Кимдин канча аялы бар болгону архивде турат (толукталганы)

Урматтуу окурман, «Кереге» (мурунку «Диалог Евразия») коомдук фонду жана «Сереп» изилдөө институту 20-декабрда 2016-жылын жыйынтыктаган «Тарых жана маданият жылы – сабактар жана жетишкендиктер» атту кереге-кеңеште темадагыдан да жакшы маселелер козголгонуна ишендирип кете алабыз

«Кереге» коомдук фонду жана «Сереп» изилдөө институтунун кординатору Искендер Ормон кереге-кеңешти ачып жатып: «Тарыхчы агаларыбыз жыйнаган сукпат «Диалог Евразия» «Кереге» фонду болгондон кийинки биринчи чогулуш. Ошондуктан бул биз үчүн тарыхий күн десек болот. Бир курактагы жакын санаалаш тарыхчылар келип олтурасыздар. Сиздер учурда кыргыз тарыхын жазып аткан дос аалымдарсыз. Тарых жана маданият жылы эмне кыла алдык, ал бизге кандай сабак берди, бул жыл бизге келечектеги тарых жаатында ачылыштарга күчтүү дем бере алдыбы деген суроолорго жооп издеп көрөлү деп сиздерди чакырдык.

 

Атанын туулган жылы эмес калтырган изи маанилүү

Аблабек Асанканов, тарых илимдеринин доктору, профессор: «Менимче быйылкы «Тарых жана маданият жылы» жемиштүү болду. Айрыкча Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин алдындагы «Мурас» фонду чоң иш жасады. Жеке өзүмдү айтсам, 1916-жылкы Үркүн боюнча изилдөө кылуума түрткү болду. Таякелерим Кытайга чейин качып барып, азап чеккени тууралуу изилдедим. Жусуп Баласагын бабабыздын «Куттуу билимин» эки сыйра окуп чыкканымда, билим гана эмес башкаруу тууралуу китеп экени мен үчүн ачылыш болду. Ар бир тарыхчы бул жылы эски китептерди жаңыча көз-караш менен окуп чыкты болуш керек. Анын аркасы менен тарыхтын бир топ актай барактарын толтурдук. Тарыхий аң-сезим улуттук аң-сезимди калыптайт. Өз элибиздин тарыхын билсек, ал бизди ашкере улутчулдукка алдырбай, мекенчилдикке тарбиялайт экен. Быйылкы жылдын сабактарына келген болсок, кээ бир тарыхчылардын «датомания жана инсаномания менен ооруп калдык» дегенине кошулбайм. Бизге бул даталар менен инсандар жалпы улуттун өтмүшүн эстеп, изилдегенге шарт түзүп атканы кандай жакшы. Мисалы, мен быйыл Молдо Кылычты да эки сыйра окуп чыктым. Анын туулган жылына эмес, ал улуу бабабыздын кыргыздын өзүн таануусуна кошкон салымына кызыктым. Анын эмгектеринен эл менен уруунун ортосундагы карым-катнаштарды изилдеп, таң калычтуу бүтүмгө келдим. Молдо Кылычтан жүз жыл чамасы мурун жашаган Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармалары менен үндөшүп турат. Мындан улам кыргыз эли байыртадан эле өзүн жалпы журт катары таанып келген. Быйыл тарых жылынын алкагында эки чоң китептин беттеринде жаш тарыхчылардын эмгектери басымдуулук кылганы кандай сонун натыйжа. Ар бир окуя менен инсандын көп кырдуу экенин билип, келечек муунга жеткиргенде оң-терс жактарын туура ыкмалар менен жеткирсек, тарыхыбыздан кандай күчтүү сабактарды алат элек! «Мурас» фондунун жетекчилигине ишти баштаган соң аягына чыгуу керек деген оюмду айтам.

Жюринин арасына тери өңдөгөн, кийиз, жыгач жана алтын-күмүш иштеткен, аңчылык жана өрмөкчүлүктү изилдеген илимдин кандидаттарын кошсок, алар өз тармактарындагы кол өнөрчүлөр менен сонун иштешмек. Үй куруп, үй чечкенде жалаң эркектер болуп калыптыр, салт боюнча жарымы аялдар болчу да. Биз маданият тармагына ушуга окшогон бир нече илимий сунуштарды киргизели деп турабыз. Кийикиде мунун баары эске алынса.

 

1916-жылкы көтөрүлүш Хоженттен башталып, лейлектиктер катышкан

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, “Мурас” фондунун төрагасы: «Тарых жана маданият жылынын» кызыктуу иш-чаралары төмөнкүлөр болду. Оболу Фуи кыргыздарын изилдеген кытайлык дунган улутундагы Мухаммед Хожен Хуа жөнүндө кеп кылсак. Бул адам «Манас» баптарынын сакталып калуусуна жана Жусуп Мамайдын ханзу тилиндеги илимий чөйрөгө таанылуусуна негизги салым кошкон окумуштуу. Жусуп Мамай бул кишинин үйүндө жатып, эмгектенген учуру да көп болгон. Хожен Хуа кыргызчаны суудай билген аксакал. Анын 85 жылдыгын биз Кыргызстанда өткөрүп, жакында эмгектеринин жыйнагын чыгармакчыбыз. Алтайлык кыргыздарды изилдеген Виктор Бутанаевдин 70 жылдыгы да бизде өттү. Биздеги улуттук боштондук көтөрүлүшү Хожентте от алгандыктан, анын 100 жылдыгына арналган жыйындарды Баткенден баштадык. Хоженттеги көтөрүлүшкө ал жердин кыргыздары, андан кийин лейлектик кыргыздар да активдүү катышыптыр. Ал эрдик унутулбай, өзбек туугандар кыргыздарга арналган музей ачып, анын борбордук экспозициясы Исхак Раззаковго арналган экен. Андан кийинки жыйын Ош шаарында болду. Ал чогулушка Тажикстан, Орусиядан өкүлдөр катышты. «Манас таануу» боюнча, Президенттин жарлыгына ылайык, быйыл III эл аралык конференция Жалал-Абадда болду. Эмдиги жылы апрелде Баткенде өткөрмөкчү болуп турабыз. Ош шаарында антропологдордун III конференциясында көп чет элдик адисттер катышып, олуттуу маселелер каралды. «Эгемендүүлүк, демократиялык коом, эркин атуул» деген жыйын өткөрүк. Биз эгемендүүлүгүбүзгө өзүнчө кубанабыз, коомубуз демократиячыл болгонуна өзүнчө сүйүнөбүз, атуулдарыбыздын эркин болгону өзүнчө байлык. Ушул баалуулуктарга арналган конференция болду. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналаган иш-чаралардын жыйынтыктоочу бөлүмү Ысык-Көлдө өттү. Тайлак баатырдын юбилейин аны даңазалаган Абдыкалык Чоробаевдин 120 жылдыгы менен бирге өткөрдүк. Бул кырыз улутун бириктирген баатыр болгон. Окумуштуулар Нарында Тайлак батырдын күмбөзүнө Куран окутуп кайтышты. Молдо Кылыч Шамыркан уулу – кыргыз улутун бириктирген жазма акындардын бири. Анын мааракеси Арабаев университетинде өттү. 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшү боюнча көп багыттуу иштер болду. Анын жыйынтыктоочу отурушу «Ала-Арча» ордо конушунда болду. Орусияга архивдерин ачып бергени үчүн терең ыраазылык билдирсек болот. Алар менен бирге көп илимий олтуруштар болду. Алардын бири Алтай университетинде өттү. Казакстан да архивдерине иштегенге шарт түздү. Кыяз Молдокасымов ал жерде Канат Ыбыкенин каза болгон күнүн тактаган документти таап келди. Мындан нары да орус, казак, өзбек архивдеринде иликтөөлөр жүргүзүлмөкчү. Германиянын архивинен алып келинген маалыматтар кайзерлик Германиянын учурундагы немис тилинде болгондуктан аларды которгонго акча издештирип атабыз. Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына арналган иш-чарада кызыктүү талкуулар болду. Тиешелүү университет жана институттар өз каражаттарына археологиялык казууларды кылышты.

Эң негизкиси, жылдын тарых жана маданият деп аталганы, Орусия президенти Владими Путиндин 1916-жылкы курман болгондордун эстелигине гүл койгондугу биз үчүн саясий утуш болду окшойт. Себеби: «Бул окуяга байланыштуу жүрүштөрдү кылбагыла, кыргыз менен орус чатакташып кетет», – деп быйыл да айтып чыгышты. Тетирисинче орус тарап Нарышкиндин буйругу менен архивинде атайын портал ачып, маалыматтарды жарыялай башташты. Албетте, баары айкын болду дегенден алыспыз. Болочок изилдөөчүлөргө арбын материалдар калды. Ар бир илимий тармак өзүнүн божомолдорун тастыкташ үчүн ишеп жатты. Тарыхчылар көп эмгек жарыялашты. Тарыхчылардын көз-карашы боюнча 1916-жылы геноцид же башкача айтканда тукум курут кылуу аракети болгон эмес деген жыйынтыкка келди. Анткени падышалыктын кыргыз этносун тукум-курут кылгыла деген жарлыгы жок. Ал келде падышалык бийликтин бир бутагы болгон парламент – Мамлекеттик Дума зомбулуктарга каршы чыкканы тууралуу документтер бар. Керенскийдин комиссиясы менен баяндамасы буга далил. Бирок жер-жерлерде генерал-губернатор Куропаткиндин кыргыздарды Чүй, Жети-Суу, Ысык-Көлдөн Нарындын тоолуу жерлерине айдап салалы деген аракеттери бир улутка каршы саясаттын элементтери болгонун көрсөтөт. Бирок бул колниалдык администрациянын деңгелинен жогору көтөрүлгөн эмес. Ошол эле убакта кыргыздын ичинен орус тарапка кошоматчылык кылып, чыккынчылык кылган, саткан адамдар медал алып сыйланган учурлары болгон. Жол көрсөтүп, жазалоочу аскерлерди алып келген кыргыз төбөлдөрү болгон. Алардын бардыгы да жазылып атат. Улуттук көтөрүлүштө канча киши кырылган деген суроого да жооп каралды. Жарым миллионго чейин өлгөн деген маалыматтар чыгып кеткен. Өтө азайтып салганга аракет кылгандар да болду. Диссертациялардын биринде славян улутундагылардан 2500-3000, кыргыздардан түздөн-түз көтөрүлүш учурунда 5 миңдей эле киши өлгөн деп жазылган. Тарыхчылардын басымдуу көбү болсо 120 миңдин тегерегинде адам өлгөн деген бүтүмгө келишкен. Быйыл биз көйгөйлөрдүн башын гана ачып бердик. Келерки жылдары бул изилдөөлөр уланмакчы. Бул көтөрүлүшкө чет өлкөлүктөрдүн кандай тиешеси болгон дегенге тарыхчылардын көпчүлүгү кыргыздар өз эрки менен көтөрүлгөн деген жыйынтыкка келишкен. Кыргыз немис же осмон дөөлөттөрүнүн шыкагы менен көтөрүлгөн эмес. Күбөө болуп калган беш түрк бар экен. Алар көтөрүлүштүн негизги очоктору кыйроого учураганда келишкен. Алар колунда куралы, акчасы да жок, кыргызчаны деле билбеген, акыл парасаты багыттоочу деңгелде болгон инсандар эмес. Ал эми немистердин катышын кайзердик архивдерди карап чыккан соң билебиз. Алар көбүнчөсүн Ооганстан, Кавказ жана Хорезм жактарда катуураак иштеген болушу мүмкүн. Бирок кыргыздар басымдуулук кылган көтөрүлүш очокторунда алардын таасири буга чейин тастыктала элек. Келерки жылы «дата менен алек» деген сынга карабастан, урунтуктуу инсан жана учурлардын мааракелерин уюштурууну улантабыз. Алар чын эле бизге элибиздин өтмүшүн ачып бергенге шылтоо гана болот. Келерки жылы Махмуд Кашгари Барсканинин арап ариби менен жазылган «Араб лугати түрк» аттуу китебинин жазыла башташынын 945, жазылып бүтүүсүнүн 940 жылдыгын өткөрөбүз.

 

Өзүбүздү жеткиликтүү тааныганда чыныгы азаттыкка жетебиз

Асан Ормушев, тарых илимдеринин доктору, Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин профессору: «Бул жыл тарыхчылар жана маданиятчылар гана эмес жалпы коомчулук үчүн жетишкендик болду. Биз тарыхий окуяларды кайра тереңдетип изилдөөгө, тарыхий инсандарыбызды жеткиликтүү даңазалоого жана улуттук каада-салттарды көтөрүүгө мүмкүндүк алдык. Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюнунда үрп-адаттарыбызды дагы бир жандантып алууга шарт түзүлдү. Хан көтөрүүдөн баштап, тогуз түрдүү каада-салтты жандандырдык. Улуттук тамак-аш, улуттук кийим, улуттук күрөш боюнча бири-биринен өткөн көргөзмөлөр болду. Уюштуруучулар жана министрлик тараптан кемчиликтер кетти, бирок жети дубандан келген элибиз маарекенин кем-карчын бүтөп кетти. Ушунчалык эргүү менен, эч кандай талашып-тартышуу жок, бири-биринен намыстанып, бир жуманын ичинде жыйылган эл кадимкидей өзгөрдү. Эч ким жетекчиликке же бири-бирине нааразы эмес, эл үчүн, журт үчүн деген эле ой менен болуп калдык. Бишкектен барган, орус тарбиясында өсүп калган балдардан бери: «Ой, сонун турбайбы. Биз Баткендиктер менен дос болуп, чайлашып, тамак ичип атабыз» деп сүйүнүп жүрүшөт. Чыныгы азаттык өзүбүздү таанып, адамзаттын асыл-мурастарына үлүш кошкондо ишке ашат экен да.

Бир гана кемчилиги болду, иштин маданий жагына гана көңүл бурулуп, илимий жагы каралбай калды. Мисалы Кырчын жайлоосунда тигилген боз-үйлөрдүн баарын сүрөткө тартып, жасалгаларын жазып, каттап койсок болмок. Биздин болгону калыстар тобунун иштөө жобосун илимий негизде жазып, ишке ашырганга үлгүрдүк. Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылды. Башка жерди айтпай эле коелу, океандын нары жагындагы Америкадагы жердештерибизге чалып «Ысык-Көлдө шумдуктай маареке болуп атыптыр, ошол жактасыңбы?» деп сураган америкалыктар көп болутур. Биз Чыгыш университети «Мурас» фондунун бир нече иш-чараларына катышып, илимий макалаларыбызды бердик. «Мурас» жакшы баштаган ишин чарчап чаалыкпай аягына чыгарышы керек.

 

1916-жылкы окуялардын Жалпыламасы англис, орус тилине которулса

Ташмамбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору, Жусуп Баласагын университетинин профессору: «Биздин Кыргызстандын тарыхында «Баланча жыл баланча деп аталсын. Тоо, эмгек, курулуш жылы» деп келишкен. Бирок ал нерсеге убактылуу көңүл бурулуп, узак мөөнөттүк натыйжа берген эмес. Мен бул жерде Кыргызстанга алып келишкен чоң инвестициялар тууралуу эмес, инветицияларды тарта турган көрөңгө түзүү жөнүндө айткым келет. Быйыл Көчмөндөр оюну чын эле эл аралык деңгелдеги иш болуп, дүйнөлүк аброй алып келди. Көчмөндөргө тиешелүү конференциялар Кыргызстанда гана эмес Москвада, Барнаулда, Астана, Алматыда, Түркияда өттү. Биздеги иш-чараларга бүт дүйнө катышты. Кыргызстанды бул мамлекеттерге караганда жогорураак абройго жетишине, канчалаган жылдардан бери тыюу салынып келген 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшү темасын, эл аралык деңгээлге чыгарганы себеп болду. Бул конференциялардын корутундусу катары жазылган Жалпылама аттуу документте кээ бир талаш болуп келе жаткан маселелерге чекит коюлду десек болот. Ал англис жана орус тилине которулуп, жарык көрсө, жакшы болот деген ойдомун.

Илимий-теориялык маанисине келсек, методологиялык чоң натыйжалар болду. Быйыл 1916-жылкы улуттук боштондук күрөшү боюнча иштелип чыккан методологиялык ыкмалар колдонулуп, талашыраак болуп жүргөн келерки жылкы келчү революция, басмачылык, советтик курулуш, колхоздоштуруу, индустриялаштыруу жана маданий ыңкылап, 1937-жылкы репрессия тууралуу концептуалдык жыйынтыктарга келебиз деген ойдомун. СССРдын курамында кыргыздар экинчи дүйнөлүк согушка катышуусу туура же туура эмес болгонбу деген маселени да койсо болот.

Көчмөндөр оюну кыргыздарды тарбиялоо боюнча чоң мааниге ээ болду. Жети дубанда өзүнчө Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, андан кийин мыктыларын жыйынтыктоочу маарекеге алып келүү чечими да өтө туура болду.

«Мурас» фонду тарыхчы, антрополог жана археологдорду жылда бир багытка үндөсө жакшы болот. Ар кандай кызыктуу ойлору бар жаш, регионалдык окуяларды изилдеген тарыхчылар көп. Ошолорду тартып, башын бириктирген иш-чараларды өткөрүү керек деген ойдомун. Адатка айланган конференцияга көп адам келбей коет экен. Ошондуктан адамдардын идеялары айтылчу башка бир формадагы жыйындарды уюштурсак. Ар бир изилденип жаткан нерсени каттаган маалымат банкын уюштурсак, ким эмнени изилдеп атат, региондо жарыя кылынган макалалардагы концепцияларды колдонсок.

 

Дагы эле «бай-манап эзип ийди» деп окутуп келебиз

Аскар Беделбаев, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы: «Диалог Евразия» жана «Себат» билим берүү мекемелериндей уюмдарды Президентибиз да колдоп, аты өзгөрсө да заты өзгөрбөгөн бойдон калат деп айтты. «Кереге» фонду да баарлашуу жана толеранттуулукту жайылтуу багытындагы иштерди уланта берээрине тилектешпиз.

«Мурас» фондунун жасап жаткан иштерин баарыбыз баса белгилеп кеттик. Ага кирген чакан топ бир жыл ичинде элдин духун көтөргөн нар көтөргүс оор, тарбиялык маанидеги көп иш жасады. Семинар, тегерек үстөл жана башка аракеттин баары жаштардын тарбиясына жакшы таасир берет экен. Жогорку окуу жайлар, орто мектептер тарыхчылардын терин жерге тамызбый, тындырбай чакырып атышты. Массалык маалымат каражаттары аябагандай чоң иш жасашты. Гезит-журналдарда кеңири орун берилип атты. Радио-теледеги берүүлөргө бардыгыңыздар катышып аттыңыздар. Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдакматов макалаларды да окуп, берүүлөргө да калтырбай катышып атканы таң калтырды. Бир берүүгө барыш үчүн жок эле дегенде энциклопедияны карашың керек да. Режиссер, драматургдар чоң иш жасашты. Бексултан Жакиевдин, Кубан Мамбетовдордун драмалары коюлду.

«Мурас» фондунун тарыхы терең. Аны «Манас – 1000 жылдыгында» Аблабек башында туруп түптөгөн. Ал быйыл президенттик аппаратта иштеген кезинде фондду кайра жандантып кетти. Президентибиз Алмазбек Атамбаев жарыялаган «Тарых жана маданият жылынын» алкагында белгиленген токсондон ашык иш-чаранын дээрлик бардыгы аткарылды. Мамлекеттик дирекция которгон каражаттын эсебинен тарых институту тарабынан Кыргызстан тарыхынын үчүнчү тому, 1916-жыл боюнча эскерүүлөр жыйнагы даярдалып атат, байыркы жана орто кылымдагы чет элдик чыгармалар кыргыз тилинде чыгып жатат. Келерки жылды Президентибиз «Тарбия, адеп жана маданият» деп жарыялаганы кайра эле тарыхыбызды изилдөөгө шарт түзөт. Мунун баары биздин жетишкендиктер.

Сабактарына келген болсок. Асан айтып кеткендей, илим менен маданияттын ажырым болуп калуусу өкүнтөт. Кырчынга этнограф окумуштууларыбыз барса кандай сонун материалдарды жыйнап алат эле! Нарктуу карыялар, байбичелер жүрбөдүбү. Экинчиден, Ташыкем айткандай тарыхчылардын башын бириктирүү керек. Бизге философ, адабиятчылардын таарынычтары бар. Аларды эстен чыгарбай чакырышыбыз керек экен. Үчүнчүдөн жаштарды окутууда жаңы концептуалдык көз-караштарды, методологиялык ыкмаларды колдонуубуз керек. Окуу куралдарыбыздын көбү эски, таптык көз-карашта жазылгандыктан аны окуп алган бала баягы эле «бай-манап эзип ийген» менен жүрө берет экен. Жаңы окуу китептерин жазып чыгаруу керек. Билим берүү академиясынын Тарых институту мурун күчтүү кадрларды даярдачу эле, көңүл бурулбагандыктан деңгелдери өтө төмөндөп кетти. Абыке аны жандантсаң тарыхта каласың. Мисалы Тогузаков философия тармагын сактап кала алды. Башкалары кыскарып жатса, философия илими кеңейип атат.

 

Баткенден Америкада иштеген дизайнерлер кийим тандашты

Акимбек Текешов, “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси: «Тарых жылына арналган иш-чаралар ушул күнгө чейин уланып келет. «Мурас» фондунун демилгеси менен мектептерде дил баяндар, диктанттар жазылып атат. Чын эле кыргыз элинин тарыхий аң-сезими ойгонду. Ал албетте, маданиятыбызга да таасир берип, искусствобуз тирилди. Тарых жана маданият бирдей жанданганы жакшы болду.

Мыйзамда бүтжеттин 3 пайызга чейинки каражаты маданиятка бөлүнсүн деп жазылган. Кийин 3 пайыздан кем эмес деп жазылганы менен беш жылдан бери бир пайыз да каражат берилген жок. Бүтжеттин 0,5, 0,7 же 0,6 пайызын гана алып турдук. «Кыргыз театры» деген эмне деген театр жана артисттер болгон. Биздин спектаклдерге элдер көчөдөн билет сурап жүрчү. Азыр болсо, залдагы киши сахнада ойногон артисттерден аз. Быйыл жүгүрүп жүрүп театрга 15 миллион каражат бөлдүрдүк. Буга чейин бир тыйын бөлүнгөн эмес. Жалаң тарыхий спектаклдерди койдук. 20 театрыбыз жыйырма түрлүү спектакль даярдап, баары башка региондорго чыгып коюп келишти. Жыйынтыгында Ошто тарыхий спектаклдин фестивалы болду. Көчмөндөр оюнунан мурун Баткен, Жалалабад, Ош облусту болуп биринчи этнофестиваль өткөрдүк. Ар районунан келип, 2000 киши катышты. Ар бир райондун этномузыкантын көрүп, угуп, тандап чакырып келдик. Этномода, б.а. улуттук кийимдердин көргөзмөсү болду. Биздин Америка, Европада иштеген дизайнерлерибиз тандап алып келишти. Кол өнөрчүлүк, каада-салт кошулуп эртең мененки саат 9дан, кечки 18ге чейин тынымсыз болуп, канчалаган эл келип көрүп кетишти. Улуттук тамактарды айтпай эле коеюн. Чоң-Алайда 160 кыргыздын улуттук тамагы бар экен. Кино жана музыка жумалыктары өткөрүлдү.

31-август эгемендик күнүнүн алдында билесиздер теракт болуп, болобу же болбойбу, эл келеби-келбейби деп шаштыбыз кетип калды. Болуп бүткөн соң ички иштер министрлиги 40 миң адам катышты деп билирди. Тарыхчылардын иш-чараларын биз маданиятчылар аркасынан көркөмдөп, элдин аң-сезимине бекемдеп кетип жаткандай болдук. Тайлак батыр менен Жусуп Баласагындын жылдыктарын, эгемендиктин 25 жылдыгы, Путин, Бордюжа катышкан Үркүндүн 100 жылдыгында, баарында ушундай эриш-аркак иш болду.

 

Эл саясаттан жадап, түбөлүктүү темаларга көңүл бура баштады

Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты, “Мурас” фондунун төрагасынын орун басары: «Быйыл тарыхыбыз тарыхчылардын тар чөйрөсүнөн чыгып, элге аралашты десек болот. Айтылган иш-чаралар болбосо, эл шайлоо учурунда гана эске алынып анан унутулуп калат экен. Тынчтыкбек экөөбүз район-облустардын маданият үйлөрүндө жыйын өткөрүп аттык. Элге орун калбай, туруп алып эки сааттан ашык катышкандар көп болду. Башында биздин баяндама болуп, андан кийин эл суроо жаадырып жатты. Демек, элдин өз тарыхына болгон кызыгуусу бар экен. Быйыл ал ого бетер күчөдү. Биз мындай жолугууларды күчөтүп, элге жакыныраак болушубуз керек экен. Тарыхчыларыбыз да жанданып, борбор менен аймактык тарыхчылардын карым-катнашы күчөдү. Биз бул алакаларды токтотпостон, эмдиги жылы күчөтүп кетишибиз керек. Архивдер менен да жаңыча иштеш керек экенин түшүндүк. Буга чейин ар бирибиз өзүбүзгө таандык тар тема боюнча эле материалдарды издеп, калган маалыматтарга көңүл бурчу эмеспиз. Ошондуктан кыргыздын тарыхына жарык түшүрө турган материалдар көз жаздымда калып калчу экен. Мына жаныбызда турган Алматынын архивинде ушунчалык бай материалдар бар экен. Ташкент менен мамилелер оңоло баштады, анын архивинде иштегенге мүмкүндүк алсак. Баарынын көчүрмөсүн албасак да темаларынын тизмесин алсак чоң жеңиш болмок. Былтыр жакшы акча бөлүнүп Москва менен Петербургдун архивдеринде иштеп келдик. Былтыр аз эле каражатка чоң иштер бүттү. Мындай каражаттар кээде талаага деле кетип калып атат. Каражаттын тартыштыгы чын эле кендирди кесет экен. Президент өзү баш болуп, тарыхты изилдөөнү улантууга каражат караштырабыз, иштерди улантыш керек деп жатат. Анын тапшырмасы менен Тайлак баатыр, Алымбек датка боюнча сценарийлер жазылып, көркөм кеңеште жактырылды. Биз тарыхчылар барып баяндама кылгандан көрө, он көркөм тасма тартылса, элге батыраак сиңет экен. Быйыл радио жакшы иштеди, бирок телевидение начар чагылдырды. Мисалы Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына КТРК баш болгон көп телеканал келбей койду. Газет-журналдарга айтат элем, тарыхка кызыккан окурмандар көп, өз убагында темаларды алып чыкса окурмандарын көбөйтө алмак. Мисалы мен Кыргыз Туусунда иштеп жатканда, тарых, маданият, улуттук менталитетке тиешелүү рубрикалар менен нускасы 3000ден 16000ге чейин жеткен. Эл саясаттан жадап, руханий, түбөлүктүү темаларга көңүл бура баштады. Бир бет бөлүп коюшса, биз, тарыхчылар кызыктуу материал берүүгө дайыма даярбыз.

(Бул жерде Баткендин нукура сакталып калган эски салттары тууралуу кеп болуп кетти. Токол жумшаар алдында «Байбиче көтөрүү» каада-салты бар экен. Тарыхчы агалар «Жакшы салт экен, муну жайылтып, аткаминерлердин токолдорун жибериш керек экен» деп тамашалап күлүп калышты. Бир агабыз «Архивдерде ар бир аттуу-баштуу кыргыздын аялдарынын аттарынан бери бар» деп тамашалады)

 

Тарых жанданбаса башкалардын таасири алдында болобуз

Ордо ээси Искендер Ормон кереге кеңешти төмөнкүчө жыйынтыктады: «Тарыхтын жандануусу бул эгемендүүлүктүн жанданып, мамлекеттүүлүктүн күчтөнүп баштаганы дегендик. Чын эле эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгы 1916-жылкы боштондук көтөрүлүштүн жүз жылдыгы менен бир келип калуусу өтө кооптондурган. Бирок жетекчиликтин кылдаттыгы, сиздердин натыйжалуу иштериңиздер жана элибиздин кең пейилдиги менен тетирисинче эгемендүүлүгүбүздү куттуктаган Орусия президенти Владимир Путин көтөрүлүштө курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эки датанын бир келгени чоң пайда берди. Тарых жана маданият жылы коомдун бардык тармактарына, анын ичинде бизнес тармагына да оң таасирин тийгизди. Быйыл улуттук символикаларды чагылдырган көптөгөн өндүрүмдөр чыкты. Ильбер Ортайлы деген дүйнөгө таанымал түркиялык агайым: «Борбор Азиянын тарыхы өтө бай. Бирок өз элиңер аны билбейт. Эгер тарыхты жандандырбасаңар, орустун таасиринен кутулганыңар менен кийин башка супер күчтөрдүн таасиринде каласыңар», – дейт эле. Учурдун заманбап технологиялары аркылуу тарыхыбызды таанытпасак, коом бир жакта тарыхчылардын жетишкендиктери бир жакта кала берет экен. Ошондуктан илимий даражадагы тарых менен карапайым калктын ортосунда «популярдуу тарых» көпүрөсү болушу керек экен. Бул тасма, мультфильм, тарыхты көркөм тилде сунган журналдар аркылуу болот экен. Агайларыбыз иштерин улантып кете берсе, элдин тарыхий аң-сезими тереңдеп, мамлекеттүүлүгүбүз бекемдеп кете берет деген ишенимдебиз.

Эсен Өмүракунов, “Саресеп”, 30.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.