DA журналынын кезектеги саны Чыңгыз Айтматовго арналды

Кыргызстан, Түркия, Россия, Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Монголия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина мамлекеттеринде ар токсондукта бир жарык көрүүчү адабий, маданий “Диалог Евразия” (DA) журналынын Кыргызстандагы координатору Мустафа Башкурттун “Кабар” агенттигине билдирүүсү боюнча, аталган журналдын кезектеги саны кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган.

Анда Ч.Айтматовдун замандаштары, калемдештеринин эскерүүлөрүнө орун берилген. Мисалы, Азербайжандын жазуучулар союзунун төрагасы Анар “Прощай, Чингиз-ага!” деп аталган макаласында жазуучунун талантына, улуулугуна, келечекти алдын ала көрө билген көсөмдүгүнө баа берген. Ал Ч.Айтматовду азербайжан элинин досу деп айтып, көзү өтөрдөн мурда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бакуга чакырып, эң жогорку орден менен сыйлагандыгын белгилеген.

Мындан тышкары Диалог Евразия платформасынын теңтөрагасы Харун Токактын, Россиядан философ Эвелина Боровецкаянын, Тажикстандын эл акыны Мумин Каноаттын, Татарстандан филология илиминин доктору Фоат Галимуллиндин, Украинанын эл акыны Иван Драчтын, Казакстан сенатынын депутаты Есим Гарифулланын жана башка белгилүү акын, жазуучу, философтордун Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу ой-пикирлерине орун берилген.

Бул журнал түрк жана орус тилдеринде үч айда бир саны жарык көрүп, дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде таратылат.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 30.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.