Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын мектептеринин X-XI класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү кыргыз тили жана адабияты боюнча дилбаяндар сынагынын ЖОБОСУ

Сынактын уюштуруучулары:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине карашуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы;
Республикалык тарыхый-маданий “Мурас” коому
“Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмеси;
Алыкул Осмонов  атындагы коомдук фонд.

 

Сынактын маалыматтык колдоочулары:

КТРК жана облустук теле-радио компаниялары
Райондук жана облустук гезиттер
“Кутбилим” гезити
“Эл агартуу” журналы
“Мугалим” журналы
“Заман-Кыргызстан” гезити
“Тил-мадаият” гезити

 

Сынактын максаты

Сынактын максаты – Алыкул Осмоновдун өмүр баянын, чыгармаларын терең окуп үйрөнгөн, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын, улуттук поэзияны ж.б. баалуулуктарды сыйлай билген таланттуу улан-кыздарды табуу, аларды колдоо, акындын адабий мурастарын мектеп окуучуларынын арасында  кеӊир жайылтуу.

 

Сынактын катышуучулары

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган дил баяндар сынагы X – XI класстар арасында 3 баскычта жүргүзүлөт (мектептик, райондук жана  республикалык деӊгээлде), ага өлкөнүн аталган класстарынын окуучулары окутуу кайсыл тилде жүргүзүлгөндүгүнө карабастан катышууга укуктуу.

Сынакка катышуу учурунда X жана XI класстарга өз алдынча бөлүнбөй, бир эле тапшырмалар берилип, бирдей чен-өлчөмдө бааланып, бирдиктүү жыйынтык чыгарылат.

Мектептердеги окутуунун негизги тилине карата эки топто иш жүргүзүлөт.

Биринчи топ – окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн мектептер (класстар)

Экинчи топ – окутуу мамлекеттик тилден башка тилдерде (орус, өзбек, тажик) жүргүзүлгөн мектептер (класстар).

 

Сынактын баскычтары жана өткөрүү мөөнөттөрү

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган дил баяндар сынагы 3 баскычта өткөрүлөт.

Биринчи баскыч – мектептерде (март, апрель, май айларында) өтөт. Бул баскычты мектеп жетекчилери жана мугалимдер өткөрүп, ар бир топ (окутуунун тилине карата) 1-орунду жеӊип алган окуучулардын  дил баяндары  экинчи баскычтагы  сынакка жиберишет.

Экинчи баскыч – райондук (шаардык) баскыч (сентябрь айы) деӊгээл.  Муну райондук (шаардык) билим берүү башкармалыктары өткөрөт. Өткөрүүнү уюштуруу, мыкты дилбаяндарды сыйлоо райондук (шаардык) билим берүү башкармалыктарына жүктөлөт. Бул баскычта (окутуунун тилине карата) 1-орунду ээлегендердин иштери  республикалык  (шаардык) баскычка  жиберилет.

Үчүнчү баскыч – республикалык баскыч. Бул баскычта (окутуунун тилине карата) райондук баскычта 1 – 2-орунду ээлеген окуучулардын дил баяндары  каралат.

Бул баскычты уюштуруу жана өткөрүү милдети КР билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз билим берүү академиясына, уюштуруучуларга жана атайын түзүлгөн алыстар тобуна тапшырылат. Республикалык тур Бишкек шаарында 11 – 12-октябрда  өтөт.

Үчүнчү турга мыкты дил баяндарды төмөндөгү дарек боюнча жиберсе болот: Бишкек ш., Эркиндик гүлбагы, 25. Кыргыз билим берүү академиясы, Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясына.

Дил баян конкурсунун жеӊүүчүлөрүн  сыйлоо уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.

Калыстар тобунун курамын сынакка бир күн калганда  гана уюштуруучулар  жарыялайт.

 

Сынактын тартиби

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган дил баяндар сынагы 2 топто өтөт.

1-топ: Окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн мектептердин окуучулары үчүн;

2-топ: Окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөн (орус, өзбек, тажик) мектептердин окуучулары үчүн (баары бир комиссия тарабынан каралат).

Дил баяндын темалары Алыкул Осмоновдун өмүр баянына, чыгармачылыгына,кармандарына  жана Улуу жеӊиштин 70 жылдыгына ж.б. байланыштуу болууга тийиш.  Катышуучулар чүчүкулак түрүндө ондогон темалардын ичинен үч теманы тандап алышат да, анын бирин гана жазат. Жазуу жумушу 4 саат убакыт берилүү менен аткарылат.

Баалоодо теманын ачылышы, акынга жана анын чыгармачылыгына болгон сүйүү, мазмунду ырааттуу айтып бериши, факт-цифраларды ыктуу колдонуусу, көркөмдүгү, орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык сабаттуулугу эске алынат.

 

Сынакты каржылоо жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган дил баяндар сынагынын мектептик баскычынын чыгымдары мектептердин, ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт.

Республикалык турдун жеӊүүчүлөрүнө (мектептердин окутуу тилине жараша ар биринен 3төн орун) баалуу сыйлыктар жана    белектер ыйгарылат. Андан сырткары, кызыктыруучу сыйлыктар да бар.

Бул сыйлыктар менен бирге, республикалык турдун бардык катышуучуларына   “Алыкул-100” тематикасындагы басылмалар,  “Алыкул үйү” борборунун Ардак грамоталары ыйгарылат.

Эскертүү: Эң мыкты жазылган дил баяндар атайын чыгарылуучу “Алыкул-окуучунун дилинде” аттуу жыйнакка киргизилет.

Уюштуруу тобу

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.