Celtic Aire музыкалык тобу Кыргызстандын шаарларында концерт берет

«Бүгүн (25-январда) Бишкекке “Celtic Aire” музыкалык тобунун келиши күтүлүүдө», — деп билдирди Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндө кызмат өтөгөн музыканттардан түзүлгөн “Celtic Aire” тобу ирландыктардын салттуу ырларын, аспаптык пьесаларды аткарышат. Музыканттар 25-январдан 2-февралга чейин Бишкек, Кант шаарларында жана Тамгада концерт берери маалым болду.

Ж.Ж., «Кабар» МА, 25.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.