Улуттун урку тилинде

Азыркы кыргыз журналистикасы, чынында, оор мезгилди баштан кечирип жатат. Кыргызча басылчу кайсыл гезитти, журналды ачпаңыз, кайсыл теле-радиону укпаңыз, кабарчылардын тилинен толгон-токой катаны табасыз. Бул иренжитет, кыйнайт, ойлонтот…

Тилдин тазалыгы эмнеден башталат?

Бул суроону биз белгилүү журналист Эсенбай Нурушев менен көп талкуулайбыз. Ошол талкууга силер да кошулгула.

Сөздү үтүрдөн (,) баштайлы.

ҮТҮРДҮН ҮЛКӨН ЖҮГҮ

– Чолоо тийсе сиз менен кенен-чонон отуруп, тил маселесине байланыштуу пикирлешсем деп жүрөт элем. Бүгүн биртке буяма келип турат окшойт, азын-оолок аңгеме-дүкөн куруп көрбөйлүбү?
– Курса куралы, бирок тилдин конкреттүү кайсы өңүтүн сөз кылабыз? Тил деген эми түгөнгүс маселе эмеспи…
– Кепти баштай берсек, кызыган сөздү кымыз чыгарат болуп, балким, аңгемебиз өзүнөн өзү жалгашып кетер.
– Анда башта…
– Күүнүн башы Камбаркан дегендей, сөздү ушу үтүр-чекиттен баштайлы деп сунуш кылат элем. Тыныш белгилери эмне үчүн керек?
– Муну эми баары эле билет, бирок майда-барат деп маани бербейт. А чынында театр кийим илгичтен башталса, сабаттуулук дал ушул тыныш белгилерден башталат.
“Ооба” (yes) дегенди элүү ыкмада айтса болот, бирок ал бир гана ыкмада жазылат (Бернард Шоу). Оозеки айтымдагы ошол элүү ыргактын баарын жазма текстте тыныш белгилери туюнтат. Алар дүйнөдөгү тилдерге акырындап, ар кайсы доорлордо кирген. Орустарда, мисалы, чекит жана кош чекит – XI кылымда, үтүр – XIV, үтүрлүү чекит –XV, суроо белгиси – XVI, илеп белгиси жана сызыкча – XVII, акырында көп чекит – XVIII кылымда кабыл алынган. Бизге булардын баары кириллица аркылуу өткөн кылымдын кыркынчы жылдарынан кийин келди.
Тыныш белгилерин Пушкин музыкадагы нотага салыштырган. Алар ойдун оролун бөлүп көрсөтөт, сөздөрдү ыраатка салат, сүйлөмгө ыргак берип, угумун арттырат, түшүнгөнгө жеңил кылат. Эң негизгиси – тыныш белгилери жазма тилде музыкадагы нотадай кызмат кылат: бүткүл текстти бекем туташтырып, логикалык бир көгөнгө байлап турат, аларсыз сүйлөмдөгү сөздөр ыдырап-бытырап кетмек.
Константин Паустовский жаш кезинде аңгеме жазып, каратып алганы редакторго берет. Бир аптадан кийин алып окуп көрүп, өз текстине өзү ишенбейт: аңгемеде бир да сөз оңдолбоптур, алып-кошкон да эчтеме жок экен, бирок ар бир сүйлөмү тартылган сүрөт өңдөнүп ушунчалык таамай, так болуп калыптыр. Таза таң калган жазуучу: “Бу шумдукту кантип жасадыңыз?! ” – деп сураса, редактор: “Эчтеме деле кылганым жок, болгону үтүр-чекитин ордуна коюп чыктым”,- деп айтыптыр.
Гегель менен Толстойдо бир сүйлөмү жарым, атүгүл бүтүндөй бир бетке созулуп кеткен жерлери бар. Алардын тексттеринен тыныш белгилеринин мүрөл үлгүлөрүн көрсө болот. Мындан тышкары сүйлөм башында, ортосунда же этегинде көп чекит койгонду жакшы көргөн авторлор да аз эмес. Көп чекитти В.Набоков шыбыш чыгарбай, “бутунун учу менен басып кеткен сөздөрдүн изи” деп эсептеген экен…
Адистер азыр тыныш белгилерге компүтер (компютер) катуу кысым жасап жатканын айтып жүрүшөт. Орус тилинде алар Пушкиндин заманына караганда эки эсе азайыптыр, мындан ары да кыскарат көрүнөт. Акыры барып саналуу, эң зарыл белгилер гана калышы ыктымал. Бирок баары бир адамзат тыныш белгилерисиз жашай албайт, аларсыз жазма тил өзү эчтемеге жарабай калмак, текст деген тек гана сөздөрдүн түшүнүп болбос бир тизмегине айланмак.
– Компютердин кысымынан биринчи болуп үтүр жоголушу мүмкүн, кандай дейсиз?
– Менимче, үтүр калат, анткени ал текстте үлкөн милдет аткарат, анын өзүнчө эле бир «империялык иерархиясы» бар. Үтүрдү адистер эч кимдин жетегине кирбеген, жаалы жаман белги дешет. Тыныш белгилерин сүйлөм тутумунда каалагандай калчай билген зергерлер да үтүргө келгенде батылдык кыла алышкан эмес, анын алдында баары тайсалдап, “таксыр” деп турушкан. Көөнө алиппелерде “сүйлөмдүн сүйкүмү үтүргө жараша болору” айтылганын белгилеп, Иван Бунин өз ордунда турбай калган үтүр “бүтүндөй бир сүйлөмдү жыдытып саларын” эскерткен.
Башкасын айтпайлы, баягы жылы бир шайлоодо мыйзамдагы тикенектей бир үтүрдөн улам улуттук масштабдагы жаңжал чыкпадыбы. Дегеле туура эмес коюлган үтүр бир сөздү теңирден тескери мааниге өткөрүп жиберет. Мисалы, “келе бер” (приходи) дегенди “келе, бер” (ну-ка, дай), “ой токтот” (поразмыслить) айтымын “ой, токтот” (ну-ка, останови; хватит, перестань) кылып сала алат. Буга окшогон мисалдарды көп эле келтирсе болот.
– Ушу конкреттүү мисалдарга келели. Азыр кайсы гезитти албайлы, баары “бирок” дегенден кийин үтүр коюшат, сиз болсо муну туура эмес деп айтып жүрөсүз. Эмне үчүн туура эмес, негиздеп бере аласызбы?
– Биринчиден, муну мен негиздеген эмесмин, экинчиден, бу мен айткан үчүн эмес, грамматиканын эрежесинен алганда туура эмес. Андай эрежелерди болсо асмандан алып түзө салышкан эмес, ар бир тилдин ички мыйзамдарына, табиятына таянып түзүшкөн. Жаңылбасам, бу эрежелердин негизин мектепте экинчи класстан баштап окутат болуу керек. Үчүнчүдөн, бу айланып келип эле сөз билбегенден чыгат. Азыр бизде, айталы, байламта деген эмне, киринди сөз эмне экенин айрымалай албай калышты. Байламта – сөздү сөзгө, ойду ойго, сүйлөмдү сүйлөмгө кошот, үтүр болсо, тескерисинче, аларды ажыратат. Байламтадан кийин үтүр коюп жазган эл дегеле дүйнөдө жок.
-Байламта сөздөр кайсылар, бир-экөөнү атай кетсеңиз.
– Кыргызда беш-алты эле байламта сөз бар, аларды жаттап алса деле болот: анткени, бирок, себеби, андыктан, ошондуктан, жана, менен. Акыркы экөө сөз ордуна да колдонот. Мисалы, жана айткандай, жана эле келгенбиз… Тең теңи менен, тезек кабы менен… Ал эми байламта иретинде булар сүйлөмдүн башында, ортосунда келеби, алардан кийин үтүр коюлбайт. Бир гана учурда – байламтадан кийин киринди сөз келсе, ошондо үтүр менен ажыратылат. Мисалы: “Реформадан үмүт кылдык эле, бирок аныбыз акталган жок”. “Реформадан үмүт кылдык эле, бирок, тилекке каршы, аныбыз акталган жок”.
-Ал эми киринди сөздөр кайсылар? Көппү, азбы?
-Алар бир топ эле бар: айтор, албетте, арийне, айтмакчы, балким, баса, болжолу, демек, калыбы, көрсө, сыягы, сыйкы, чамасы ж.б.у.с. Аларды модал сөз деп жүрүшөт. Булар сүйлөмдүн башында турса алардан кийин үтүр коюлат, ортосунда келсе, эки жагынан үтүр менен ажыратылат. Мисалы: “Албетте, реформадан үмүт кылабыз”. “Реформадан, албетте, үмүт кылабыз”. Киринди сүйлөм деле ушундай. Бу эми эң жөнөкөй эреже да, Төрөкул. Эреже эске келбегенде деле муну анча-мынча тилге туюму бар адам сүйлөмдүн ыргагынан эле сезет.

ТИЛ ТИРЕГИ – ИЛИМ

-Бизде ушул темадагы изилдөөлөр барбы?
-Жок болуш керек. Үтүр, чекитти изилдеп, мартабасын майдалап, масштабын тарытып алгандан биздин илимпоздор намыс кылат болуу керек. Тилдин өзү, анын азыркы замандагы калган актуал проблемалары өнүккөн элдердей болуп иликтенген жок, бул иштин али чети оюла элек. Мен, маселен, бу жагынан академик Азиз Салиевдин “Мышление как система” деген эмгегин, ошол теманы уланткан китептерин гана айта алам. Бирок аларды окуп, андагы ойлорду, коюлган проблемаларды, аларга байланышкан түшүнүктөрдү “аш кыла” билүү үчүн атайын даярдык талап кылынат.
-Сиз өзүңүз окудуңуз беле ошол эмгектерди?
-Студент кезимде кайра-кайра тытмалап, тырбалаңдап окуп, бирдеме түшүнгөнгө аракет кылгам, бирок көп нерсеге тишим өткөн эмес. Азыр да Бишкекке барганда барактап калам, баягы жаш кездегиден бир топ нерсе таасын, түшүнүктүү көрүнүп калат. Салиев аксакалдын ошо китебинде эки тилдүүлүк (билингвизм) феномени тууралуу бир топ кызыктуу байкоолор, ойлор айтылган. Ошолорду улап, учурдагы тил практикасына назар салып көргөндө, обо-добо суроо чыгат. Мисалы, эки тил билген азыркы кыргыз орусча текст окуса кайсы тилде ойлонот? Биздеги кош тилдүүлүк бу көрүнүштүн кайсы түрүнө кирет: субординативдүүсүбү же координативдүүсүбү? Биринчисинде ойлоо процессинде үстөмдүк кылып турган тил болот, экинчисинде болбойт, адам кайсы тилде сүйлөсө, ошо тилде ойлонот. Дегеле азыр мамлекеттик жана ырасмий деп (иш жүзүндө булар бир эле түшүнүк) түркүмдөлгөн биздеги билингвизмде кыргыздын эне тили адстратпы же субстратпы?

Уландысы бар.

Төрөкул Дооровдун блогу, 03.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.