Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков: “Алдыда дагы көп максаттарым бар”

“Бир мамлекетти талкалайм десең, биринчи маданияттын жок кыл” деген сөз калетсиз айтылгандай. Маданият улуттун көөнөргүс мурасы, бөксөрбөс байлыгы, күзгүсү. Кыргыз маданиятына зор салым кошуп, эң мыкты деген ролдорду жаратып, мукамдуу ырларды ырдап келе жаткан талантыбыз Асылбек Өзүбеков бүгүнкү күндө да заман агымынан калышпай, өзү айткандай алдыга жакшы максаттарды коюп, кыргыз элине кызмат кылып жаткан учуру. Агайдын кайталангыс таланты, адамгерчиликтүү мүнөзү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бүгүн ал инсан бизде мейманда.

– 70-80-жылдардагыдай болуп кыргыз киносунун гүлдөбөй жатышына эмне жетишпейт, техникабы же каражатпы?
– Биринчиден каражат жетишпей жатат. Акча баарын чечет да. Каражат болсо эле мыкты кинолор тартылып, абдан жогорку деңгээлге жетишмекпиз. Кудайга шүгүр таланттуу режиссёр, актёрлорубуздан куру эмеспиз. Баарыбызга белгилүү болгондой азыр мамлекеттин казынасынан 18 млн сом кемчил болуп жатат. Мугалимдер айлык акыбызды көтөрүп бергиле деп турушат. Өкмөт өзү кайсы жагына жетиштирет. Ошондуктан, маданият кызматкерлери өз тушоолорун өздөрү кесип, аракет кылып жүрүшөт. Быйыл болбосо эмдиги жылы оңолуп, өлкө бутунан туруп кетсе анан маданият жагынан оңолоорбуз. Азырынча тынчтык гана тилеп туралы.

– Кино тармагына аралашып келе жаткан жаш кино-актёрлордун кемчилиги жана артыкчылыгы эмнеде?
– Биз жаңыдан окууну 1995-жылдары бүтүп келгенде, кыргыз киносунун алтын доору башталып, ушунчалык жаңы дем, күч менен иштегенбиз. Ал убактагы Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев сыяктуу таланттуу режиссёрлордун тарткан тасмалары тууралуу айтпасам деле белгилүү го. Азыркы жаш актёрлорго көңүл бурулбай жатпайбы. Ал эми кино дүйнөсүнө аралашып келе жаткан актёрлордун арасынан мен жаркырап күйүп кете тургандарынан саналуу гана көрүп жатам. Асема Токтобекова, Cъездбек Искеналиевдерден үмүтүм бар. Асема абдан таланттуу кыз, бекеринен аялдын образын мыкты чагылдыргандыгы үчүн деген кино сыйлыктарды алып жаткан жок да, туурабы? Ал эми кемчиликтерин айта албайм. Балким жаштардын арасынан дагы мыкты таланттар чыгып калгысы бардыр. Кыргыз эли таланттарга бай калк эмеспи.

– Азыркы режиссёрлордун тарткан кинолору сизди канааттандырабы?
– Менин билишиме караганда кино режиссёрлордон уучубуз куру эмес. Мисалы Э.Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Актан Арым Кубаттын “Свет аке”, М. Мамазаировдун “Кемпир” сыяктуу тасмалары жогору деңгээлде тартылган. Жогоруда айтып кетпедимби, каражат тарабынан гана бир аз аксап турабыз. Эгерде акчасы болсо бул режиссёрлордун шедевр жаратканга акыбалдары жетет. Ал эми жаш режиссёрлордун тарткан кинолорун көрбөйм деле. Өткөндө кино үйүндө “Кыргызстан-кыска метраждуу кинолордун өлкөсү” деген темада режиссёлордун тарткан кинолорун көрдүм. Мага жакты. Аракет кылышса баары болот.

– Маданият бүгүнкү акыбалы менен турса жок болуп кетиши мүмкүн дешет маданият кызматкерлери. Сиз кандай ойлойсуз?
– Башкасын айтпаганда, улуттук драм театрдын үч жылдан бери ремонту бүтпөй жатканы эле маданияттын акыбалын айтып турбайбы. Маданият кызматкерлери туура айтышкан, маданият бул акыбалы менен турса жок эле болуп кетет. Мамлекет кайсыл жагына жетишээрин билбей жатат. Жана айтпадымбы мугалимдерибиз минтип айлык көбөйткүлө деп жатышса, эми биз дагы маданиятка акча бөлгүлө деп турсак, ансыз деле бөксөрүп турган казынанын акчасын кайсыл жагына жетиштиришет. Кимисине тартышат?

– Чыгармачылыкта жүрүп эмнени таап, эмнени жоготтуңуз?
– Чыгармачылыкта жүрүп жаштыгымдан башка эч нерсени жоготкон жокмун. Жаштыгым мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тескерисинче көп нерсе таптым, жакшы досторду, кыргыз элине кызмат кылдым, жашоонун өйдө-төмөнүн көрдүм, жакшы адамдар менен иштештим дегендей. Кыргызстандын баардык жеринде болуп, түрдүү кишилерди кездештирдим. Бир эле кино жагында эмгектенген жокмун. Телевидениеде, театрда, санай берсем көп жерлерде иштегем. Ал жерлерге жөн эле барып, олтуруп чыгып кеткен жокмун. Колумдан келишинче аларды көтөргөнгө аракет кылдым. Көкүрөк көтөрүп, кыйратып жибердим дегенден алысмын. Баардыгын эл билет, баалайт. Айта берсем тапкан нерселер көп.

– Жашоодо сизди максатына жеткен адам деп эсептей берсек болобу?
– Жүз пайыз максатына жеткен бактылуу адам катары эсептей берсеңер болот. Жашоодо түптүз жол менен баскан жокмун. Өйдө-ылдый жолдор менен жүрдүм. Чалындым, жыгылдым, мүдүрүлдүм, жаңылдым дегендей. Жакшы-жаман адамдарга кездештим. Ар кандай сөздөрдү угуп көңүлүм ооруду, алар менен аралашып, туз-даам татып, бирге жүрдүм. Адам болгондон кийин ар кандай окуяларга кездешесиң. Кээ бирине жаман-жакшы көрүндөм. Бир сөз менен айтканда жакын досторум, жакшы жарым, үй-бүлөм, тарбиялуу балдарым, кыргыз элим бар, бактылуу адаммын. Алдыда дагы жакшы максаттарым бар. Жаш кезде мен тоодой эмгек кылдым, жетишет дебейм. Мындай-андай пландарым бар дегенден алысмын, баарын убакыт көргөзөт.

– Баардык жерде атаандаштык деген нерсе болот, сиз жетектеген театрдын негизги атаандашы кайсыл театр?
– Бул же тигил деп баса белгилеп бирөөнү көрсөтпөйм. Негизи атаандаш болбосо эч жерде өсүү болбойт. Атаандаштыктын болуп турганы абдан жакшы көрүнүш. Себеби ошолорду көрүп алдыга умтуласың, изденесиң. Менимче атаандаштык болбосо эч нерсе өнүкпөйт.

Маектешкен Баян Кулова, «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.