Эларалык “Диалог Евразия” платформасынын кезектеги конференциясы Ошто өтөт
“Диалог Евразия” аттуу эларалык платформанын Кыргызстандагы кеңсесинен “Кабар” маалымат агенттигине билдиришкендей, аталган уюмдун кезектеги жыйыны 2009-жылдын 9-декабрында Ош шаарында ОшМУнун имаратында өтмөкчү. Анда негизги тема “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” деп аталып коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы маселелерди диалог, баарлашуу, толеранттуулук, түшүнүүчүлүк жолдору менен чечүүгө арналат.
Аталган эл аралык конференция тууралуу алдын ала даярдалган маалыматта мындай деп айтылат:”Борбордук Азияда (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан) жайгашкан коңшулаш өлкөлөрдүн калкынын саны 60 миллиондон ашык. Борбордук Азиянын кээ бир региондору дүйнөдөгү калкы эң жыш жайгашкан аймакты түзөт.
Коңшулаш мамлекеттер ортосундагы күтүүсүз жаңжалдардын чыгып кетүүсүнө суу, жер, чек ара маселелеринин себеп болушу биринчи кезекте айтылып жүрөт.Улуттар ортосундагы жана дин маселесиндеги ар түрдүү көз караштарды түшүнүшпөстүк орун алышы мүмкүн. Айрыкча акыркы жылдары карапайым элдин арасындагы алака-катыш, диалог, мамлекеттер ортосундагы экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктар солгундап, атуулдардын, товарлардын чек аралардан өтүүсү кыйындагандыктан бир топ нааразычылыктар чыгууда.
Коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы маселелерди сүйлөшүү, баарлашуу, толерантуулук, түшүнүүчүлүк жолу менен чечүү эл аралык конференцияны өткөрүүнүн максаты”.
Мындан тышкары “Диалог Евразия” платформасынын президенти Мустафа Башкурттун айтуусунда ОшМУ биргелешип өткөрүп жаткан эл аралык конференцияда төмөндөгүдөй маселелер талкууланат:
– Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы чек ара, бажы, диний ишмердүүлүк боюнча мыйзамдарды жалпылаштыруу жолдорун изилдөөнү турмушка ашыруу;
– Мамлекеттер ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты чыңдоонун жаңы жолдорун издөө;
– Мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактап калуу;
– Улуттар ортосундагы карым-катышты, достукту бекемдөөчү маданий алакаларды өркүндөтүүнүн жолдорун иликтөө;
– Билим берүү тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү;
– Экстремисттик, сепаратисттик, террористтик маанайдагы күчтөрдүн аракеттерине биргелешип каршы күрөшүү;
– Маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Ошондой эле бул чөлкөмдө жашаган калктардын тарыхы, жазуу маданияты, бай адабий мурастары, акылман ойчул даанышмандары, өзүнө тиешелүү өзгөчө мүнөздөгү архитектурасы, жагымдуу музыкасы, Улуу Жибек жолундагы соода-сатык мамилелери ислам маданиятынын Борбордук Азия калкына тийгизген таасири тууралуу илимий талкуулар болот.
Э.Момунов, “Кабар” МА, 28.11.2009-ж.