Д.Сарыгулов: “Кыргыз этникалык топтордун санына кирип калганбы?”
Редакциядан: “Назар” газетасынын 2009-жылдын 8-сентябрындагы №22-санына К.Субановдун “Улутка чакырык” аттуу чындыкты бетке чаап, көзгө сайган макаласы жарыяланган.
Макала кыргыздын келечеги үчүн чындап күйүп-бышкан инсандар арасында чагылгандын огундай чарт эткен таасир жаратса керек. Эртеси эле Тенти Орокчиев аттуу чыгаан журналист агабыз үн кошкон макаласын жазып келди. Ал гезитибиздин 18-сентябрдагы №24-санына жарыяланды. Макаланын мазмуну белгилүү коомдук ишмер, кыргыз десе каруусун казык, канын азык кылууга даяр Дастан Сарыгуловдун да намысын козгосо керек, ал киши да пикирин билдирди. Төмөндө ошол маек.
– Катардагы окурманыбыз Кален Субанов “Улутка чакырык” таштаган катында Кыргызстандын алдыдагы өнүгүүсүнө зор кооптонуу айтып жатат. Анын минтип тынчсыздануусунун жөнү канчалык олуттуу деп эсептейсиз? Автор акылга караганда сезимге алдырып жаткан жокпу?
– Союз урагандан кийинки 18 жылда биринчи жолу “Назар” гезити биринчи бетине “Улут” деген сөздү бадырайтып басып чыкты.
Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарын айтпай эле коелук, алыскы Ат-Башы, Алайдагы айтылган сөздөрдү катуу көзөмөлдөп турган Москванын бийлиги урап, жок болсо да, “улут”, “улутчул” деген сөздөрдү гезит бетине эмес, оозго алгандан кыргыз бүгүн да коркот.
Жетимиш жыл КПСС доорунда улутка күйгөн далай эр-азаматтар Сибирге айдалып, атылып, камалып, куугунтукталып келди.
Улут тамырын балталап, жок кылуу саясаты атайын иштелип, мамлекеттин бүткүл күч-аракети менен ишке ашырылып турду.
Кыргыздын аң-сезимин “уулантып”, жан дүйнөсүн “курттанткан” саясаттын “түшүмү” дагы деле мол болуп, кыргызды маңкуртчулуктун кара баткак сормо сазынан чыгарбай жатат…
Өз улутун унутуп калган кыргызды ойготуш үчүн гезиттер күндө “Улутка чакырык” менен кайрылса да абал оор бойдон кала берет…
– Учурдан пайдаланып окурмандарыбызга кыргыз элинин улуулугу жөнүндө эскертип өтсөңүз. Биз кандай улуу эл экенибизди билбегендер дагы бир ирет аңдап-билип алышсын.
– “Көк Асаба” гезитинин 5-май күнү чыккан санында кыргыздын улуулугунун 17 талашсыз белгилерин айтып бердим эле.
Дүйнө жүзүндө кыргыздан башка дагы кайсы эл түпкү бабасынын ысмын Непал, Индия, Кытай, Алтай, Кавказ, Борбордук Азиянын даңазалуу, даңктуу дарыя, чоку, көлдөрүнө койдура алган? “Илиададан” 40 эсе, “Махабхараттан” 2,5 эсе көлөмдүү дүйнө жүзүндө теңдешсиз “Манасты” эмне үчүн кыргыз гана айта алат?
Кайсы эл милиция, прокурорлору, жазылган мыйзамдары, жесир, жетимдери, таштанды балдары, кароосуз калган кемпир-чалдары, түрмөлөрү жок эле дүнүйө-мансаптын кулу болбой, кулчулдук, феодал ыплас доорлорду билбей, бай-кедейге бөлүнбөй, “эл байлыгы-адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат”, “эркек-сел, аял – көл”, “аял – үйдүн куту, шам чырагы,тилеги”, “кыздын кырк чачы улуу, ал үйдө мейман” деп, аялды кемсинтпей, малды теппей, чөптүн убалын билип, жерди, сууну “ыйык” деп кабыл алып, ага кесир мамиле кылбай, табият менен ажыратылгыс бирдикте, эриш-аркак, чеп, дубал, сепил курбай, миң жылдар бою боз үйдө, кереге, кийиз артында эле жашап келе алган?
Эки миң жыл мурун эле “адамзатты акыр замандан Манас элинин урпактары сактап калат”-деп бекеринен жазылбаптыр да!!
Бул учур келди, 2012-жылдан баштап кыргыздын касиети бөлөк элдерге жайылып, 2016-жылы дүйнө элдери кыргыздын рухий аруулугун таанып, ээрчий баштайт…
– Өлкөдөгү азыркы рухий маңкуртчулукту токтотуунун кандай саясий жолдорун сунуш кылаар элеңиз?
– “Саясий жолдор” менен бул маселе чечилбей калды окшойт…
Канча жылдар бою саясатчылар элди алдап келатышат. Саясаттан элдин көңүлү калды го.
Көлдөй көз жаш, дарыядай кан төгүп, миң жылдар бою бабаларыбыз Ата-Мекенибизди коргоп, сактап, бизге мурастаганын билбей, баалабай, унуткан маңкуртчулук кыргызды бакубат турмушка жеткизеби? “Оюң оңолмоюнча пейил оңолбойт, пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт”-деп илгери эле айтылган экен.
Өзүн, жеке кызыкчылыгын мекен, улут, арбак, бабалардын рухунан, ыйык мурасынан өйдө коюп, бийик баалаган доор балдарыбыздын келечегин да аймап жутуп койчудай болду…
Мал гана атасын тааныбайт, уят, намыс, абийир, ыйман дегенди билбейт, келечекке кам көрбөйт, чөпкө тойсо – ыраазы болуп, жуушап жата берет.
Наркты, салтты бийик кармаган бабаларыбыз адамды бешке бөлгөн: адам, киши, пенде, айбан, макулук-деп. Бала кезибизде көп укчу элек “Качан адам болосуң”-деген улуулардын сөзүн.
Маңкуртчулуктан тазаланмайынча, рухий кулдуктан чыкмайынча, маданий “селсаяктыкты” токтотмоюнча адам бийиктигине көтөрүлө албайбыз, Кыргыздын улуу мурасын сактап, улай албайбыз.
– Сиз “кыргыз улутунун 2 миң жылдан берки гана тарыхы бар” деген совет мезгилинде калыптанган түшүнүктү жокко чыгарып, аны 5 миң жылдан ары жеткирдиңиз эле. Эми ушундай улуу журт алдыдагы 20-30 жылда жок болуп кетеби? Саясий жолдордон тышкары дагы кандай иш-аракеттер зарыл?
– Ар кандай тарыхый шарттарга байланыштуу кыргыз жок болуу жолуна эки жүз жыл мурун эле түшө баштаган.
Бүгүн эгемендүү кыргыз мамлекетинин министри, депутаты, кыргыз тилин сыйлайбы, кыргызча сүйлөйбү, кыргыз тарыхын, наркын, салтын, комуз күүлөрүн, “Манасты” билеби?
Жапон, Кытай, Орус, Иран мамлекеттеринин өкмөт башчысы жапон, кытай, орус, иран тилин билбегенин элестете алабызбы? Элестетмек түгүл, мындай шумдук ойго да келбейт. Дүйнө жүзүндө жалгыз гана Кыргызстанда кыргыз тилин билбеген, билгиси да келбеген, улуту кыргыз эмес адам өкмөт башчысы болуп дайындалышы жок болуунун накта белгиси да.
– Президент Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөгөн сөзүндө минтип айтты: “Биз, ар башка социалдык жана этникалык топтордун өкүлдөрү бул өлкөдө, бул жерде кантип жана эмне үчүн жашап жатканыбызды айкын түшүнүүбүз зарыл”-деп.
Кыргыз мамлекетин түзүп, курган кыргыз эли өлкө элинин 69% түзсө да “этникалык топтордун” санына кирип калдыбы же Президент өзүн этникалык топтордун өкүлү деп айтып алдыбы?
– Котормодон ката болуп калдыбы деп, мен орус тилинде жарыяланган сөзүн карасам, ал жерде да ушундай мааниде жазылыптыр.
Сөзүн даярдагандар өздөрү жөнүндө айтышса керек деп ойлоп калдым.
– Улуттун улуулугун сездирейин деп канча жылдан бери мээнет жумшап жатасыз – ойгоноюн деген кыргыз байкалбайт го? Бийликтин кызыл камчы башкаруу ыкмасы элдин, улуттун намысын биротоло мокотуп таштадыбы? К.Субанов да жаны ачыганынан “Улутка чакырыгын” жазды окшойт. Эми эмне кылсак? “Мен кыргызмын” деген төш белги тагынып алгандан иш бүтпөйт окшойт?
– Бийликтин башкаруусу жок нерсени кантип мокотот? Намыс айрым гана мекенчил, улутчул атуулдарда болбосо, жалпы элде жокко эсе. Болсо, кыргызды сыйлабаган, кыргыз болуп, кыргызча сүйлөй албаган депутат, министрлерди өлкө башкаруусуна жолотпой, эбак эле кызматтан сүйрөп, алып түшөт эле да?!
Төш белги сунушу да батыш элдерин туурагандын белгиси.
Ак калпактын үстү – Ала-Тоону, Мекенибизди туюндурат, кыры – Ала-Тоону мекендеген кыргыз элин элестетет. Ошол үчүн, кыргыз баш кийимин төмөн койбойт, бирөөгө бербейт, башынан албайт (Мекен менен элин ыйык деп эсептебегенге кантип жол берет?).
Манас бабабыз кийген ак калпакты кыргыз бүгүн кийгенден арданып калганы- Мекенин, өз улутун тааныбай калгандын белгиси да. Жүрөгүбүздө Ата-Мекен, кыргыз улуту, эли деп күйгөн от эбак эле өчүп калбадыбы?…
Төш белги ошол отту жүрөгүбүздө кайра жандырып, күйгүзө алабы?
Улуттук эс-тутумду жоготуп койгонубуз үчүн бейиштин төрүндөй Теңир-Тоодо жетим, өз өлкөбүздө өгөй, улуу бабаларыбыздын арбактарын кордоп, өзүбүз да кор болуп, көзү көрсө да сокур, кулагы укса да дүлөй, тили сүйлөсө да дудук болуп жүрбөйбүзбү, ынтымак-биримдикке келе албай.
Ар бирибиз кыргыздын улуу касиетин, асыл наркын, салтын, керемет рухун туу кылып көтөрүүнү өмүр максаты деп тааныганда гана абалыбыз оңолот.
Суроо салган Машакбай РАХМАНКУЛОВ
P.S. Кызматка жеткенге чейин, мурда кызматта жүргөндө деле “Кыргыз” деп кыйкырып жүрчү эр-азаматтар, силер барсыңарбы деги. “Ии-и, баягы бар экен” деп калышсын, үн кошкула. Же сөзсүз эле атыңарды аташ керекпи? Атап коюш колдон келет…
“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.09.2009-ж.