Султан Раев: Мамлекеттик тилдин мартабасын көтөрөбүз
Башкаруу реформасынын чегинде кайра түзүлгөн Маданият жана мамлекеттик тил агенттиги жакында өзүнүн жобосун иштеп чыгып бекитти. Улуттук баалуулуктардын башатында турган бул эки тармактын ишин уюштуруу тапшырылган агенттиктин иш багыттары, өзөктүү маселелер боюнча анын директору Султан Раев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
– Чындыгында биз жакында эле улуттук тилибиздин 20 жылдыгын белгиледик. Буга чейин бир топ иштер жасалып келди, жаманы да, жакшысы да, оош-кыйыштар да болду дегендей. Биз негизги маселени, стратегиясын дагы, кыргыздын тактикасын да, саясатын да кичине өзгөртөлү деп атабыз.
“Сен эмне үчүн кыргыз тилинде сүйлөбөйсүң” деп күнөө койгондон мурда аларга биз шарт түзүшүбүз керек. Ошондой эле тилди үйрөтүүнүн методикалык жагынан көп иш алып барышыбыз керек. Биздин негизги саясатыбыз – тил үйрөтсөк, анын ар түрдүү формаларын колго алуу. Ошондой эле атайын бул боюнча китептерди чыгаруу, атайын окуу методикасын чагылдырган фильмдерди, атайын ДВДлерди, ушуга окшогон нерселерди бүгүнкү санарип техника жетишкен заманда баарын алып аракет кылышыбыз керек.
Ошондой эле ар бир тармак боюнча, мисалы экономика, финансы, бажы системасы боюнча сөздүктөрдү чыгарышыбыз керек. Биз биринчи кезекте тилдин эквивалентин таап беришибиз керек да сүйлөйм деген кишиге. Алар бизге күнөө коюшу мүмкүн, айткылачы бул маселени эмне деп айтам кыргызча деп. Ошондуктан тилди үйрөнүүгө шарт түзүү боюнча, ошонун негизинде улуттук тилдин тамырын түптөө боюнча иш алып барабыз.
– Бул качан башталат?
– 1-январдан баштайбыз. Азыр департамент түзүлсө жаңы саясат жүргүзөбүз. Ал жөнүндө атайын басма сөздөрдө маалымат беребиз. Биздин орган ММКларда дагы тил маселесин көзөмөлдөй турган, ошондой эле мамлекеттик тилди, ошондой адабий тилдин нормаларын сактай турган нерсеге алып келебиз.
Мына өзүңөр көрүп атасыңар, ММКларда тил баш-аламан болуп кетпедиби, ар кандай тилдер, татаал сөздөр да кирип кетип атат. Ошондуктан кыргыз тили таза болушу үчүн кыргыз тилинин адабий тилинин нормасын сактоо боюнча дагы иштейбиз.
Ошондой эле мамлекеттик органдарда иш кагаздарын кыргыз тилинде алып баруу маселесин мындан ары чыңдайбыз. Ошондой эле расмий түрдө болуп аткан чогулуштар, жыйындар да биринчи кезекте кыргыз тилинде болуш керек. Кыргыз тилинин маани-маңызын биз көтөрүшүбүз керек.
Ошондуктан мен тил саясатын жетектеген адам катары чоң чогулуштарда айтышым мүмкүн. Азыр 20 кыргыз отурса дагы өзүбүзчө орусча сүйлөп атабыз, чогулуштарда ушундай болуп атпайбы. Биз кыргыз тилин жайылтууда өзүбүз үлгү болушубуз керек.
Анан айтышат, кыргыз тили аябай консервативдүү тил, саясаттын, техниканын тили эмес деп. Бирок башка тилдер деле ошондой да, жапон тили ж.б. эч бир илимий тил эмес да. Ошондуктан биз бүгүнкү технологиянын, инновациянын заманында кыргыз тили аябай ийкемдүү тил экендигин далилдешибиз керек, ошонун негизги базасын түзүшүбүз керек.
Элеонора Бейшенбек кызы, “Азаттык”, 03.12.2009-ж.