Былтыр республиканын маданият тармагына 707 миллион сом каралган

Бүгүн мамлекеттик маданият агенттиги 2009-жылдын жыйынтыктарына арналган коллегияны өткөрдү. Анда агенттиктин директору Султан Раев былтыр маданият тармагына 707 миллион 827,7 миң сом каралгандыгын айтты. Анын айтымында жогорудагы сумманын 460 миллион 880,8 миңи республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жылдан жылга каржылоо жогорулоодо. 2007-жылы 351,9 миллион сом бөлүнсө 2008-жылы бул сумма 366,3 миллионго жеткен. Маданий жайлар, клубдар, кинотеатр, театрлар ремонттолуп калыбына келтирилүүдө. Мындан тышкары маданият кызматкерлеринин айлык акысы жогорулоодо”, – деди ал.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 18.01.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.