Эгемен өлкөнүн эне тили өгөйлөнбөсө

(Башталышы гезиттин №23 санында)
Анткени Кыргыз Республикасындагы тилдер саясый жактан бирдей экендигине карабай, ар бир тилдин коомдук-социалдык функциясы, колдонулуш тармак-чөйрөсү, республиканын коомдук жана мамлекеттик турмушундагы реалдуу ролу, мамлекет түзүүдөгү мааниси өтө ар түрдүү. Ошондуктан мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик тилдин конституциялык статусун, мамлекеттин жана мамлекеттик тилдин ээси болгон кыргыз элинин тарыхый миссиясын, анын тарыхый жактан кыргыз мамлекетин түзүүдөгү жападан-жалгыз эл экендигин эске алуу аркылуу башка тилдердин реалдуу абалына, тилдик кырдаалга, тил курулушуна аң-сезимдүүлүк, акыл-эстүүлүк менен таасир этүү аркылуу гана тил саясатын ишке ашыруу мүмкүн.

Кыргыз эли – Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү. Кыргыз эли болгону үчүн гана мамлекетибиз Кыргыз Республикасы деп аталып, анын улуттук мамлекет экендиги көрүнөт. Кыргыз элинин мыйзамдуу кызыкчылыгы жападан-жалгыз ушул жерде гана кепилдикке, коргоого алынуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Дүйнөнүн кайсы жеринде кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы кепилдикке алынып жатат? Кыргызстандан башка эч жерде эске алынбайт. Ушул абал мамлекеттик саясаттын толтосу, улуттук идеологиянын каракуш мээси болушу керек… Ушуну Президент да, жалпы эл да, мен да, сен да түшүнүшүбүз керек, түшүнүүгө милдеттүүбүз…

Кыргыз эли – Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү, анын ээси жана жооп берүүчүсү болсо, кыргыз тили – ошол кыргыз мамлекетинин мамлекеттүүлүгүнүн негизи, анын эгемендүү эркин унитардык улуттук мамлекет катары күнкорсуздугунун негизги атрибуттарынын бири, мамлекеттин улуттук сыймыгы, ар-намысы, анын социалдык-саясый, рухий, маданий жактан өнүгүшүнүн, өзүн-өзү жана өзүн өзгөлөргө таанытуунун булагы.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары республикадагы башка улут өкүлдөрүнүн эне тилдерине караганда коомдук-саясый, социалдык-саясый жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, тармактарында кеңири жана толук өлчөмдө колдонулуу менен, конституциялык түпкүлүктүү титулдук элдин эне тили катары өз статусуна ылайык коомдук функция аткарууга тийиш.


Мамтилдин өнүгүүсү мамлекеттин ал-күчүнө жараша

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары саясый-юридикалык укуктук статусу, мамлекеттин тил саясаты аны Кыргыз Республикасынын бардык граждан-атуулдары окуп үйрөнүүлөрү үчүн зарыл шартты, турмуштук зарылчылык чөйрөнү түзүү керектигин айгинелейт. Мамлекеттик тилдин саясый юридикалык статусун, мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун зарыл шарттарын, турмуштук зарылчылык чөйрөнү түзүү, анын механизмдерин иштеп чыгуу – түздөн-түз мамлекеттин милдети.

Мамлекет гана коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, бардык тармактарында мамлекеттик тилди колдонуунун зарыл болгон уюштуруучулук, материалдык, юридикалык жана финансылык каражаттарын, механизмдерин пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мамлекет гана мамлекеттик тилин коргоонун жана колдоонун тиешелүү зарыл укуктук базасын түзүү аркылуу, анын мамлекеттик тил катары саясый – юридикалык, коомдук статусунун толук аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

Бөлөк улут өкүлдөрү тарабынан кыргыз тилин мамлекеттик тил катары билүүгө, үйрөнүүгө аракеттенүү, аны кеңири колдонуу жана

жайылтуу мамлекеттик мекеме жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, мамлекеттик тил статусун турмушка ашырууга багытталган ар бир кадам, ар бир аракет моралдык-материалдык, кызыктыруучулук жактан өзгөчө бааланууга тийиш.

Алгач өзүбүз үлгү көрсөтсөк, анан өзгөлөргө үйрөтсөк
Мамлекеттик тилде сүйлөй билүү, аны кеңири колдоно алуу улуттук патриоттуулуктун, интернационалдык патриоттуулуктун, Кыргызстан – ыйык Мекеним, Кыргыз жери – ыйык Ата-Журтум деген аң-сезимдин, граждандык-атуулдук ар-намыстын негизги бөлүгү болууга тийиш.

Кыргызстан мейли айрым улутташтарымдын эле сатылып кетме психологиясынын кесепетинен айрым бир келгиндердин жемсөөсүн, кара курсагын толтуруунун, өз кызыкчылыктарын чечүүнүн ыңгайлуу, оңтойлуу жайына айланбашы керек. (Канчалаган байлыкты басып алып, мамлекетти сызга олтургузуп канча улут өкүлдөрү качып жүрөт…)

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил саясаты:
– кыргыз элинин кылымдар бою аздектеп келген мамлекети – Кыргыз Республикасы кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары саясый-юридикалык статусу улуттук өнүгүүнү камсыз кылуучу бирден-бир курал экендигин ачык сезүүгө жана анын иш-аракети ушул улуу максатты ишке ашырууга багытталууга тийиш;
– мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулуучу негизги каражат катары артыкчылыктуу өнүгүүсүнө кам көрүүгө багытталууга тийиш;
– мамлекеттик тилди билүүнү, үйрөнүүнү, мамлекеттик тилде сүйлөй, жаза, ойлоно жана түшүндүрө алууну ар бир кызмат абалындагы атуул-граждандардын турмуштук зарылчылыгына айландырууга, тилдик турмуштук зарыл чөйрө түзүүгө багытталууга тийиш;
– мамлекеттик тилдин коомдук функциясынын артышы, саясый-юридикалык статусунун ишке толук ашышы үчүн зарыл шарт түзүп, анын механизмин, рычагын аныктоого багытталууга тийиш;
– мамлекеттик тилдин кыргыз элинин улуттук адабий тили катары илимий-теориялык жана практикалык мүнөздөгү көптөгөн проблемаларынын чечилбей, изилдөөгө алынбай келе жаткандыгына байланыштуу кыргыз адабий тилинин жаралуу, өнүгүү, калыптануу мүмкүнчүлүгүнүн, кеп маданиятынын, адабий нормасынын, грамматикалык түзүлүшүнүн көптөгөн проблемалары боюнча фундаменталдуу изилдеп-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө багытталууга тийиш, ж.б.

Кыргыз Республикасы сыяктуу көп улут өкүлдөрү жашаган полиэтникалык мамлекетте ошол мамлекетке атын берген конституциялык титулдук түпкүлүктүү, ошол аймактын, ошол жердин ээси болгон калктын тили гана мамлекеттик тил болот да, калган улут өкүлдөрүнүн тилдеринин ичинен бир да тил башка тилден
айырмаланбайт, өзүнчө статуска ээ болбойт. Башка улут өкүлдөрүнүн биринин эне тилине өзүнчө статус берүү алардын ортосундагы ар кандай “атаандашууну”, саны көп улут өкүлдөрүнүн “менин тилиме да статус берилсин” деген сасык саясатын жаратышы мүмкүн.

Бөлүнүү үчүн эмес, биригүү үчүн болсо
Башкалардын эсинен чыгып кетсе да биздин эсибизден али кете элек, 90-жылдагы тополоңго, андан кийин деле бир нече жолу “биздин тилге да статус бергиле”, “эмне үчүн мамлекеттик жогорку бийлик структураларында биздин улуттан жок”, – деген сымал ойлор айрым бир улут өкүлдөрү тарабынан айтылып жүрбөйбү. Жакында эле бир чоң жыйында бир дунган “я выступаю от имени народа, который в республике занимает по численности третье место”, деп сүйлөп жатпайбы. Анткени аларда “биз көпбүз”, “биз көбөйдүк ” деген сымал демөөр пайда боло баштады.

Мен муну менен либерализм саясаты түбү барып-келип эле биздин мамлекеттин түпкү кызыкчылыгына, түпкүлүктүү калктын улуттук кызыкчылыгына, анын бүтүндүгүнө, бөлүнбөстүгүнө терс таасирин тийгизип, сепаратисттик маанайды жаратып койбосун деген гана кооптонууну айтып жатам. Себеби тил дегенибиз, айрымдар ойлогондой, жөнөкөй эле бир түшүнүк же лингвистикалык категория эмес. Анын артында эл, элдин кызыкчылыгы, улуттун духу, элдин көп кылымдык тарыхы, кайталангыс маданияты, рух касиети, салт-санаасы, үрп-адаты, болочок тагдыры жатат. Тилдин артында мамлекеттин мамлекеттүүлүгү, анын күнкорсуздугу жатат, тилдин артында элдин ыйык сезими, ар-намысы жатат:
“Тилди тим эле бир мүчө деп түшүнбө,
Тирүүлүктүн кыймылы бар күчүндө
Добул, Жалын, Достук,
Бороон, Өртпү
Баары, баары,
Кызыл тилдин ичинде”, – деп
Эрнис Турсунов акын авабыз айткандай, тил жөн эле бир соймоңдогон кызыл эт эмес, тилде куйкалай турган жалын бар, мойсой турган өрт бар, кагылыштыра турган кастык бар, бириктире турган достук бар. Ошондуктан кыргыз улутунун, тилинин саясый да, коомдук да, укуктук-юридикалык да статусуна либералдык мамиле кылууга жарабайт. Демек, мүмкүн болсо конституциялык реформа мезгилинде жалпы элдик референдум аркылуу орус тилине официалдуу статус берген сүйлөмдү баш мыйзамдан алып коюу керек. Ошондо Кыргыз мамлекетинде Кыргыз улутунун эне тили – мамлекеттик тил болот да, калган тилдердин баары бирдей укуктук статуста өнүгө берет.

Өнүккөн өлкөлөрдө тилге карата мамиле
Мен тилчи адис катары жакшы билем. Кимге болсо да (эгер ал бирдеме түшүнгөн, түшүнүүгө аракеттенген неме болсо) далилдеп түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк-кудуретим жетет. Ким айта алат, дүйнөдөгү 250гө жакын мамлекеттин мисалында, практикасында өз алдынча күнкорсуз, башка мамлекеттердин колониясы болбой эркинмин деген унитардык улуттук мамлекеттердин кайсынысында башка тилди официалдуу тил деп баш мыйзамына жазып алган?

Туура, Швейцариияны мисал тартышат. Бирок, урматтуу окурмандар, Швейцария, бир жагынан, биздей бирдиктүү улуттук мамлекет эмес, ал жерде швейцар деген улут жок, швейцар тили деген да тил жок. Ал – автономиялык кантондордон (федерациядан) турган Конфедеративдик мамлекет. Ар бир кантондун өзүнүн парламенти, өзүнүн өкмөтү, өзүнүн закону бар, ар бир кантондун административдик чегарасы бар. Швейцария өз ара көзкарандысыз кантондордун шериктештиги, б.а. андагы федерализм, конфедеративдик принцип бүгүнкү Россиядагыдан да күчтүү экендигин билип алганыбыз оң; экинчи жагынан, Швейцарияда да официалдуу тил деген түшүнүк жок. Ал жерде немис тили, француз тили, италия тили жана реторман тили – төртөө тең мамлекеттик тил.

Тээ атамзамандан бери эле б.з.ч. VI-V кылымдардан тартып азыркы Швейцариянын аймагында Европалык негизги үч этнос – немис, француз, италиялыктардын ата-бабалары жашап, Швейцариянын азыркы элин ушул үч этнос түзөт. Ошондуктан ар бир элдин өзүнүн административдик автономиялык аймагы бар: түндүк-чыгыш бөлүгүндө немис-швейцариялыктар; батыш бөлүгүндө француз-швейцариялыктар, түштүк бөлүгүндө италиан-швейцариялыктар отурукташкан. Азыркы Швейцария – ушул этностордун тарыхый мекени, булар бири-биринен обочолонуп, биринен-бири бөлүнүп жашашат. Ошондуктан буларда ар биринин мамлекеттик тили бар.

Кош тилдүү мамлекеттер
Мындан бөлөк Белгияда да француз тили менен фламанд тили мамлекеттик тил, Кипрде түрк тили менен грек тили мамлекеттик тил, Финляндияда фин тили менен швед тили мамлекеттик тил. Анткени бул мамлекеттердин аймагы -тарыхый жактан ушу аталган элдердин Ата-Мекени.

Бул мамлекеттердеги аталган этностор бири-бири менен чогуу, аралаш жашашпастан, Швейцариядагыдай бири-биринен обочолонуп, автономиялык-административдик аймактарга бөлүнүп жашашат. Ошондуктан ар бир этностук аймактын өзүнүн мамлекеттик тили бар. Кыргызстанда абал такыр башка. Кыргызстан кыргыздардын ата-бабасынын каны чачылып, сөөгү сөпөт болгон жер, ушул жерди чет баскынчылардан кыргыздар сактаган, Кыргызстанда 1860-1870-жылдарга чейин кыргыз гана жашаган, кыргыздын гана тарыхый мекени, орус дагы, автономия сураган өзүбек да (чектеш жашаганы эле болбосо), “Кыргызстанда сан жагынан үчүнчүбүз” деген дунган да жана башка улут өкүлдөрү да кечээ келгендер, кечээ келип жериңдин бир өңүрүн бизге бер дегендер. Саясат жасаган, эл камын көрөм деген жетекчилер, ойлонушуңар керек, кыргыз улутунун келечеги жөнүндө. Кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы, келечек тагдыры сиздердин мойнуңуздарда экендигин түшүнүшүңүздөр керек…

Дүйнөдө жогорку аталгандардан бөлөк көптөгөн мамлекеттерде да экиден тил мамлекеттик тил болуп эсептелет. Маселен: Ирландия, Мальта, Заир, Оман, Филиппин, Ангола, Камерун, Сингапур, Мадагаскар, Мозамбик, Тунис, Нигерия ж.б.у.с. өлкөлөрдө өз тилдери менен катар биринде англис, биринде, француз, биринде португалия тилдери экинчи мамлекеттик тил болуп эсептелет. Анткени бул өлкөлөрдүн бардыгы тең 1940-60-жылдарга чейин же Англиянын, же Франциянын, же Португалиянын колониясы болуп келген жана алар баскынчы катары өз тилдерин мамлекеттик тил катары басып алган өлкөлөргө таңуулашкан.

Кыргызстанга кайсы өлкө үлгү болгон?
Мындан сырткары эки гана (бизди кошкондо үч) мамлекетте: 1947-жылы Англиянын колониясынан бошогон Пакистанда урду тили мамлекеттик тил делип, ал эми англис тили 15 жылга официалдуу тил катары кабыл алынган (1963 – жылдан баштап бул күчүн жоготкон). Мындан башка Гонконгдо англис тили официалдуу тил делип эсептелет.
Дүйнөлүк практикада Пакистандан, Гонконгдон кийин башка элдин тилин официалдуу тил деп статус берип, баш мыйзамга балтайтып жазып алган жалгыз Кыргыздар – биз болуп отурабыз. Практикада көрүнгөндөй түпкү маңыз-маанисинде официалдуу тил деген түшүнүк дүйнөлүк практикада басып алуучу колонизаторлордун колонизатордук саясатынын негизинде басып алган элдерге, кол алдында калган күнкор мамлекетке официалдуу түрдө таңууланган тил катары колдонулуп келген. Дүйнөлүк практикада эгемен өлкө катары эркин өнүгүүгө ниет кылган унитардык улуттук өлкө башка этностун тилин өз өлкөсүнүн официалдуу тили катары өз ыктыяры менен баш мыйзамына жазып алган фактыны Кыргыз Республикасынан башка эч жерден кездештирүүгө мүмкүн эмес. Башын баталгыга коюп, балтага тосконго кыргыздар гана жөндөмдүү экендигибиз көрүндү …

Жан күйгүзүп айтмайынча жарытпай калдык
Арийне, мен тилге каршы эмесмин. Канча тил билсең, ошончо кишисиң. Менин балдарым экиден чет тилдеринде сүйлөшөт, китеп окушат. Кыргыз жаштарынын бир тилдүү эле болуп калышын каалабайм. Кыргыздын ар бир улан-кызы эки-үч чет тилинде тили
буудай кууруп турганын каалайм. Бирок буга башмыйзамга балчайтып официалдуу тил деп жазып алуу менен эмес, шарт түзүү, жакшы окутуу аркылуу жетишибиз керек, өз эне тилибизди жерибей aны урматтоо аркылуу жетишибиз керек.
Улуттук идеология унитардык, улуттук эгемен мамлекетте түпкүлүктүү титулдук улуттун улуттук маданияты, тили аркылуу, бүгүнкү илимий-технологиялык жетишкендиктерди улуттук кыртышка байлоо аркылуу, буларды айкалыштыра билүү аркылуу гана жарааларын эсибизден чыгарбасак… Бул жөнүндө Президент Курманбек Салиевич өз кайрылуусунда Улуттук идеологияны Кыргыз элинин көөнөрбөс рухий-маданий булактарынан издегиле деп, ачык, так кесе эле жакшы айтпадыбы. Мындан башка эмне кылып бериш керек же аны жазып бер деп дагы эле күтө беребизби…

Сыртбай МУСАЕВ, профессор,

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.