Бүгүнкү күндөгү маданияттын абалы сизди канаатандырабы?
Замира Акбагышева, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти
Кыргыз Республикасынын маданияты жакшы өнүгүү жолунда. Маданият жана маалымат министри Султан Раев жакшы иштеп жатат. Маданият тармагында ар кандай акцияларды уюштуруп, ийгиликтерге жетишүүдө. Дегеле, кино тармагында болобу, театрда болобу менин пикиримде мыкты өнүгүп жатат. Ал эми эстрада жаатына кайрылсак, сан- сапатка өтөт дегендей, ырчылар улам бара- бара иргелип, сапаттуулары калат. Бүгүнкү күндө деле концерттер жүргүзүлүп, өз нугунда өтүп жатат.
Гулия Тажиева, Эл аралык “Боорукер” кайрымдуулук фондусунун президенти
Бул көйгөйлүү суроо – ар бир “Мен кыргызмын” деген инсандын жан дүйнөсүн азапка салып келет. Маданият бул элдин акыл эси, ар намысы, дил байлыгы. Маданияттын башаты- тил. Учу кыйырына көз жеткис мезгил менен мейкиндикте ай төгөрөк айланып калган бул он сегиз миң ааламда адамзат акыл- эси жараткан асыл байлыктардан азбай, жазбай өмүр кечиргенин көргөн жан бар бекен бул жашоодо? “Дүйнөдө баары өзгөрөт, өсөт, эскирет”- дешет элибизде, не деген керемет таштардан мунара курсаң да мезгил өкүмүнө тизе бүгүп, убакыт өткөн сайын бир четинен кетилип акыры алгачкы сынынан ажырашынын өзү эле табийгаттын адам пендесине баш ийбеген мыйзам ченемдүүлүгү. Абай салсак адамзат акыл- эсинен жаралган асыл керемет дөөлөттөрү гана- тил. Маданият гана көөнөрбөстүктөн куру эмес экен. Алардын бири-дили ак ниети, аруулукту сактаган, адилеттикти сатпаган, ата- бабаларыбыздын осуятталган Баба сөзү маданият. Кыргыз эли байыртадан катылганды кага билген, кыйналганды бага билген, баба сөзүн сактай билген, эне сүтүн актай билген, алтынга сатылбаган, эр жүрөк, айкөл, боорукер эмгекчил эл болгон.Бирок, азыркы мезгилде ушул сапаттар солгундап бараткансыйт. Ушул ахвалдан кантип чыгышыбыз керек?
Мисалы: Ата- бабалар бир гана жакшы сөз менен жооп берип койгон. “Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы”. Бардык нерсе бала кезден башталат. “Баланы жашынан, катынды башынан” дегендей баардык нерсе үй- бүлөдөн башталат. Адамдын жакшысы жаманы да туулганда эле байкалат.
Динара Абдыкадырова, актриса
Азыркы заманыбызда дүйнө элдерин бар кылган бул маданият. Анын катарында байыртадан бери келе жаткан көөнөрбөс улуу маданияты, мурасы, даанышман ата-бабаларыбыздан калган осуяттарга бай болгон улуу кыргыз эли бар. Учурда кыргыз маданияты өнүгүү жолунда. Эгемен кыргыз эли дүйнө коомунда орду бар өлкө десем жаңылышпайм. Бүгүнкү күндө маданият тармагында көптөгөн жаңылыктар болуп жатат. Мисалы: Казань шаарында болуп өткөн түрк элдеринин театралдык фестивалы “Науруз” болуп өттү. Бул фестивалга Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы театр жана театрдын артисттеринин каты-шуусу менен биргеликте “Учур” телетеатры, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрларынын чыгармачылык сапарындагы ийгиликтери көптөгөн театр сүйүүчүлөрүн кубандырды. Боордош түрк элдеринин башын бириктирген биздикилер сынчылардын купулуна толгудай мактоолор менен келдик. Биздин Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драм театры көптөгөн Эл Аралык фестивалдарга катышып, ошону менен бирге ийгиликтерге да жетишүүдө.Мына кыргыз маданияты өнүгүү жолунда. Алдыда да искусство адамдары ушундай талбай эмгек кылып турушса, бир гана мен эмес, маданияттын абалы баардык элди канааттандыраарлык болот деп толук ишенем.
Кожогелди Култегин, акын
Негизи менин бир ырым бар. Маданияттын алды каякта болсо, мамлекетти алдыга сүрөйт. Артта калса, мамлекетти артка тарта берет деген мааниде. Анысыңарындай, бүгүнкү күндө мамлекет жарып, алдыга кете албай жаткандыгы, мына ушул маданиятка байланыштуу. Улуу Манасты берген эл журттун маданияты кандай шартта болсо, өйдө көтөрүлүп туруш керек эле. Маданиятка мамлекеттик колдоо болбой жатат. Болсо сонун болгону турат. Бүгүнкү күндө элдин социалдык абалдары начарлары, жазуучулар, ырчылар, киночулар, сүрөтчүлөр, архитекторлор болуп жатат. Анан Кыргызстан кичине алдыга жылайын деген ниетте болсо, биринчи кезекте маданият тармагын өйдө көтөрүш керек. Маданиятсыз алдыга кетиш мүмкүн эмес.
Азамат Болгонбаев, төкмө акын
Кыргыз маданиятынын абалы, өнөрпоздор жагын карай турган болсок, өтө таланттуу адамдар көп. Бирок, колдоо, өстүрүү жагы бир аз жетишпей турат. Келечекте баары жакшы болот деп ойлойм. Биздин акындар боюнча айтсам бүгүнкү күндөгү акындардын абалы кудайга шүгүр. Айтыш “коомдук” фонду жакшы иштеп жатат. Анткени акындык өнөр -дүйнөдө материалдык эмес, “адамзаттын руханий шедеври” деген
наамды алган. Биздин эл башчыларыбыз, маданият башчыларыбыз көбүрөөк көңүл бурса, мындан да жогорку деңгээлде Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган маданият адамдары болот.
Садык Шер-Нияз, кино режиссер
Эгер толук канаатандырат деп айтсам, анда элди алдаган болуп калам. Маданият жөнүндөгү жаңы концепция иштебегендиктен ушундай абалга келип жеттик. Себеби, Советтер союзунун учурунда, бул тармак чоң мамлекеттик деңгээлде чоң жоопкерчиликке алынып, ушунчалык көңүл бурулуп келген. Эгемендүүлүк алгандан бери маданиятка талаптагыдай көңүл бурулбай жаткандыгы мени өкүнүчкө салат.
Роза Аманова,
искусство илимдеринин кандидаты
Албетте, бул маселени ар кыл тараптан карап чыгышыбыз керек. Азыркы учурдагы маданият канаа-ттандырат же канааттандырбайт деген бул туура эмес деп ойлойм. Маданияттын ар кыл багыты бар десем жаңылышпайм. Ошол багытка жараша ар кандай иш алып барылат. Адамзаттын жашоосу уланып жаткандан кийин, кандай деңгээлде болбосун маданият сөзсүз коштоп жүрөт. Мына ушундан улам:” Ошол коштоп жүргөн маданияттын акыбалы кандай?” – деген суроо пайда болот? Ар бир замандагы маданияттын акыбалы эртеңки күнү билинет- деп жооп берээр элем. Ошол деңгээлге чейин бир мисал айтсам: ” 20 кылымда 40-60 жылдар аралыгында ырчылык өнөрдү Абдырахман баштаган. Ал эми Муса, Мыскал, Атай улашкан. Бирок, азыркы кезде бул өнөр таптакыр жоголуп, башка форма пайда болду десем болот. Эмне себептен азыркы убакта ошол жылдардагы бийик деңгээлге чыга албайбыз? Бул биздин кийинки 70-80-жылдарда ошол мектепти сактай албай калгандыгыбызда. Ошондуктан бүгүнкү маданияттын абалы тактап айтканда жыйынтыгы эртең билинет. Баарын убакыт өзү көрсөтөт. Адамзат жашап жаткандан кийин, эстетикалык тарбияга муктаж болгондуктан маданият кандай деңгээлде болбосун, сөзсүз болот.
Адилет Бегалиев, тиш доктур
Менин жеке оюм боюнча, Кыргыз маданиятынын абалы кичине төмөн. Азыркы чыгып жаткан саны бар, сапаты жок ырчыларыбыз да көбөйүп кетти. Албетте, арасында таланттуу, үндөрү жакшылары бар. Кино жаатына кайрылсак деле, маани-маңызы жок тартылгандары андан көп. Азыркы кинолордун сапаты жок. Актерлору образды жеткире аткара алышпайт. Кыскасы, артистизм деген жок.
Даярдаган: Чынара Абдыкеримова,
“Арт.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.09.2009-ж.