Кыргыз жыттанган Боз үй

Кыргыз элинин ак өргөөсү аталган боз үйдүн жасалышын, тигилишин көрүп-билип жүргөнүбүз менен анын бөлүктөрүнүн аталышы, эмнеден жасалаарын кийинки жаштар биле беришпейт. Боз үй тигилет десе дароо жамандыктын болгонун баамдап калаарыбыз да ырас. Ал эми байыртадан бери ата-бабабыздын каны менен жаралган устачылык, зергердик өнөрдү азыркы убакта да улантып келе жаткан инсандарыбыз жок эмес. Нарын облусунун Ат-Башы районунун кулуну Каныбек Азизов атасынын жолун жолдоп, устачылык өнөрүн элге арнап, бир нече боз үйдүн ээси аталганына күбө болдук.

Өмүр менен кошо жаралган өнөр
Биринчи классымдан баштап эле атама жардам берип чоңойдум. Атам кырк жыл зергердик өнөрдү аркалап иштеген. Алгачкы өзүмдүн эмгектерим, майда-барат, сөйкө, шакек, атка така жасагандан башталган. Атам эмне буюм жасаса ошону кармалашып жүрүп, устачылыктын сырын үйрөндүм. Устачылык мени менен кошо жаралган өнөр. Ар бир эркек мык какканды, там салганды милдеттүү түрдө билиши керек деп ойлойм.

Боз үйдүн сөөгүн кантип жасаш керек, эмнеден жасалаарын атамдан толук үйрөндүм. Бир күнү атама көрсөтпөй эки түндүк жасагам. Баары даяр болгондо үйгө алып барсам “Ушуну сен жасадыңбы? Эми сен менден да жакшы жасап калган турбайсыңбы” деп ошондон кийин түндүк жасабай койду. Мен анда болгону 25 жашта болчумун. Андан кийин боз үйдүн башка бөлүктөрүн жасай баштадым. Боз үй жасап келатканыма он беш жылдай болуп калды. Бардыгы болуп кырк боз үй жасадым. Атам боз үй жасоо боюнча кыска метраждуу фильмдерге тартылып, элге белгилүү уста катары таанылгандыктан, мага азыркы тил менен айтканда жакшы реклама болду. Атамдын көзү өткөндөн кийин “каап, ошол кишинин көзү тирүү кезинде боз үй жасатып алсак болмок” дешип, кийин менин ата жолун улап боз үй жасаарымды биринен-бири угуп, азыркы күнгө чейин кайрылып жатышат. Турусбек Мамашев “Дасмиянын” жетекчиси болуп турганда алты канаттан турган үч чоң боз үйдү жасап бергем. Азыр ал боз үйлөр Бишкектин нымдуу абасына чыдабай алынып салынган. Алардын ордуна таш боз үйлөрдү тургузушту.

Негизинен мен боз үйдүн сөөгүн гана даярдап жасайм. Ошентсе да көпчүлүк кардарлар жабдууларынан бери толук боз үйдү заказ кылышат. Бизде Нарында атайын жабдуулар менен иштеген адамдар бар. Биз алар менен байланышта болуп, бири-бирибизге жардам беребиз. Алты канаттуу чоң боз үйлөргө караганда төрт канаттуу боз үйлөр “стандарт” катары кабыл алынып, көпчүлүгү төрт канаттууларга басым коюшат.

Төрт канат боз үйдүн жасалышы
Төрт канат боз үйгө – 4 канаттуу 4 кереге, ар бир башы 15тен 60 баш, эшик уугундагы 5 башты кошкондо жалпысы 65 баш канат кереге болот. Эшиги -босого таяк деп аталат. 65 уук, түндүк, боолору өткөрүлүп тигилип, уук боо, уук тизгичтер менен боз үйдүн сөөгү бекийт. Анын сыртынан эки канат чий атайын каланат. А чий калагандан соң чий менен согулган эшик жабуу кетет. Эки жабык башы эки канат чийдин үстүнкү бетинен жабылат. Андан кийин төрт канат туурдук, алдыңкы-арткы үзүк жабылат. Ошону менен боз үй толук жабылып бүтөт. Түндүк жабуусу кетет да өрнөк сокмолору, боолору менен кооздолот. Толугу менен төрт канат боз үйдү бир жайда бүтүрүшөт. Боз үйдүн сөөгүнөн да анын жип-шууларына убакыт көп талап кылынат. Анткени ал кыз-келиндердин майда иши.

Боз үй десе эле жамандыкты элестетишет
Жаңы конуштар атайын прокатка бергенге мага боз үй жасатышкан. Бейшенбек Абдразаков Токтобаевич жаңы конуштарга демөөрчү болуп төрт канаттуу жети боз үйдү жасатып берди. Жамандык, жакшылыкка керек болбой койбойт. Кээде боз үй табылбай калып, үч күнгө чейин жаназасы окулбай калгандар да болгон. Боз үй десе эле жамандыкты элестетишет. Негизи боз үй илгертеден бери эле тойлордо, майрамдарда колдонулуп келген.

Боз үй үчүн короого тал тигем
Боз үй негизинен талдан жасалат. Талдын түрлөрү – эчки тал, ак тал, турпан тал, сөгөт тал. Эчки талдан боз үй жасалбайт. Ал жапыс өскөн жапайы тал. Турпан тал атайын боз үйгө деп тигилип, эң ылайыктуу бышык болот. Сөгөт тал абдан сулуу, түз өсөт. Бирок кичине морт болгондуктан андан көп жасашпайт. Жасаган күндө дагы сапаты начар болуп калат. Ак тал тоодо өскөн, жапайы катуу бышык болот. Негизи боз үйдү ак тал менен сөгөт талдан жасашат. Атайын боз үй үчүн короомо турпан тал тигип, ошондон жасайм. Токмоктон атайын алып келип, бир жылда эки жолу, июль айында анан октябрда кыркып алып турам. Талдар сууну көп талап кылат. Боз үйгө бир да мык, темир аралашпаганына чет өлкөлүктөр таң калып, суктанышат. Жалаң жыгач, кайыш, жиптер менен бекемделип, клей, боёктор керектелет. Илгеркилер жошоо менен боёшкон. Ал колго жукма болгондуктан азыр кадимкидей сыр менен сырдайбыз.

Боз үйдү кантип сактоо керек?
Боз үйдүн пайдасы абдан көп. Ал өзү таза экологиялык каражаттардан жасалгандыктан эч кандай химикаттар, зыяндуу заттар кездешпейт. Чыныгы табигаттын жандуу талдарынан, кийизден, жыгачтан жасалгандыктан зыяны жок. Учурда Бишкектин нымдуу абасына ылайыктап жаңы “жинсы” сыяктуу ак материалдарды атайын колдонуп жатабыз. Себеби, өтө ысыктан, нымдуулуктан кийизди күбө жеп салат. Эми техниканын өнүккөн заманында акыркы жабдууларды колдонсок болот. Боз үй өтө ысык, нымдуу жерге сакталбаш керек. Өзүнүн ыгы менен иреттеп чечип, бекем таңып, ууктун алаканын жерге, башын өйдө каратып дубалга жөлөп коюш керек. Уукту узунунан жерге таштабайт. Түндүктү өйдө илип, керегелерди узунунан тургузуп, салкын, кургак жерге сактаса көп жылга чыдайт.

Тирүү адамды өлтүрүп…
(Күлүп)Бир жылдары кышында боз үй сатканы айылга барып калдым. Анан аны элге көрсөтүш үчүн тигип туруп “реклама” кылыш керек да. Таабалды деген жездемдин короосун тазалап боз үй тиккенге даярдап жатсак, бир таанышы көрүп калып “Ий Таабалдыныкында боз үй тигилип жатат. Эмне жамандык болуптурбу?” десе, тамашалап “Ооба Таабалды кайтыш болуптур” деп коёт. Элдин баары “жаман болгон турбайбы, эми боз үйү тигилип бүтсүн анан көз көрсөтүп баралы”, деп жатышса эле ары жактан Таабалды жездем чыгып калып, чогулгандар таң калып, эч нерсеге түшүнбөй калышат. Иштин жайын түшүнүшкөндөн кийин кыраан-каткырык “дуу” жаңырып, “Таабалдынын өмүрү узун болот экен” дешип үйлөрүнө тарашкан. “Айылга жөн келип, жөн кетпейсиңби” деп жездем күлө албай же ыйлай албай ыңгайсыз абалда калган.

Айнура СУЛТАНОВА, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.