Мыкты деп таанылган кыргыз фильмдеринин DVD коллекциясынын бет ачаары болот

26-мартта Бишкекте жайгашкан “Дордой Плаза” соода борборунун “Бизон” аттуу барында “Кыргыз киносунун экинчи деми” (“Второе дыхание кыргызского кино”) аталыштагы DVD коллекциянын бет ачаары болот. Кыргызстандагы Кызматташуу боюнча Швейцариялык бюро билдиргендей, иш чара саат 17:00дө башталмакчы.

Аталган коллекция Кыргызстандагы Кызматташуу боюнча Швейцариялык бюронун Искусствого жана маданиятка колдоо көрсөтүү программасынын жана Готебргдук Фильм Фестиваль фондусунун колдоосунда түзүлгөн. Ага Марат Сарулу, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Марат Алыкулов, Акжол Бекболотов жана Наргиза Маматкулова сыяктуу жаш кыргыз кинорежиссерлору тарткан 11 кинотасмалары кирген.

Кирүү чакыруу кагаздары боюнча. Аны алыш үчүн “Кинематографты өнүктүрүү фонду” коомдук фондусунун директору Улан Исакбеовго кайрылыш керек. Тел: (0552) 878362, email:  ulan.luka@gmail.com

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.