип кыргыз күрөшүнөн мөөрөй алган Жалил Жоробеков Ноорузда эле улуттук оюндарга көңүл бурбай, мындай мелдештер Ала-Тоо аймагында көп болсо деген тилекте.

Бишкектин ордо боюнча тандалма командасынын оюнчусу Меңдибек Исмаиловдун пикиринде, улуттук оюндар майрамдарда гана эске алынып, калган учурда унутта калууда. Буга Бишкекте ордо аянтынын жоктугу далил.

Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канат Бегалиевдин атасы Кубат ага да неберелерин ээрчитип, спорттук оюндарга күбө болуп жүрдү. Кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиону Кубат Бегалиевдин пикиринде, быйылкы Нооруз мелдештери начар уюштурулуп, деңгээли төмөн болду.
Бул жолу да Бишкектеги «Ак кула» ат майданына Көк-Бөрү оюнун көрүү үчүн чет өлкөлүк меймандар да келишти.

Нооруз салтанаттын көркү – Көк-Бөрү оюну 21- март күнү башталып , мыктыларды иргеп алуу таймаштары өткөрүлдү.

Кыргызстандын чемпиону, ички иштер министрлигинин «Бөрүлүү» командасы МАИ башкармасынын командасын 12:3 эсебинде утуп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулады.

Нооруз майрамынын шаңын Нарындын «Дордой» жана Сокулук районунун “Рассвет” командасынын жигиттеринин таймашуусу арттырды. Натыйжада 5:2 эсебинде “дордойдун” жигиттери жеңишке жетишти.

Эми эртең 22-мартта дагы Көк-Бөрү мелдештери улантылат.

Ошондой эле Бишкекте ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык “Нооруз” мелдеш өткөрүү салтка айланган. Быйылкы мелдешке АКШ, Казакстан менен Өзбекстандан үч команда жана Кыргызстандан үч команда катышты.

Бир жумага созулган баскетбол турниринин жеңүүчүсү деп Казакстандын “Каспий” командасы таанылды. АКШнын студенттер командасы экинчи орунду ээледи. Коло байге Өзбекстандын “ЦСКА” командасына ыйгарылды.

Кабыл Макеш, «Азаттык» радиосу, 21.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.