“Жеңишбек” Алыкулдун чолпону

Улуу Ата Мекендик согуштагы (1941-1945) совет адамынын албан эмгеги менен күжүрмөн эрдигин чагылдырган авторлор арасында Алыкул Осмоновдун да омоктуу орду бар. ал эми акындын айырмачылыгы Жеңиштин жаралышын жалаң эле бир жактуу даңазалоо эмес, оор жоготууга дуушарланган инсандын ички туюм, мүшкүлүн көрсөтүү менен түшүнгөн адамга албан-субан ой айтып, демине дем, кубатына кубат кошкондугунда.

Эгерде көкүрөктү баса, адабий майдандын таразасын карасак кыргыз адабиятында ушул улуу уруш мезгилине тийиштүү, жогорку деңгээлдеги саналуу гана чыгармалар бар: “Майдан” (Узакбай Абдукаимов) “Саманчынын жолу” (Чынгыз Айтматов), “Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга” (Жоомарт Бөкөнбаев), “28 баатыр” (Аалы Токомбаев) жана Алыкулдун айтылуу “Жеңишбеги”, Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” спектакли…

Акындын жалпы чыгармачылыгынан шык алуу менен бирге дал ушул “Жеңишбектен” таасир алгандар арбындагы белгилүү.

Сен жоксуң, эстегенде сыздайт сөөктөр,
Келгин кетип, томсорот күздө жээктер.
Муздатпай сенин баскан издериңди
Кыздарга жолугушат Жеңишбектер, – деп жыйынтыкталган Турар Кожомбердиевдин ыры акынды жоктоо менен бирге:
Кой, ата, жолдош болбо жок пайдага,
Жол карап көл боюна ат байлаба.
Жеңишбек сенин уулуң, жеңиш күнү-
Жадырап келип турар жыл айлана, деген Алыкулдун ой-тилеги ишке ашканын көргөзөт.

– Алыкулду Алыкул кылып тааныткан биздин муун болду. ага ушунчалык таасирленгендигибизден студент кезибизде кайсы, кандай акын экенине карабай эле адабий кружокко чакырып, жаңы ырларын же жыйнагын кызыл-чеке боло сындап жатып калар элек. Баарына бир гана сын же ой: -Алыкулдай акын жок, жазсаңар ошондой жазбайсыздарбы! -деген таризде кескин айтылчу. Азыр мындай чапчандык студенттерде байкалбайт. Алыкулдун ырларын жатка билер элек. Шаршенбек Үмөталиев агай бизге келип сабак өткөнгө чейин эле сыртынан таанып, Алыкул үчүн жасап жаткан кызматы үчүн таазим этчүбүз, -деп дайыма айта жүргөн Бексултан аба “Атанын тагдырын” жазууга шарттанган уруш мезгилиндеги балалыгы менен “Жеңишбектеги” окуянын өзөктөш экенине басым коёт…

“…Жеңишбек-Алыкулдун чолпону ” деген жазууну жазуучу-манасчы, “Теңири Манас” роман автору Ашым Жакыпбектин күндөлүгүнөн окуу менен, ошол 50-жылдардагы студенттердин дээр, дарегине суктанбай койбосун. Ошолордон, 60-70 жылдардагы кыргыз адабияты менен искусство кереметин жараткан таланттар чыкканы да бекер эмес экен. Бул өзүнчө чоң сөз.

Ашым Жакыпбектин сценарист-жазуучу катары калыптанышына Алыкулдун таасир эткенине күндөлүгү күбө өткөнсүйт.

Ондогон күндөлүктөрдү иретке келтирип, китеп кылып чыгарса адабият таануу ишине кошулган өзүнчө бир зор эмгек болорунда шек жок. Буга колунда каражаты, көкүрөгүндө атуулдук ариети барлар же эр көкүрөк жердештери кайрылышар.

Эмесе, окурман журт менен бирге ошол ойлор үзүмүнө ортоктош бололу.

Бүгүн Алыкулдун китебин кармап отуруп, сонун ишке туш келдим. Алыкулдун тандалган жыйнагы Москвадан чыгыптыр. Карап көрсөм, тандалган деген аты болгону менен далай сонун ырлары, поэмалары кирбей калып, кээ бир жакшы, бирок жогоркулардан сапаты төмөнүрөөк ырлары кирип калыптыр.

Экинчиден, кээ бир ырлары начар которулган. Үчүнчүдөн, көпчүлүк ырларынын орусча котормосунда кыргызчасындагыдай адамды тартып туруучу таттуу, магнит күчү сезилбейт-оригиналдуулукту жоготуп койгондуктан, жалпы эле жакшы деген акындардын деңгээлинде калган.

Чынында ырдын поэзиялык толкуңдуулугу жагынан Алыкулдайлар бирдеп саналат…

Мына ушулар жөнүндө пикир, макала жазайын дедим эле. Бирок, ал азырынча башка бир чоң ишке орун бошото берди. “Мырза уулу” Алыкулдун сонун поэмаларынын бири анын башка сапаттарына кошумча фольклорду эң сонун пайдаланышы жаңды эргитет.

Ушул поэма боюнча киносценарий жазалы деген ой- “мальчишеская мечта” болуп калды… Бирок, ойлоп отуруп бир нерседен токтодум: “Мырза уул” түштүктөн алынып жазылган, элдин диалектилик ж.б. көп турмуштук, дүховный кичине айырмаларын, тилин билиш керек. А мен билбейм, Түштүктө болбогом. Барып келүүгө эмес, азыр курсакка тыйын жок…

Турмушка өкүнүп коюп, “Жеңишбекти” окуй кеттим. “Жеңишбек” – Алыкулдун чолпону. “Жеңишбекти” окуп отурсаң эрте жазда көл жээгиндеги атыр жытка мас болгондон да аша кетесиң…

“Жеңишбектей” таттуу -рахаттуу аба жок, болсо да аз.

Ошентип, “Жеңишбекти” экранга “чыгаргым” келди. Бул багытта тажрыйбам жок болсо да бел байладым, ким билет эмне болорун… Эгер, чебердин колуна түшсө укмуш эле болор эле!

Ошентип, “Жеңишбек” киносценарийин бүгүн таштадым.

Бардык күчтү, албетте, жакшы кылууга жумшайм…
Бирок, билбейм кандай чыгарын.
Ашым Жакыпбек 1955-жыл. 6-8-ноябрь.

Бул ою ишке ашкан-ашпаганын дагы иликтеп көрөрбүз, ал эми Ашыке кийин, “Кыргызфильм” киностудиясынын Башкы редактору катары көптөгөн тасмалардын таасирдүү чыгышына зор салым кошкон. Ал эми өзү жазган сценарийлер боюнча “Айдагы жезкемпир”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” кинолору тартылган.

Демек, Алыкул Ашыкеге сценардык шыктын, Бексултан абага драмалык жанрдын дүрмөтүн жакканы туюлат.

– “Ошол тандалмага рецензия жазып, “Л.Г” га жиберсем жарыялабай коюшту. Котормону өтө сындасам керек. Чыкпай кылганына деле бир чети сүйүнөм. Анткени, ага шерденип адабият сынчысы болуп кетишим мүмкүн эле. Редакциянын жообун тапканча кол жазмаларды аңтарганга чолом жок, -дейт Бексултан Жакиев Ашыкенин күндөлүгүнөн улам уланган кеп тизгинин тарта.

Ооба, Алыкулдун таасирине бирилбегендер деле учурашы мүмкүн. Ал эми таалимин алгандар Алыкулдук ойдон жаңы ой серелерине көтөрүлө алышабы. Кеп ушунда.

Ал эми Алыкулдун согуш темасындагы “Бүкөнтай”, “үлпөт ыры”, “Покрышкинге”, “Майдын түнү”, “Чолпонбай”, “Жеңиш ыры”, “Күлүйпа” сыяктуу бөлөк чыгармалары да согуштун трагедиялык маңызын ачкан өзүнчө бир төрмөк. Ушулардын туу чокусу же Ашым Жакыпбек атаган ой чолпону “Жеңишбек” эмеспи.

Башка күндөн гүлдөрү көп ушул ай,
Баарыбызга жыргал берген улуу май.
Күндөй сексен
Тогузунчу май күнү-
Мага кымбат, мүлдө ааламдын күнүндөй.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!

Ата Мекен согушунда эрдик көргөзгөн жоокерлерди, ооруктун эмгекчилерин Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен куттуктап, алардын кайратына, бекем эрки менен рухуна таазим этүүбүз үлгү алуубуз парз.

«Кыргыз руху» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.