Юнус Эмре (1238-1321)
Акыр заман
Ай адамзат, кыямат кантип болот дегиң бар,
Аз кездешет мусулман, аларга да шегим бар.
Даанышмандар бузулуп, туура жолго түшүрбөйт,
Дербиштердин айтканын эл тыңшабайт, түшүнбөйт.
Жоомарттыктан айрылган атка минер хан болот,
Жегендери арам эт, а ичкени кан болот!
Жаман жолго баскандар арам менен чулгашат,
Жерден тажаал чыкканда жапа тырмак чуркашат.
Бир-бирине көз арткан элде дөөлөт жыйналат,
Бирок алар кыямат болгон кезде кыйналат.
Акын Юнус, андыктан сүйүү сага жар болот,
А сүйгөнүң Жараткан, өзөгүңө жан болот!
Кыяматты унуттуң
Даяр ашка көндүрүп, тулку-бойду куруттуң,
Дүнүйө-мүлккө сыйынып, кыяматты унуттуң!
Ажал адам баласын топуракка ээ кылат,
Акыр турпак болгон соң, ал дүнүйөнү не кылат?
Акылы жок пенделер дубал, сарай салышат,
Алар бир күн ыдырап, тегиз кулап калышат.
Ачкан курсак кампаят, иштеп колдуу жоорутсаң,
Ажылыгың татыбайт көңүлдөрдү оорутсаң!
Кереметим укмуш деп мактангандар түгөнбөйт,
Керемети бар инсан өз напсин жүгөндөйт!
Анык напсин тыйгандар туура жолго жөнөгөн,
Андайларды Мухаммед о дүйнөдө жөлөгөн.
Көрсөтпөсө Жараткан өзү сага жардамын,
Куткаралбайт мейли миң пайгамбарды жалдагын!
Чындык үчүн чыркырап, Юнус кыркыл, кыйылгын,
Чын дербишмин деп жүрсөң, Жаратканга сыйынгын!
(Түрк тилинен которгон Алтынбек Исмаилов)
Pingback: Алтынбек Исмаилов: «Кечелерибизде байкуш студенттерден башка эч ким жок» — Кыргыз маданият борбору