Кыргыз тили кырк жылда да оңолбойбу?
Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына арналган салтанатта өлкө башчысы тил үйрөтүүнүн заманбап усулдарын жана ыкмаларын иштеп чыгууга көңүл буруу керектигин белгиледи.
Президент Курманбек Бакиев мамлекеттик тилдин 20 жылдык салтанаттуу иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз тилинин күңгөй-тескейине, келечегине, аны өнүктүрүүдөгү айрым тоскоолдуктарына токтолду. Анын пикиринде жаш жеткинчиктерге эне тилин бала бакчалардан баштап окутуу зарыл:
–Сыртын көргөндө эле өзүнө тартып ала тургандай кыргызча жомок китептер, журналдар керек. Менимче бул жагынан биз мактана албайбыз.
Өлкө башчысы белгилегендей, башка улут өкүлдөрүнө кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү боюнча усулдук ыкмалар мамлекеттик стандартта сунушталып жатканына оң жооп табуу кыйын. Анын айтымында, кыргызча көркөм адабияттын, окуу китептеринин тартыштыгы оор маселе болуп калууда.
Филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаеванын пикиринде, кыргыз улутундагы айрым ата-энелердин кайдыгерлигинен улам алардын балдары эне тилинде сүйлөөнү каалашпайт.
– Ар бир баланын тили үйдөн чыгат. Эне тили деп бекер айтпайт. Ошол үйүндө кыргыз ата-энелер болуп туруп орус тилинде балдарын тарбиялап, орус тилинде окуткан адамдар бүгүнкү күндө толтура. Экинчиден, кыргыз тилиндеги китептер жетпей жатат деген бул ар кандай шылтоо. Китепти бардыгына жеткирүү керек бирок, 20 жылдан бери реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү колдонсок болмок.
Жарандык коомдун өкүлдөрү жалпы билим берүү мектептеринде кыргыз тилинен сабак берген мугалимдердин жетишсиздигинен, эне тилиндеги окуу китептердин тартыштыгынан улам билим берүү деңгээлинин төмөндөп кеткенин айтышууда.
Айрым талдоочулар кыргыз тилин үйрөтүү боюнча усулдук китептер чыгарылганы менен алардын татаалдыгынан улам башка улуттун өкүлдөрүн окутуу кыйынчылыктарды туудурарын белгилөөдө. Алардын баамында, эне тил окуу китептери балдар үчүн эмес, тил адистерине ылайыкташтырылып жазылган.
Филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев болсо мурдагыга караганда кыргыз тилиндеги окуу китептер чыгарылып жатканы менен дале болсо каражаттын тартыштыганан бардык мектептерди эне тил китеби менен камсыз кылууга мүмкүн болбой жатканын айтат:
–Кийинки убактарда кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө жакшынакай окуу куралдар чыгып жатат. Сөздүктөр абдан көп чыгып жатат. Абал мурдагыдай эмес. Албетте кыргыз тилин башка улуттардын өкүлдөрүнө үйрөтүү боюнча ийкемдүү усулдар менен жабдуу жагынан аксап жатканыбыз чын.
Президент Курманбек Бакиев өз сөзүндө 2008-жылы Ишенгүл Болжурова билим жана илим министри болуп турганда анын өтүнүчү менен өкмөттөн зарыл болгон окуу китептерин басып чыгарууга 100 млн.сом бөлгөндүгүн эске салды. Андан тышкары, 2009-жылы каржы министрлиги ушул эле максатта кошумча түрдө 94 млн.сом бөлгөн, бирок ушул күнгө чейин анын 42 млн.сому гана пайдаланылган. Бул каражаттарга чыгарылган 34 миң китеп таратылбай кампаларда жатканын белгилеген өлкө башчы Билим берүү жана илим министрлиги бул фактылардан тиешелүү жыйынтык чыгарышы керектигин баса белгиледи.
К.Бакиев убагы келгенде расмий документ алмашуулар, бардык деңгээлдеги расмий жолугушуулар кыргыз тилинде жүргүзүлө тургандыгын билдирди. Анын баамында, учурда жалпыга маалымдоо каражаттары эне тилиндеги аталыштарды, терминдерди, түшүнүктөрдү ар башкача жазып, теле-радиолордо түшүнксүз сөздөр менен сүйлөмдөр айтылып, көпчүлүктүн башын айлантууда.
Айрым адистердин айтымында, эне тилди өнүктүрүүгө жалпы коомчулук жапа тырмак аракет кылышпаса, жогорку кызматтагы “атка минерлер” жоопкерчиликтүү мамиле жасабаса кыргыз тили кырк жылда дагы оңолбойт.
Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 23.09.2009-ж.