Бишкектеги Айтиев атындагы музейде лекция-концерттердин цикли өтөт

11-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөрүнүн музейинде «Музей ишембилиги» маданий-билим берүү долбоорунун алкагында «Манас» дастанына арналган лекция-концерт өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу, «Устат-шакирт» салттык музыка борборунун деректири Разия Сырдыбаева билдирди.

«Иш-чаралардын максаты мектеп курагындагы балдарды эстетикалык тарбиялоо жана аларды Кыргызстандын искусствосуна жана маданиятына көбүрөөк жакындаштыруу болуп эсептелет», -деп айтты ал.

«Манас» дастанынын экспозициясына арналган көркөм-музыкалык ишембиликке жаш манасчы Самат Көчөрбаев, комузчу Руслан Жумабаев, эмгек сиңирген артист Нурак Абдрахманов, «Устат-шакирт» шаардык музыка ансамбли жана «Манас» президенттик камера оркестринин квартети катышат. Көрүчүүлөр катары борбордогу 68-жана 78-мектептердин 120га жакын окуучулары чакырылган.

А. Бенгард, ЖТ, «Кабар» МА, 08.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.