Бишкекте “Из” даректүү фильминин премьерасы болот
Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүндө 29-январда республиканын искусствосунун эмгек сиңирген ишмери Бекеш Абдылдаевдин “Из” даректүү фильминин премьерасы болот. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине Кинематография боюнча департаменттин басма сөз борбору билдирди.
Кинотасма белгилүү сүрөтчү-мультипликатор Сагын Ишеновдун өмүрүн жана чыгармачылыгын баяндайт. Картинанын оператору Кыргызстандын эл артистти Нуртай Борбиев.
Ал, басма сөз борборунун маалыматы боюнча, ошондой эле быйылкы жылы режиссер катары экс-маданият министри Күлүйпа Кондучалова жөнүндө жаңы даректүү фильмди тартууга киришет.
Ж.Т., «Кабар» МА, 25.01.2010-ж.
Соц тармактар: