Ник Мегоран: Кыргыз тили жоголбойт

Кыргыз тили колдонуудан чыгып, башка тилдерге сиңип кетет деп кооптонууга негиз жок, дейт Ош жергесинде сапарлап жүргөн Улуу Британиядагы Ньюкасе (NewcasHeu) университетинин изилдөөчүсү, саясий география илиминин доктору Ник Мегоран.

– Ник мырза, өзүң тээ алыскы Улуу Британиянын жараны болсоң, кандай зарылчылыктан улам кыргыз тилин үйрөнүп калдың?

– Мындан он жыл мурда Кыргызстан жөнүндө илим жактагам. Жумушума байланыштуу карапайым калк менен мамиле түзүүм зарыл эле. Себеби ошо кезде элеттегилер орус тилин жеткиликтүү түшүнчү эмес. Мындан тышкары Фергана өрөөнүндө изилдөө жүргүзүү тил билүүсүз кыйын экен. Ошондуктан кыргызчаны жана өзбекчени өздөштүрүүгө ыктадым. Ошондой чечкениме эмдигиче өкүнбөйм. Анын үстүнө кыргыз тилинин грамматикасы оңой турбайбы. Кыйналган жокмун.

– Кыргыз тилинин улуулугу жана баалуулугу эмнеде деп ойлойсуңар?

– Менимче, ар бир тил өзүнчө баалуу. Бирок канча тил билсең, жан дүйнөң ошончолук байыйт эмеспи. Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу же төмөндөтүү кыргыз калкына гана тыгыз байланышкан. Карасаңар, кыргыздар нечендеген кылымдар бою канчалаган каада-салттарын көөнөртпөй сактап келатат.

Мына, «Манас» эпосу дүйнөлүк дастандардын туу чокусуна айланды. Анын менен бир эле кыргыздар эмес, бүтүндөй адамзат сыймыктанат. Ошондой эле төкмөчүлүктү алалы. Бул өнөрдү тутунгандардан мага Жолболду Алыбаевдин ырлары абдан жагат. Изилдөө учурунда ал чыгармалардын мага куп пайдасы тийди.

Ушундан улам кыргыздардагы төкмөчүлүк өнөрдүн да жер жүзүндө теңдеши жок дээр элем. Эгерде кыргыз тилин билбесем, жогорудагы көркөм дөөлөттөр мага жана менин мекендештериме жабык бойдон калат эле да.

– Балким, кабарыңар бардыр. Кыргызстанды жетектеген айрым адамдар, мисалы, премьер-министр Игорь Чудинов мамлекеттик тилди таптакыр билбейт. Бул жерде мыйзам одоно бузулуп жатпайбы. Силердин өлкөдө ушундай жоруктарга жол берилеби? Дегеле ушуга көз карашыңар кандай?

– Бул жерде салыштырып айтуу кыйын. Анткени мамлекеттерибиздин тарых-таржымалы башкача. Маселен, Улуу Британияда англис тили жогорку даражада жана бардык чөйрөдө кең-кесири колдонулат. Ушундан улам бир окуя эсиме түшүп атат.

Мен 1998-жылы Нарында жашап калдым. Ошо мезгилде Бишкеке барганда абдан кыйналат элем. Себеби тургундардын көпчүлүгү, анын ичинде орустар да, кыргыздар да орусча сүйлөшчү. Азыр акыбал таптакыр башкача.

Өткөндө борборго тийсем, кыргыздардын көпчүлүгү бири-бири менен жалаң эне тилинде мамилелешип калыптыр. Арийне, бул жылыш эмей, эмине? Ал эми өкмөт башчы Игорь байке туурасында мен эч нерсе дей албаймын.

– Билишибизче, кыргыз-өзбек чек ара көйгөйлөрүн да иликтеп жүрчү элеңер. Аны улантып жатасыңарбы?

– Коңшулаш эки мамлекетке визасыз эле каалашыбызча каттап турат элек. Өзбекстанда кыргыздар, тескерисинче, Кыргызстанда өзбектер көп. Ошого жараша досторубуз арбын болчу. Чек аранын пайда болушу менен калк чындап кыйналды. Барып-келүү бир топ кыйындады. Ошондой эле милиция же чек ара кызматкери ары-бери өткөн сайын акча сураганга ыктады.

– Эмне, чет өлкөлүктөргө Өзбекстанга каттоо мурдагыдан кыйындадыбы?

– Кыргызстанга киргенге карганда Өзбекстанга барыш, чынында, кыйын. Бул жерде бардыгы чоңдордун саясатынан көз каранды. Учурда Өзбекстанда кырдаал курч. Аны жумшартыш оңой эмес. Дүйнө бир калыпта кармалып турбайт да. Ошентсе да, болочокто бардыгы нукка салынат деп ишенем.

Серепчилердин баамында, дагы эле өлкөдө орус тили үстөмдүк кылууда. Мындан тышкары эл арасында башка тилдерди, маселен, англис, кытай, француз, немис тилдерин үйрөнгөндөр көбөйдү. Мындай жышаан кыргыз тилинин бара-бара колдонуудан чыгуусуна шарт жаратпайбы?

– Мен дээринен мындай пикирге кошулбайм. Кыргызстанга адеп келгенимде бардыгы орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн абдан чайналчумун. Азыр көрнөк-жарнактар, башка расмий документтердин басымдуулугу кыргызчаланып атыптыр.

Бул жакшы жышаан. Мындан ары жергиликтүү окумуштуулар да изилдөөлөрүн кыргыз тилинде улантса, кыргыз тили эч качан жоголбойт. Ошондой эле чет тилдерин көбүрөөк үйрөнүүдөн чочулоонун кажети жок. Көп тил билген адам эзели күйбөйт. Бирок ошол эле учурда эне тилин унуткандарды да кудай кечирбейт.

Соңку учурда жергиликтүү адистер Кыргызстандын түштүк тарабында кыргыз тили өзбек тилине сиңишип баратат деп тынчсызданууда. Изилдөөчү катары силердин пикириңер кандай?

– Кыргыз тили түрк тобуна кирет эмеспи. Ошол себептүү түштүктөгү кыргыз тилин өзбек тилине көбүрөөк окшоштурушат. Бул табигый нерсе. Анткени эки эл эчен кылым жанаша жашап келатат. Ал эми түндүктүк кыргыздардын тили, байкасаңар, казактардыкына окшошот.

Өлкө борбору Бишкекке ирегелеш тургандыктан, алар «биздики нукура кыргыз тили» деп мактанышат. Эгерде тарых башкача болуп, мисалы, баш калаа Ошто жайланышканда, түштүктүк кыргыздар «накта кыргыз тили биздики» деп айтышмак.

Демек, бардыгы саясат менен чырмалышкан. Канткен күндө да, тил деген музейде турган буюм эмес да, туурабы? Жаралган бойдон эч качан өзгөрүлбөгөн тил жок дүйнөдө. Ошондуктан кыргыз тили да эзели жоголбойт. Заманга жараша өзгөрүп турушу ыктымал. Таптакыр өзгөрбөгөн тил өлгөн тил катары эсептелинет.

Өлкөдө «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын жыйырма жылдыгы белгиленүүдө. Ушу майрам арапасында кыргызстандыктарга эмне кааламакчысың?

– Кыргыздар ылайым улуу Манастын тилин көз карегиндей сактап жүрсүн! Кыргыз калкын Кудай жана жалаң жакшылыктар коштосун! Бул аруу тилектеримди «Азаттык» үналгысы аркылуу эл-журтка жеткирип коюуңуздарды өтүнөм.

– Ник мырза, маегиңер үчүн ыракмат!

Алишер Токсонбаев, “Азаттык”, 23.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.