Актан Тыныбек уулунун армандуу да, армансыз да тагдыры

Ар бир доордун, кылымдын өнөрпоздору болот. XIX кылымда Манас айтып, өлбөс өчпөс өнөрү менен Тыныбек манасчы тарыхта калса, анын уулу Актан ХХ кылымдагы жаркын талант болгон. “Агымдын” өткөн сандарына улуу манасчы Тыныбектин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө небереси Табылды Актановдун айтуусу боюнча жазсак, бул жолу атасы Актандын адамдык тагдырын жазууну туура көрдүк.Тыныбек менен Актандын өлбөс өнөрлөрү, жеке жашоосу жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Бул жолу ТЫНЫБЕК уулу АКТАНдын адамдык тагдырын уулу Табылды мырзанын айтуусу боюнча сунуш кылабыз.

Үркүн, хандын жаш аялы, кытайлыктар окуган Актан
– Атам Актандын туулганынан өлгөнүнө чейинки чыгармачылыгын, адамдык жеке тагдырын беш колумдай эле билем. А киши көз жумганда мен экиде экенмин. Байкуш апам көзү өткүчөктү мага сүрөткө тарткандай, кинодогу тасмадай өмүр бою атам жөнүндө айтып жүрүп өттү. Атам 63 жашында көз жумган экен. Мен 60 жашында көргөн уулу экенмин. Өз атасы Тыныбек өлгөндө Актан 13 жашта экен. Бирок ал атасын көрүп, элестеп, зээндүү бала болгондон кийин кээ бир сөзүн илип да алса керек.

Коммунисттик партиянын азабынан атасы Тыныбек жөнүндө ачылып жазалган эмес. Ошол вазыйпаны аткарууну тагдыр мага буюрган экен. Тыныбек өлгөндө анын эки аялы болгон. Атасынан калган энчини, оокатты бөлүшүп, Актан энеси менен беш кыздын ортосунда эркектен жалгыз калган. Сооронбай, Дегенбай деген бир туугандары башка аялдан. Турдумамбет иниси да башка аялынан болгон.

Тыныбек көзүнүн тирүүсүндө Ак-Талаанын Ак-Талчак деген жеринен саяк элинин Сарыбай деген байынын Санабүбү аттуу кызына Актанды кудалап койгон экен. Актан он жети жашында ошол кызга күйөөлөп барып, баш кошот. Ал колукту алгандан кийин үркүн башталып, кыргыздын башына мүшкүл иш түшөт. Ал кезде Актан отузга чыгалек толуп турган кези. Биздин айыл башкалар менен бирге Турпанга качышкан экен. Актандын балдары кичинекей, энесинин көзү көрбөйт, андан башка агалары, жеңелери, алардын балдары болуп, үй-бүлөсүндө эле 17-18 киши, андан сырткары бүтүндөй айылы бар. Ошонун баарын үйүнө жолобой айлап жүрүп, өнөрү менен ун-талкан, күрүч, мал таап келип, Кыргызстанга келгичекти бакты эле деп айтып калышат.

Турпан шаарынын ханынын жыйырмага чыгалек жаш, сулуу аялы болуптур. Актан куудул, чечен, жылдыздуу жигит кези. Турпандын уйгур ханынын жаш аялы менен Актан экөөнүн ортосунда сүйүү болот. Кийинчерээк тиги жаш аял менен Актандын сүйүшүп жүргөнү ханга жетип, аны адегенде өлтүрөлү деп, бирок катуу жазалашат. Актандын таманынан жалпак жыгач менен 100 балак алдырган экен. Катуу сабалган Актан өлөт болуп барып, Кытайда үркүп жүргөн бир кыргыз табып аны бир айда араң айыктырыптыр. Ошондо Актан өлбөй жүрсөм ушул эмгегиңизди кайтарармын дептир, кийин үркүндөн келгенден кийин өзүнүн чоң күлүк кашкасын берген дейт. Ошентип, Кытайда жүргөндө Санабүбү энебиз көз жумуп калат. Чиедей балдары, көзү көрбөгөн энеси, туугандары менен Актан бой калат.

Тыныбек менен теңтуш кыдык элинин Сагалы деген болушу болгон. Ошол Сагалы Актанды “сага ылайыктуу биздин айылда күйөөсү өлүп калган жакшы келин бар. Балдарың жаш, энеңдин көзү көрбөсө, сен күндөп-түндөп кетип каласың, ошолорго жарма жасап берчү аял керек, ошого үйлөн” деп айтыптыр. Апамдын эскерүүсүндө биринчи аялы Санабүбү уста кол менен жасагандай сулуу аял болуптур. Ушул аялдан кийин мен кантип үйлөнөм деп атам кыйылса, болбой эле жолдоштору Бүбү деген энебизге үйлөнтүп коюшкан экен.

Ошентип, улуу мүшкүлдү баштарынан өткөрүп, кайра өз элине келишет. Анан бул жерде революция болот. Бүгүнкү күндө Кытайдагы аксуулук кыргыздардын Мамбетасан деген губернатору атаңдан калган “Актандын күүсү” деп ошол 1916-жылдагы күүсүн мага чертип берди. Кытайлык кыргыздарда “Актандын күүсү” деп азыркыга чейин чертилип жүрөт, ал жерде Тыныбек, Актан жөнүндө да сабак өтүлөт экен. Алар менин өмүр баянымды сурап алып, аны да окууга киргизди. Ошентип Тыныбек, Актан, Табылды деп үчилтик кылып окуп атышат.

Аялдан жолдуу Актан
Кытайда жүрүп Актан Бүбү энебизден Ажар, Асел деген эки кыздуу, Жусуп деген эркек балалуу болот. Ажар эжебиз сексенден өтүп кайтыш болду, Асел эжебиз мурда эле көз жумган экен. Жусуп байкемдин көзү тирүү, айылда турат. Санабүбү энебизден төрөлгөн Карыпакун деген уулу кийин согушта курман болот. Кыргызстанга келгенден кийин Актан Тоңдогу Ысагаалы деген болуштун туугандарынын сулуу кызын алат. Аты Карабүбү экен. Аны алып келгенден кийин жети күн өтпөй өзүнүн жоргосун мингизип, Шаке деген таякеме төркүнүнө жеткирип кел деп кетирип ийиптир. Өзү ушунчалык сулуу, жаш, бай жердин жалгыз кызы болсо, атам эмнеге кетирди болду экен деп кийинчерээк апаман сурап калдым. Көрсө, ал уктагандан кийин тоголонуп кетчү тура. Эртең менен турганда аялын бир күнү чыгдандын түбүнөн, дагы бир күнү коломтонун жанынан таап келчү экен. Ошондон улам муну күндө издеп жүрмөк белем деп төркүнүнө жеткирип салыптыр дейт апамдын эскерүүсүндө. Бирок, кийин катуу өкүнүп калыптыр. Арадан биртоп жыл өтүп, атам филармонияда иштеп жүргөндө командировкага чыгышат. Тоңдун бир айылына гастролдоп барса, Карабүбү атамдын келгенин угуп, атайын учурашайын деп келиптир. Атама жолукканда алты эркек баласы бар экен дейт. Ошондо Актан аябай өкүнүп, ошол алты бала менин балам болмок турбайбы, Кудайга чоң күнөө кылган экенмин деп кейиптир. Андан кийин Эмгекчил деген айылга азыркы борбор шаардын мэри Нариман Түлеевдин чоң аталарынын кызына куда түшкөнү барышат. Ал да келишкен эрке кыз экен, атасынын чепкенинин тияк-биягына чыгып ойносо керек. Тебетейинен коюу, калың чачтары чыгып калган го, атам аны байкап, ал жерге конок болуп унчукпай кете берет. Жолдоштору бул кыз кандай экен, аласыңбы деп сураса, “ой айланайын, чачына тумчугуп өлөт белем” деп коюптур.

Андан кийин биздин айылда 5-6 атадан барып кошулган абыл уруусунан Деркембай дегендин Шаарбүбү деген кызы болгон. Ошондо Шаарбүбү апам 13 жашында Актанга келиптир. Атам кыркка чукулдап калган кези экен. Ушул апам атамдын өмүрүнүн акырына чейин болду. Ал абдан сулуу, ажарлуу болуптур. Апам үч эркекти удаа төрөптүр. Бирөө жайлоодон сууга агып өлсө, дагы бирөө ооруп өлүптүр. Үчүнчүсүн апам өзү эмизип атып эмчеги менен тумчуктуруп өлтүрүп алыптыр, уйкум жаман эле деп калчу. Ошентип балдары алты-жетиге чыкпай эле кичинесинде өлүптүр. Ошону менен апам таптакыр төрөбөй калат.

Тууган эмес, тутунган энем
Элдин айтуусу боюнча апам атамды ушунчалык сыйлаган экен, ошонусу менен жакса керек, сен төрөбөй калдың дебей жашап жүрө берет. Аял алам деп да айтпайт. Аял ал деген кишиге ынабайт. Апам менен өмүр бою жашап, филармониядан пенсияга чыгып айылга барат. Айылга барганда Актан бекер жүрмөк беле деп жылкы ферманын башчысы кылып коюшат.

Шаарбүбү апам айылдан аксакалдарды чогултуп, Актанга аял алып бергиле, мен айтсам болбой атат дейт. Апам айтса “Шаке, мен ушул сөздү экинчи укпайын, аял алгым келсе сенден сурабай эле алам” деп коет. Бир күнү атам “Шаке, мен ушул айды көргөнүмө тобо кылып отурам. Көрбөйм го дедим эле” деп баштады дейт алтымыш жашында эле. Өзүнүн деле “көп чыгармаларды жаздым, Жазуучулар союзуна мүчө болдум, чыгармаларым басылбай атат, өзүм оорукчанмын” деп жазып кеткени бар. Ал да атасы Тыныбектей мурду канай баштаган экен.

Айылдын аксакалдары чогулуп, Актандын дагы үйлөнүүсү туурасында кеп козгошот. Бирок, Актан унчукпай коет. Бир жолу күзүндө атам апама “Шаке, мага кимди алып бергени атасыңар?” деп сураган экен. Аны уккан апамдын кубанычы койнуна батпай жүрөгүм жарылып кете жаздады дейт. Ал буга чейин үч-төрт кызды таап койгон экен, ошолорду айта салат. Актандын колунан комуз түшчү эмес экен, комузга алаксып, бир чай кайнам унчукпай калды дейт. Биртоптон кийин атам: “Мен алсам Болпойду алам, ошону алып бергиле” дептир. Болпой апамдын бир тууган агасынын жашы он алтыдагы кызы экен. Атам болсо алтымышта. Болпойдун өзүнүн аты Рая эле, болпойгон жоош кыз болгондуктан эркелетип Болпой деп коюшуптур.

Апам эртеси таң атпай эки ирикти артып, дагы алчусун алып, бир жылкыга кебез байлатып, агасы жашаган Нарын шаарына кызынын колун сураганы барат. Агасы жакшы сыйлайт. Тамак ичтик, эртеси болду, оозум барып айталбайм дейт апам эскерип. Ал эми Болпой үйгө кирип-чыгып жүрөт. Агасынын мүнөзү кырс экен, эми эмне дейт деп коркуп отуруптур. Бир түнөп эртеси түш болгондо агасы кайра-кайра эмне келдиң эле деп сурай берген тура. Акыры чымырканып айтайын десе эле көзүнүн жашы төгүлүп кетет. Биртопко дейре ыйлап отуруп, агасына иштин чоо-жайын айтыптыр. Ошондо байкеси бир жарым саат жер чукулап туруп калды дейт. Апам ого бетер ыйлап атам дейт. Эки түнөгөндөн кийин агасы: “Эми бир бала өлүп деле калат, ыйлаба, сенин көз жашыңды көрмөк белем, алып кет” деп кызын кошуп бериптир. Ошентип, жетелеп барган атына сиңдисин мингизип, Актанга алып келген экен. Көрсө, ал киши түбөлүгүнө карап, көзү өтүп кетсе, мүлк, атак-даңк деген бар, башка жакка кетип калбасын деп сиңдисин алдырткан тура. Кыз деле каршы болбоптур.

Ошентип, Шаарбүбү апам Болпой менен Актандын төшөгүн салып, кызматын кылыптыр. Он жети жашында Болпой мени төрөгөн экен. Шаарбүбү апам мен төрөлөрүм менен энчилеп алып, эмчек да бердирбептир. Кийин “сен эмчек эмбей арык болуп калдың, болбосо олбурлуу болмок элең” деп өкүнүп жүрдү. Атам Актан “Эр Табылдыны” жазып бүтүп калганда төрөлүптүрмүн. Ошондон улам атымды Табылды коюптур. Атам мен экиге чыкканда көз жумду. Атам көз жумгандын эртеси эле карындашым Карлыгач чарчап калыптыр. Атамды кызы менен кошо коюшуптур. Актан өлгөндө Болпойдун дагы боюнда калыптыр, бирок ал бала да чарчап калган экен.

Атамдын ашын бергенден кийин Болпой таежемди апам кыз узаткандай малын, чыны-кашыктан бери оокатын бөлүп берип, узатыптыр. Ошондо ал баласы жок кеткен. Андан кийин Болпой таежем турмушка чыгып, бир балалуу болгон.

Шаарбүбү апам болсо 1991-жылы каза болду. Ал эми Болпой таежемдин көзү тирүү. Мага тарбия берип, ушул даражага жеткирген Шаарбүбү апам болду, “ал сенин апаң эмес, сени Рая тууган” деп кичине кезимде айылдыктар далай эле айтышкан. Бирок, менде Шаарбүбү апама деген сүйүүм чоң эле, мындай сөздөр кулагымдын сыртынан эле кетчү…

Актан көз жумганда далай залкарлар ага арнап ыр жазышкан. Алардын бири залкар төкмө Ысмайыл Борончиев:
Куйма кулак, кара тил,
Укканы жерде калбаган.
Улуу нуска сөздөрдү
Улап сүйлөп жалгаган.
Көкөтөйдүн кептерин,
Көкөтөйдөй дүйнөдө
Кимдер сүйлөп өткөнүн,
Бирге жүргөн немедей,
Бир сөзүн жаздым айтпаган
Тың сүйлөгөн киши эле,
Тыныбектин Актаны.
Казылган көрдүн түбүндө,
Кала берди баштары.
Бирок,
Эмгекке өлүм жок экен,
Элинде калды дастаны!,– деп ырга кошкон.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13, nazik@vb.kg,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.