Журналист, саясий байкоочу Жыргалбек Касаболотов: “Кыргыз эли өз өлкөсүнө өзү ээ болууга тийиш”

jyrgalbek– Өз алдыбызча улут жана мамлекет жерпайын түптөөгө эмнеден чабал болуп атабыз?
– Эми, идеалында кыргыз улуту жана кыргыз мамлекети – биринен бири ажырагыс нерселер. Анткени Кыргызстан – унитардуу мамлекет. Кыргыз эли – анын негиздөөчүсү деп атабыз да. Муну эч ким тана албайт. Туурабы? Демек, кыргыз эли Кыргызстандын мындан ары өнүгүшү үчүн негизги жоопкерчиликти өзүнө алышы керек болчу.

– Азырчы?
– Азырынча кыргыз эли өзүнө андай жоопкерчиликти ала элек, андай укукка да ээ боло элек. Анын себептери көп. Ошол эле уруучулдук, жердешчилик, туруктуу калыптанган саясий мектептин жетишсиздиги, дегеле бейформал коммуникациялар деп коет, ошолордун үстөмдүгү жолтоо болуп атат. Чындап келсе 18 жылдан бери мамлекеттүүлүк идеясы эми араң пайда боло баштады. Ушу тапта кыргыздар өзүн кайсы бир уруунун, региондун, диндин же тарыхый империянын бөлүгү катары карайбы, же чындап эле биринчи иретте кыргыз катары санайбы? Бул өтө оор суроо. Мындан тышкары, тышкы дүйнөдөн да ар кимиси өзүнө тартып атат. Анан тарыхый жагдайлардын да таасири чоң, анткени акыркы жүз жыл ичинде кыргызда маңкурттук аябай терең тамыр жайган. Андай болгон соң, кыргыздардын өздөрүнүн да жарандык сезими борпоң бойдон турат. Башка улуттардыкын айтпай эле коеюн.

А жарандык сезимди калыптандыра турган нерселер кайсылар? Биринчиден тил, анан бирдиктүү маалымат мейкиндиги. Тилге байланышкан жагдайлардын психологиялык таасири чоң. Ошон үчүн кыргыз тили Кыргызстандагы бирден бир мамлекеттик тил болушу керек. Кыргызстандагы башка улуттар бири бири менен кыргызча сүйлөшүп киргенде гана кыргыз тили чындап мамлекеттик тилге айланат. Ошондо гана өлкөнүн бардык жарандары үчүн жалпы платформанын баары болбосо да, ошонун эң маанилүү элементи калыптана баштайт. Мыйзамдар да ошондой платформанын бир түрү. Мына Чынгызхандын тушунда деле монголдор уруу-уруу болуп ар кимиси ар кайсы коктуда жашаган экен. Чынгызхан баарын бириктирип жалпы мыйзамга баш ийдирип, кийин алар улут болду, аягында империя болуп канча жерлерди башкарды. Башкасын айтпай эле коелу, Манас атабыз өзү деле азыркыдай эле ар кошкон элдерден курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган деп айтып атпайбызбы. Ушунун баары мамлекеттүүлүк идеясынын калыптанышына шарт түзөт.

– Улутчул катары мамлекеттик символдор жөнүндө кандай ойдосуң?
– Мен бул жерден өзүмдүн эле эмес, бир катар санаалаш, пикирлеш адамдардын оюн айта кетейин. Биздин оюбузча, мамлекеттик символдордун эң башкысы “Манас” дастаны жана “Манас” аталышы болушу керек. Эмне үчүн? Биринчиден, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеялары “Манаста” гана жеткиликтүү чагылдырылган жана ушул күнгө чейин жеткен. Экинчиден, түпкү улуттун тээ илгертен келаткан эрежеси да ошого ылайык келет. Өзүң билесиң, азыркыдай аэропортко, арак саткан дүкөнгө коймок тургай балдарга Манас деп ат коюуга тыюу салынган. Анткени бул сөз кыргыз эли үчүн ыйык сөз. Бул сөз ушинтип улуттук символ катары мамлекет тарабынан коргоого алынса кечээкидей ЮНЕСКОнун чечими сыяктуу башаламандыкка эчак эле бөгөт коюлмак. Андан тышкары, герб, туу, гимн деген мамлекеттик символдор бар. Алардын баары кыргыз элинин байыркы тарыхына, ошондогу мезгил сынынан өткөн белгилерге, тамгаларга, түстөргө (көчмөндөрдүн Көк түсүнө), ыргактарга таянышы керек. Ошондо гана алар элдик символго айланат. Ошондо гана жалпы жарандардын жүрөгүн козгой ала турган күчкө ээ болот. Ачык айтып коеюн, азыркы символдор эртедир кечтир баары бир толугу менен алмашууга тийиш. Аларда улуттун духу жок.

Мына борбордук аянтыбызда түндүктү жатып алып көтөргөн аялдын эстелиги турат. Бул деген улуттук символиканы кордоо. Анткени түндүктү кыргызда эркек гана көтөрөт. Анын ордуна ортосунда бир жигит бакан менен түндүк көтөрүп, тегерегинде кыргызы, орусу, өзбеги, тажиги уук сайышып жардам берип аткан монументти жасашса алда канча туура болмок. Же анчалык эле эркиндиктин символун көрсөткүсү келсе учуп бараткан бүркүттү, же алыска узап бараткан атчан мергенчини коюшса болмок. Жыланач аялдын эмнеси эркиндик? Эмнеси улуттук символ, кыргыз үчүн? Болбойт мындай.

– Улут өзүн улут катары сактап калуу иммунитетин кантип иштеп чыгышы керек?
– Адегенде улуттун негизин сактап калыш керек. Ал кайсы негиздер? Жана айтпадыкпы, тили, маданияты, тарыхый эстутуму жана улуттук өзгөчөлүктөрү, нарк-насили, улуттук сезими, мамлекеттүүлүгү деп. Булар өзү улуттун сөөгү. Анткени улут деле жандуу организмге окшош. Мисалы сөөгү, жалпы келбети туруктуу дейли. Бирок ал деле териси түлөйт, булчуң күтөт же май басат да, туурабы? Жашаган жерин которуп, тышкы шартка ылайыкташып өзгөрөт, анан башкаларды да өзгөртөт дегендей. Демек, бизди артка тартып жаткан нерселер кайсылар, алардан кантип баш тартабыз, тышкы дүйнөдөгү эң мыкты деген көрүнүштөрдөн эмнелерди үйрөнүшүбүз керек? Ушундай суроолорго туура жооп тапсак, биз азыркы дүйнөгө кеңкесири кирип кете беребиз, эч кыйналбайбыз. Улут катары сакталып калыш үчүн биринчи иретте тилибизди, тарбиябызды өнүктүрүшүбүз керек. Улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан, диний кызыкчылыктан, же корпоративдик кызыкчылыктан жогору коюшубуз керек. Кыргызды кыркка бөлгөн уруучулук деген көрүнүш бар. Аны саясий категорияга айландырбашыбыз керек. Кыз ала качуу сыяктуу жапайы салт бар, аны түп тамыры менен жоюш керек. Керек болсо кытайдын эмгекчилдигин, немистердин тактыгын, жапондор менен чечендердин намыстуулугун, орустардын техникасын үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдөгү башка улуттарды боорубузга тартып алып, аларга ата ордуна ата болгудай жалпы негиздерди түзүшүбүз керек. Алар деле бүгүн эле боор бере койбойт, анткени азырынча ага түрткү бере элекпиз. Ал үчүн мыйзам да, административдик ресурс да керек, анан бирок биринчи иретте өзүбүз оңолушубуз керек да. Өзүбүз оңолбосок өлкөнү ким оңдойт? Ошон үчүн кыргыздар өлкөдөгү эң намыстуу, эң эмгекчил, билимдүү, маданияттуу, ден соолугу мыкты элге айланышы керек. Ошондо алар бизден үлгү алгысы келет, “ии, ушундай жашаш керек экен, булар чын эле мамлекеттин ээси болууга татыктуу эл экен” деп моюнга алат. Антпесе кайдан? Буюрса, улуттун сапаты жакшырганда, улуттук сезими ойгонгондо азыркы албарстыдай болуп өлкөнү басып жаткан терс көрүнүштөрдүн баарын алып ыргытканга шарт түзүлөт. Биз, биз дегеним мекенчилдер жана улутчулдар, ошондой идеяларды жайылтабыз жана ошондой максаттарды көздөйбүз. Элибиз колдосо, Кудай бизди пендем десе – буюрса жетебиз.

– Элибиздин демографиялык маселелерин чечиш үчүн мамлекетибиз кандай чараларды көрүшү керек?
– Бул эми биринчи иретте экономикалык жана укуктук маселелерге байланыштуу. Экономикалык дегеним – өзүң билесиң, өлкөдө жумушсуз болуп, же жумушу болсо да бала чакасын бага албай кыргыздын көбү тентип кетти. Укуктук дегеним ушул – бул өлкөдө өзүн жаран катары көрө албаса, мамлекеттин мамлекеттей кебетеси болбосо, калыстык качып атса, “тойдум байдын кызына” деп кетет да анан. Беш жылда бир шайлоо болсо, анда да добушун бийлик уурдап алса. Же чегарадагы укугун коргоп бере албаса, кишисиңби-итсиңби деп койбосо. Же эмне, кеткендер эле жыргап жүрөт дейсиңби? Канчасы кул болуп жүрөт, канчасы ошол жактын жарандыгын алып кетти, канчасы өлдү. Көбү кайра кыргыз болуп арабызга келиши да күмөн. Балдары андан бетер. Буларды кайра кайтарыш кыйын. Кайтармак тургай жок дегенде калганын кармап калыш үчүн кыргыз эли өзүн Кыргызстандын ээси экенин сезиши керек. Анан өкмөт өзү баш болуп баарын сатып атса ким ишенет буларга? Анысы аз келгенсип өкмөт башчысы килтейген тармакты “1 долларга деле сатмакпыз” деп уялбай айтып атса, ие айланайын, ушу да өкмөтпү? Же элдин байлыгы Данияр Үсөновдун атасынан калган мүлк беле? Же өз колу менен жасап алды беле? Ким ал өзү саткыдай? Кудайдын баласыбы?

Эми кыргыз ошентип тентибеш үчүн биздин экономика кандай болушу керек? Ал үчүн Кыргызстанда кыргыз эли өз өлкөсүнүн ээси экенин сезиши керек. Ал үчүн өлкөнүн экономикасы өз алдынча жана коопсуз болушу керек. Мына Дүйнөлүк соода уюмуна кирээрин кирип алып зыянынан башка пайдасын көрбөй жүрөбүз. Жерибиздин баарын Кытайдын товары каптады. Жеке менчик баарын оңдойт, базар баарын оңдойт дей берген туура эмес, көрдүк аны деле. Антпей тарыхый жактан кыргыз элинин табиятына туура келген, менчиктин коомдук жана жамааттык формалары өнүгүшү керек. Айыл чарба кооперациясы жанданышы керек. Ошондо эл дагы жамаатташып жашайт, айылдын да табигый структурасы бузулбайт, эл дагы бири бирине өнөр үйрөтүп, баар алышат. Эң негизгиси – өзүбүздөгү өндүрүштүн өнүгүшүнө биринчи иретте шарт түзүлүшү керек. Ошондо жумуш орундары пайда болот. Макул, азырынча техниканы го чыгарганга чамабыз жетпейт дейли, эми алма өстүрүп, күрүч эккенге да алыбыз келбей калдыбы? Ошонун баары арзан баа менен эле Кытайдан келип атпайбы. Эмне үчүн буга жол беребиз дейм да. Өлкөдө иштелип жаткан акчанын өлкөнүн өзүндө калышы керек да. Болбосо азыркы мигранттардын акчасы деле жардам бербейт, бүт тышка кетип атат.

Анан мына, ачык эшик саясаты жүрүп атат. Кире турган виза болор болбос акча турат экен. Башкасын билбейм, жаныбыздагы Кытай, Өзбекстан, Тажикстанда элдин көптүгүнөн араң эле турушат. Мейли, ошол бойдон киргизе берели дейли. Анан элүү жылдан кийин эмне болот? Мына демографиялык маселелер. Айылда жумуш болбогон үчүн бүт Кыргызстан Бишкекке үйүлүп калды. А шаарга келген кыздар оңой менен төрөгүсү келбейт. Ошентип кыргыздын саны азаят. Мынакей тапкан пайдабыз.

– Айтмакчы, чет өлкөгө турмушка чыгып жаткан кыздардын алдына кантип бөгөт коюш керек деп ойлойсуң?
– Кыздардын кетип атканынын көп себептери бар. Биринчи иретте, чет элдиктердин байлыгы, жашоосунун тынчтыгы. Бул эми көзгө урунган жагы дечи. А экинчиден, биздин балдардын баары дебейин, бир топ бөлүгү аялзатына, өзүнүн эркектик милдетине туура, жоопкерчиликтүү мамиле кылганды жакшы билбейт. Аракеч болуп басып жүрсө, иштеген иши болбосо, эки сөзүнүн бири “энеңди” деп башталса, үй-бүлөнү бакканга жарабаса, эр азамат болуп ырыстуу иш кылып, ырыстуу сөз айта албаса, анан эле кайсы кыз тийгиси келсин? Бул демек биздин кыздар үчүн кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин баалуулугу жоголуп баратат деген сөз. Аны кайрадан кайтарыш үчүн жана мен айткандай биз үлгүлүү улут, үлгүлүү мамлекет болушубуз керек. Ошондо кыргыздын кыздары башкага тийгенине сүйүнбөй, башкалардын кыздары үчүн кыргыз балдарга турмушка чыккан сыймык боло баштайт. Дагы бир чоң мааниси – тарбия. Балдарга да, кыздарга да туура тарбия бериш керек. Кенедейинен эле “америкалыкка тийгенге аракет кыл”  деп тарбияласа ошондой духта өсөт да. Сүт менен кирген сөөк менен чыгат. Демек баарыбызда күнөө бар. Болбосо сен айткандай көчөдө башка бирөөлөр менен элдин көзүнчө уялбай өбүшүп жытташып турган кыргыз кыздарды көргөндө жактырып атат дейсиңби? Жыга чаап салгың келет экөөнү тең, айла жок. Азырынча абал ошондой, аны оңдош үчүн улутчул, мекенчил жарандар бийлик башына келиши керек.

– Билим берүү тармагы, маалымат каражаттарынын агартуучулук милдети тууралуу кандай ойдосуң? Демократия шартында буларды жайына коюш керекпи же булар деле улутка кызмат кылышы зарылбы?
– Сөзсүз улутка, мамлекетке, коомго кызмат кылышы зарыл. Дегеле демократия деген нерсе чындап келсе башкы максат эмес. Ал болгону мамлекетти, улутту күчтүү кылуунун көп жолдорунун эле бири. Мына маалымат каражаттарынын тарбиялык ролу унутулуп калды. А чындап келсе балдар сыяктуу чоң кишилер деле тарбияга муктаж. Керек болсо бүтүндөй эл муктаж! Коомдогу, мамлекеттеги кемчиликтерди ачык айтып, терс көрүнүштөрдү сындап, абалды терең талдап, жакшы жөрөлгөлөрдү таратса – журналистика өзүнүн жарандык милдетин аткарып жатканы ошол. Анан “баланча ырчынын ич кийими түкүнчөдөй экен” деген денгээлдеги материалдар – бул жарандык журналистика эмес! Базар экономикасы деп эле базар денгээлине түшүп кеткен болбойт. Ар бир нерсенин өз орду болушу керек. Сөздүн салмагы, күчү, жоопкерчилиги, керек болсо уяты болуш керек. Айрыкча кыргыз үчүн.

Билим берүү тармагына деле талап ошондой. Азыр билим берилет, тарбия берилбейт. А мектеп чындап келсе улуттун өкүлүн гана эмес, келечектеги жарандарды тарбиялаш керек да. Мисалы менин эркиме койсо бүт мектептерге эр өнөрүн милдеттүү түрдө киргизет элем. Кыздарга айкидо, ушу сыяктуу жеңилирээк формасын, эркек балдарга катуураак түрүн дейли. Куралдын бардык түрлөрүн пайдаланууну үйрөттүрөт элем. Анан мекенин коргош үчүн кандай шартта ким кандай аракеттениш керек – ушунун баарын өздөштүргүдөй кылат элем. Сөзсүз “Манастын” атайын ылайыкталган түрүн жайылтып, анын идеяларын жатка билгидей кылат элем. Мектепти бүткүчө алардын ар бири мекенин коргоого даяр турган, бири миңге татыган мыкты жоокер болуп чыгат эле. Бул эми келечектин иши дечи, бирок биз баары бир чакан өлкө болгондон кийин ошондой иш-аракеттерге барышыбыз керек экен. Кыскасы жасай турган иштер көп, атаганат, жасай келсең өмүр жетпейт.

Маектешкен Олжобай Шакир, “Айат пресс”, 12.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.