Улуттук китепкана фондунда 6 миллиондон ашык китеп бар

КР улуттук китепкана фондунда дүйнө жүзүнүн 90 тилинде 6 миллиондон ашык китеп бар. Ал эми абоненттердин саны 40 миңден ашат. Бул тууралуу китепкананын коом менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.

2008-жылы китепкана фонду 20 миңден ашык китепке толукталган. Анын 13 миңи илимий жана 1 миңден ашыгы адабий китептер. Мындан тышкары китепканага КМШ мамлекеттеринин илимий чөйрөсүндөгү илимпоздордун диссертацияларынын көчүрмөлөрү жана Россия Федерациясынын мамлекеттик китепканасынын дессертацияларынын электрондук китепканасын колдонууга келишим түзүлгөн. Анын фондунда илимдин ар багыты боюнча 170 миңден ашык кандидаттык жана доктордук илимий иштер бар.

КР китеп палатасы Улуттук китепкана фондуна Кыргызстанда басылып жаткан китептерден бир нускадан берип турат. Мындан тышкары жеке авторлор да китепканага эмгектерин белек кылган учурлар да бар.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 03.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.