Роза Таберикова, ырчы: “КЛУБДУН ИЧИНЕ БАЛПАЙГАН КАР ЖААП, МЕН ЫРДАП…”
– Роза, чыгармачылык өнөрүң качан башталды эле?
– Мен Нарындын Ак-Талаа районундагы Тилектеш айылынан болом. Мектепке 6 жашымда окуп, 16 жашымда бүттүм. Эңсегеним эле ырчылык болчу. Чогуу ойноп жүргөн эле кыздар мектепке окуп кетишсе, мен калып каламбы деп апам тигип берген кичинекей сумкама “Алиппени”, жука бир дептерими салып алып эле бара берчүмүн. Келбе дешсе деле болбой бара берип жакшы окуп кеттим, супсулуу жазчумун. Сарыбай Эрматова эже менин биринчи мугалимим. Гүлкан экөөбүз эже ырдап берелиби деп суранып, ырдап берчүбүз. Биз ырдап атканда балдар тынч отуруп угушчу. “Жөжөлөрүм”, “Ак гүлдөрдү” ырдайт элек. Эжекем апама айтыптыр кызың болбой калды, бара-бара катуу кызыгып баштады, эми окутпасаң болбойт деп. Анан гана мектепке кийгенге бир форма сатып берген апам, ага чейин болгону бир жаңы сары көйнөгүм бар эле, ошону кийип бара берчүмүн. Кийин активист болуп ыр кружокторун уюштуруп жүрдүм.
Бишкектен 2 жылдык вокалдык бөлүмдү бүтүп эле Нарын драмтеатрына ишке орноштум. Анан эле апам ооруп калып айылга кетип калдым. Айылда жүрсөм Каныкей эже барып концерт коюп калды. Каныкей келиптир, ырдап көр деп айылдын аксакалдары мени алып барышты. Каныкей эже концертинде мага өзүнүн костюмун кийгизип алып, эл астына чыгарып ырдатып койду. Даяр ырчы турбайсыңбы, мени менен кетесиңби деп сурады. Ошентип чыгармачылык жолум башталып кетти. Эң биринчи өзүмчө кыргызча костюм менен чыгып ырдаган ырым Алтымыш Кадыровдун “Аясаң боло жыргалым”, “Ак Сүйүү” деген ырлары болчу. Андан кийин “Жаштык ыры” конкурсунун уюштуруучусу Бакыт Букаев мени конкурска алып чыкты. Анан телевидениеге чакыра башташты. “Сулуулардын түшүнө нелер кирет” дегенде эле Роза Таберикова деп билишет. Ошентип чыгармачылык жолун жолдоп, эл оозуна алынганыма жыйырма жылдан ашты.
– Анан көптөн бери көрүнбөй жоголуп кеттиң го?
– Чынында жоголгон деле жокмун. Өзүм оорчундуу акындар менен иштешем. Жездебиз Атайбек Бөдөшовдун Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган “Бир сүйүү” (“Бир көрүп сүйүп калганга, сен жигит анча таң калба”) деген ырды азыркы жаштар ким ырдайт десе дароо мени айтышат. Качкын Абдыкадыров “Сен ырымсың” деген бир ырын берген, мен билбей эле алгам, көрсө сөзүн жазган Ак-Талаалык эжем Гүлжамила Шакирова экен.
“Таберик” деп группа, студио ачтым эле азыр кудайга шүгүр, тойду тейлей турган тамада борбору болуп калды. Азыр ырчылар мынча окучум бар дейт го, менин деле толтура балам бар. Алардын ичинен Кыял Алымкуловго көп жардам бердим. “Заманага” алпарып тарттырып, ырдатып койдум.
Ыр күйөрмандарынын эле арасындамын. Мисалы Арзыбек Бедияров чыгарган сиздин “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” деген ырыңызды көп жерлерде созолонтуп ырдап жүрөм.
– Камвол фабрикада кантип иштеп калдың эле?
– Мектепти бүтүп келгенде эжем адегенде комволдук комбинатка иштетип койгон эле да. Анан документимди медициналык окуу жайына тапшырткан, эмнеге тапшырып атканымды деле билген эмесмин. Кийин болбой эле искусство институтуна кыздар менен тапшырып кетип калдым. Бирок өтпөй калып залда ыйлап отурсам, бир агай көрүп, кызым ушунчалык эле ырдагың келеби деп сурады, мен ооба ырдагым келет деп ыйласам, анда жүрөгой мени менен деп ээрчитип барып (ал филармониядагы эстрада студиясынын башчысы экен) опера студиясынын башчысы Жумабек агайга “бир кыз ырдайт элем деп ыйлап атат” деп телефон чалып айтса, келсин дептир. Жумабек агай ырдатып көрүп кабыл алды, ал кезде ырдатып көрүп эле ала берчү. Ошентип эле окуп калдым операдагы студияда. Бирок, эмгек стажым ошо камволдук комбинаттан башталган.
– Анан клубдан башталган де…
– Клубдан ырдап баштадык иштеп жүргөндө. Бирок беш-алты жыл мурун Кара-Балтанын бир айылына барып концерт койгонубуз такыр эстен чыкпайт. Клубдун үстү түшүп калыптыр, жок экен. Эл отурган зал жагы бүтүн. Биздин үстүбүздөн апапак кар лапылдатып жаап жатат, кычыраган кыш, биз болсо жупжука костюмчан ырдап жатабыз. Чыкпайын десем эл жык-жыйма, аншлаг. Кыздардан мен жалгыз болчумун. Титиреп үшүгөнүмө карабай зымпыйып сыр бербей ырдап чыккам ошондо. Клубду түшүп кетет деп коркпой элдин келгенине таң калам. Мерген Турган да бар болчу ошо эстен чыккыс концертте.
– Анан качан сүйгөнүңө сүйүнүп жетип алдың?
– Ой эже, сүйүнттүңүз го? Сүйгөнүмө сүйүнүп жетпей калгам. Аябай жакшы көрдүм ошол сүйгөнүмдү. Бирок эжесинин бир макалдатып айткан какшыгы көкүрөгүмдү көк тумандай каптап кетип, эжеси үчүн ал жигитти кектеп турмушка чыкпай койгом. Кийин турмушка чыгып кыздуу болдум. Адеми 11 жашта, бийге аябай кызыгат. Үйдө болсо чоң жардамчым.
-Ретро концертиң жөнүндө баяндап берчи?
– Мен бул 80-90 -жылдардагы ырлар жана эстрада лидерлеринин Ретро концертин 3 жылдан бери жыл сайын өткөрүп жүрөм. Көп кыйынчылык, тоскоолдуктардан өттүм. Кичинемден эле кумир туткан эстрада лидерлердин ар бирин издеп таап, концерт берейин деп чечтим. Көптөн бери сахнага чыкпай калган эстрада лидерлери азыркы заманбап сахнада жолугушуп, толкундануу менен чыгып жүрүшөт. Менин максатым аларды алып чыгып эл менен байланыштырып коюу. Эл бул ырчыларды абдан сүйүп угушат. Алардын бир өзгөчөлүгү сахнаны туу тутуу менен кечикпей убагында келишип, даярданып, мурунку ырларын ырдаганга дайыма даяр турушат. Бул концерт аларга чоң дем берди десем жаңылышпастырмын. Алар А.Сапаралиев, Н.Калназарова, А.Ирсалиева, Г.Чоткараева, Ш.Аскарова, Ч.Токтоналиева, Т.Ынакбеков, Б.Качкынова, К.Артыкова, Ш.Дүйшөналиев ж.б. бардыгы болуп 25 ырчы. Үч ырчынын Ш.Өтөбаев, Р.Заитова, Н.Абылмажиновалардын көзү өтүп кетти.
– Жаш ырчыларга сын-пикириң?
– Жаш ырчыларды андай-мындай деп деле сындай албайм. Ар ким өз дараметине жараша чыгып жатат. Кээ бири акчанын күчү менен чыгып жатышат, бирок алар чоң жаңылышат. Ал эми жарым жылаңач кийингендери да бар, ушул жерлери жакпайт.
– Азыркы берилип аткан наам менен мурунку наамдардын кандай айырмасы бар?
– Мурунку наамдарды татыктуу алышкан. Азыркы берилип аткан наамдарды караңгы элден сурасаңыз дагы чечмелеп айтып бере алышат, кимге кандайча берилип атканын? Азыркы наамы бар кээ бир жаш ырчылар сахнага чыгаарда наамын айттыргандан уялышат. Себептери түшүнүктүү го? Наам берип аткандар өздөрү уялышса болмок!
– Анан эмне наам албай эле коеюн деп атасыңбы?
– Убагында кыргыз журтуна мукамдуу үнү менен жылдыздай жаркырап чыккан Айша Базарбаева жана Нуркан Калназарова эжелерге бере элек наамдын мага кереги да жок.
– Роза маегиңе ракмат. Чыгармачылык эргүүң ашып-таша берсин!
Бурулкан КАРАГУЛОВА, «Асман-пресс» («Кыргыз гезиттер айылы») 26.03.2010-ж.