«Кинопоезд» Кыргызстанга келатат

Кыргызстанда 25-сентябрдан 1-октябрга чейин дүйнөлүк жаш кинодокументалисттердин “Кинопоезд” иш-чарасы өтөт.

Бишкекте өткөнү жаткан “Кинопоезд” иш чарасына КМШ мамлекеттеринен жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн кинорежиссерлор, операторлор жана сценаристтер келатышат. Алар Кыргызстандын жер-жерлеринде болушуп, кыргыз эли, жери тууралу документалдуу кинотасмаларды жаратышмакчы.

Негизи бул демилге Орусиянын “Миру мир” кинокомпаниясы тарабынан көтөрүлүп, былтыр “Кинопоезд” Владивостоктон Москвага чейин жүргөн. Бул маданий саамалык жөнүндө “Азаттыкка” Кыргызкино департаментинин директору Абибилла Пазылов буларды маалымдады:

– “Кинопоезддин” катышуучуларынын көпчүлүгү Орусиянын жогорку кинематография институттарын аяктап, ар кайсы өлкөлөрдө иштеп жаткан жаш киночулар. Ошондой эле Бишкекке Швециядан, Финляндиядан, Италиядан, Европанын дагы бир катар мамлекеттеринен жаш кинематографисттердин келиши күтүлүүдө. Алгач Кино үйүндө  Кыргызкино өкүлдөрү менен, андан кийин студенттер менен жолугушуулар өтөт. “Кинопоезддин” коноктору Кыргызстандын белгилүү кооз-кооз жайларында болушат. Ал жактарда айрыкча карапайым эл менен жолугушуулар пландаштырылууда.

“Кинопоезд” эл аралык иш чарасына Кыргызстандан жаш кинорежиссер Нурбек Болотов да катышат. Нурбек Болотов буга чейин “Салбуурун” документалдуу кинотасмасын жаратып, фильм бир топ эл аралык сыйлыктарга арзыган. Учурда кинорежиссер “Санта Клаус үчүн транспорт” кинотасмасын тартып жатат. Ал эми “Кинопоездде” Нурбек Болотов дале болсо “Салбуурундагыдай” жана “Санта Клаус үчүн транспорт” документалдуу тасмасындагыдай кыргыз элинин абалтан келаткан жашоо турмушун  чагылдырган эмгектерди жаратмакчы:

Биз “Салбуурунда” илбирстерди, текелерди 4200 км бийиктиктен тарттык. Эми мен “Кинопоездде” Кыргызстандын дагы ажайып жайларын, тоолорун тартсам деп турам.

“Кинопоезддин” былтыркы жүрүшүндө жаралган бир топ кинотасмалар дүйнөлүк эл аралык фестивалдарга чыкты. Ал эми 25-сентябрдан Кыргызстанда тартыла баштай турган Кыргызстан тууралу даректүү тасмалардын келечеги жөнүндө Абибилла Пазылов учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи:

Биздин “Кинопоезддин” катышуучуларынан, “Миру мир” кинокомпаниясынын жетекчилигинен өтүнүчүбүз ушул – Кыргызстан тууралу тартылган кинотасмалар бизде – Кыргызстанда да көрсөтүлсө. Ошол тасмалар Ысык-Көл кинофестивалына, дагы башка дүйнөлүк кинофестивалдарга катышса деп сүйлөшүп жатабыз.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 24.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.