«Күмүштөй шыңгыр, Сендеги үндүн жыргалы, ай» (Г.Момунова)

Дарика Жалгасынова кыргыз элинин сүйгөн ырчысы. Ал искусствонун көк асманында Алтын казыктай өз орбитасын тапкан. Анын жаркылдаган жүзүнөн нур чачылып, ар бир пендени өзүнө тартып, багындырып турат. Дариканын баскан-турганын, ырдаганын кара сөз менен берүүгө мүм­күн эмес. Ага тунук поэзиянын гана күчү келет… Ал орус Лидия Русланова, казак Роза Богланова, өзбек Тамара Чебанды же украинка София Ротару сыяктуу миллиондордун жүрөгүнөн орун алган.

Дарика дүйнөнүн жарымын кыдырды. Кыргыздын даңкын улуу Чыңгыз кандай чыгарса, Дарика да ошого тете болду. Музыканын, искусствонун тилинде улуттук жок. Аны бардык улут түшүнүп, жүрөгү менен кабыл алат. Дарика Жалгасынованын өмүр жолу жөнүндө дасыккан журналист Жамийла Кочкорбаеванын “Дарика сен ырдасаң…” деген китеби элге тараган. Ал эми өзүнүн “Замандаштарга эстелик” жана “Күмүш ай” ырлар жыйнактарын азыр табуу кыйын, китепканаларда гана болушу мүмкүн.

Дарика батыш классиктеринен Бах-Гунонун “Аве-Мариясын”, Джузеппе Вердинын “Сицилийская вечерня” операсынан “Еленанын болеросун”, “Травиата” операсынан “Виолеттанын ариясын”, Шарль Гунонун “Фауст” операсынан “Маргаританын ариясын”, Жакомо Пуччининин “Чио-чио-Сан” операсынан “Мадам Баттерфляйдын” ариясын, Моцарттын, Листтин операларынан ария­ларды аткарып келди. Ал эми кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан аткарбаганы калган жок.

Жумамүдүн Шералиевдин, Каныкей Эралиеванын жана Калыйбек Тагаевдин элдин духуна жакын ырларын аткарганда элет жериндегилер туруп кол чабышат.

Дариканын экинчи чылбыры – поэзия. Анын ыр китептерине баш сөздөрдү атактуу акындар Сүйүнбай Эралиев менен Эрнис Турсунов жазышкан. “Поэзия анын өмүрүнө өбөлгө болуп, жаш бойдон, сергек жашашына, узак өмүр сүрүшүнө, көңүл көтөрүңкү, жайдары жүрүшүнө, эл сүйүүсүнө ээ болушуна дагы да түрткү болот го деп ойлойм”- деп жазат эл акыны Эрнис Турсунов. Балыкчы балыкчыны алыстан көргөн сымак чоң таланттар чоң талантты жакындатып сезген чыгар.

Мыкты акындар Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Эрнис Турсунов, Гүлсайра Момунова, Байдылда Сарногоевдер эң бир күчтүү эмоция менен жазылган ырларын Дарикага арнашкан.

Мисалы, Байдылда Сарногоев:

Ар адам ырдайт алынча,
Аземдүү үнү барынча.
А сенин үнүң башка экен,
Ак көйнөк кийген Дарика.

Көп адам ырдайт алынча,
Көркөмдүү үнү барынча.
Көп үндөн үнүң башка экен,
Көк көйнөк кийген Дарика,
– десе, анда Дарика Жалгасынова:

Айтылуу акын Байдыкем,
Ак жибек көйнөк кийгизди.
“Ашуудан берген отчетто”,
Атымды журтка билгизди.

Калеми өткүр Байдыкем,
Көк жибек көйнөк кийгизди.
Көкөлөтүп көңүлдү,
Көркүмдү журтка билгизди,
– деп жооп кайтарат.

Дарика элге жакын турат. Ал курорттордо дем алып жүргөндө да бекер концерттерди уюштурган учурларды билем.

Бар бол, кыргызымдын Чолпон жылдызы. 70 жылдык мааракеңиз кут болсун!

Билим КАРАГУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
«Кыргыз туусу», 23.09.2011-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.