Канымгүл Досманбетованын Керээзи
Эсимде, айылга бир жолу Нарын облустук музыкалуу драма театрынын артисттери келишип, концерт коюп калышты. Сахнага Канымгүл Досманбетова чыкканда эл кол чаап жиберди. Узун бойлуу, толмочураак келген Канымгүл токтоо мүнөзү менен ууртунан жылмайып,отургучка олтурду да, комузунун кулагын толгой баштады. Ал ырдаганда эл сыйкырдуу обон дүйнөсүнө бөлөнүп, жашоонун жыргалын, өмүрдүн салтанатын сезимден өткөрөт. Кайрадан кол чабуулар…
Ырдап бүтүп, элге жүгүнүп жатып биринчи катарда олтурган мени көрө коюп, сахнадан эңкейип мага колун сунду. Кучакташып көрүшүп, мени көшөгөнүн арт жагына алып кирип кетти. Анда эмчектеги баласы упчусун соруп мемиреп уктап жатыптыр, өптүм. Өткөн-кеткенди кыскача сүйлөшүп, биздикине конок болуп кетүүсүн өтүндүм. Өмүрлүк жолдошум Урумкан Ынды уулу башкы дарыгер болуп иштөөчү, ал дагы бизге кирип келди. Концерттен кийин бүт артисттерди алып барып үйгө коноктодук.
Канымгүл экөөбүз мектепте чогуу окуганбыз. Ошол жолугушуудан кийин үй-бүлөбүз менен такай катышып жүрдүк. Ал театрда 16 жашынан иштеп, обончу, аткаруучу катары жашынан элге таанылган. Андагы шарт да башка эле, бардык кыйынчылыктарга карабай балдарын бооруна кучактап жүрүп эл кыдырып ырдап, элдин жүрөгүнө жетти. 5 эркек, 3 кызын ошентип чоңойткон. Анын бир бактысы ыр болсо, экинчи бактысы балдары эле. “Энеме”, “Узатаарда”, “Кызыл өрүк”, “Чабанга”, “Чабандын болдум эрмеги” “Табар элем бир паста”, “Түш көрүүдөн жададым”, “Кыйылып турам”, “Кош дебечи”, “Фрунзенин оттору” аттуу обондорун мыкты жараткан. Айрыкча “Кызыл өрүк” деген ыры азыркыга чейин ырдалып, жаңы муун жаңыча алып чыгып жараштырып ырдап жүрүшөт. Жакшы ыр эскирбейт деген чын.
Канымгүлдүн өмүрүндөгү бир өкүнүчү ден соолугунун начарлап калганына ичим кейийт. Ага бийик тоолуу жердин шартында жашоого болбой калып, маданият министрлиги тарабынан өтүнүчү эске алынып, борбор шаарыбыздан үч бөлмөлүү үй берилген эле. Жаңы үй алып сүйүнгөнү менен көп өтпөй эле 39 гана жашында келбес сапарга кете берген.
Мен ошол акыркы күндөрү анын жанында болдум. Бирок арман, ошол эң акыркы күнү “үйгө барып келе коёюн” деп кете калгам. Ошонун эле алдында “Жаңы обон чыгардым эле, ыр чыгарып ырдап жүрчү” деп ал обонун мага бир нече ирет кайталатып, үнүмдү да уккан болчу… Үйгө жетерим менен артыман жаман кабар келди…
Аттиң арман, жаш кетти… Кийин мен ошол обонду унутпай кыңылдап жүрүп, көкүрөгүмө жатталып калды. Анан төмөнкүдөй ыр саптары жаралды:
Обонуң мага арнаган болду белек,
Сен жокто кадимкидей сезем жөлөк.
Оо, курбум, ошондогу ишенич сөз,
Акыркы керээз сөзүң болсо керек.
Сөзүңдү мончок кылып тагынамын,
Сыймыктуу талантыңа багынамын.
Күлкү, ырга маашырланып бирге өскөн,
Күндөрдү Канымгүлүм, сагынамын.
Балачак, балапан кез баштан өткөн,
Баркына ал кезектин кимдер жеткен,
Моюнга кызыл жагоо тагынышып,
Эскерем, мектебимди бирге өскөн.
Арманды азыр деле айтам ушу,
Сен элең кыргызымдын булбул кушу.
Ыбырай-чоң атаңдан таалим алган,
Жарышта ташыркабас, дулдул кызы.
Иш менен башка шаарга барып калсаң,
Кубулжуйт жүрөк козгоп “Кызыл өрүк”.
“Өнөрлүү өлбөйт” деген алтын сөз да,
Калыпсың өлбөс болуп сен түбөлүк.
Мен Канымгүлдүн керээз сөзүн аткара албаганыма күнөөлүүдөй болуп, бушайман болуп жүрдүм. Бир күнү ушул саптарды обонго салып, үнүмдү акырын чыгарып, ыйлап да алдым. Кайра сооронуп, баягы обон экенин биле коюп сүйүнгөнүмдү айтпа. Жеңилдегендей да боло түштүм, саатты карасам түнкү 04.00. Таң атайын деп калыптыр. Ошол таңда өзүмдү абдан сергек сезип, Канымгүл экөөбүздүн бирге жүргөн күндөрүбүздү эстеп, жүрөгүмдөн өткөрдүм. Анын 60тан ашык обондору жазылып калды. Анын ырын кимдер гана сүйүп ырдабаган! Канымгүл кыргыз элинин нукура таланттуу кызы. 2001-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебине Канымгүл Досманбетованын ысымы коюлду. Бул сый Канымгүлдүн талантына болгон элдин урматы. Анын аты чоң ызааттоого татыктуу. Мындай асыл адамдар дайым эле жарала бербейт, ошондуктан унутпай, эскере жүрүү ыйык парз.
Калима КЕРИМКУЛОВА, жогорку катего-риядагы врач-педагог,
“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.07.2009-ж.