Бишкекте “Из” даректүү фильминин премьерасы болот

Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүндө 29-январда республиканын искусствосунун эмгек сиңирген ишмери Бекеш Абдылдаевдин  “Из” даректүү фильминин премьерасы болот. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине Кинематография боюнча департаменттин басма сөз борбору билдирди.

Кинотасма белгилүү сүрөтчү-мультипликатор Сагын Ишеновдун өмүрүн жана чыгармачылыгын баяндайт. Картинанын оператору Кыргызстандын эл артистти Нуртай Борбиев.

Ал, басма сөз борборунун маалыматы боюнча, ошондой эле быйылкы жылы режиссер катары экс-маданият министри Күлүйпа Кондучалова жөнүндө жаңы даректүү фильмди тартууга киришет.

Ж.Т., «Кабар» МА, 25.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.