Интернет – жашоо образы
Учурда радиону 50 миллион киши угат. Мындай аудиторияны чогултуу үчүн 38 жыл талап кылынган. Ал эми сыналгыга 13 жыл керек болсо, интернетке мындай аудиторияны чогултуу үчүн 4 гана жыл кеткен. Демек бүгүнкү күндө жаңы медианын орду кандай?
Universal McCann аттуу медиа компания 2009-жылы 29 өлкөдө интернет колдонуучулардын арасында атайын изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында, интернеттеги ар кандай социалдык тармактар жана блогдор адам турмушунда ойногон ролу эбегейсиз зор болгону аныкталган. Анда бул изилдөө берген кызыктуу фактылар:
1. Сыналгы берүүлөр өз салмагын жоготуп баратат деген коркунуч бар. Алсак, дүйнө жүзү боюнча калктын 59 пайызы орточо эсеп менен жума сайын бир жолу онлайн-видео көрүп турушат. Бул өңдүү көрүнүштөр, адистердин айтымында, интернет колдонуучулар үчүн жаңы медиа алардын жашоосунда эң керектүү тармак болгонун тастыктап жатат.
2. Алсак, Кытайда интернет колдонуучулардын 70 пайызынын жеке блогу бар. Ал эми Венгрияда интернет колдонуучулардын 76 пайызынын интернетте социалдык түйүндөрү бар. Ошондой эле Кытай – социалдык тармактагы медианы колдонуучулардын ичинен дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат. Мисалы, Кытайда 42 миллиондон ашык блогчу бар. Бул тизмени толуктаган Америка Кошмо Штаттары 26 миллион блогчу менен экинчи орунда турат.
3. Электрондук кат-куржундарга караганда социалдык тармактар өтө кеңири жайылганын адистер айтып келишет. Буга мисал катары, кеңири белгилүү, профессионал ишкерлерди табуу жана ишкердик мамилени бекемдеген LinkedIn аттуу сайттын колдонуучуларынын саны бүгүнкү күндө 45 миллионго жетти.
4. Көпчүлүгүбүз маалымат издегенде “Википедиа” сайтына баш багат эмеспизби. Бул эркин, универсалдуу интернет-энциклопедияда 13 миллиондон ашык макала сакталган. Бул макалалар 260тан ашуун тилге которулган. Бир айда аталган энциклопедиянын аудиториясынын саны 60 миллиондон ашат. Эң кызыгы, эсептей келсек, эгерде адам “Википедияга” жазган 1 макаласы үчүн 1 доллар ала турган болсо бир сааттын ичинде ал адам 156 доллар тапмак.
Twitter — атайын микроблогдордон турат, микроблогдор колдонуучуларга кыска тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Шарттарынын бири – ал текст 160 символдон ашпашы керек. Twitter’де эң эле көп окулган блогдордун авторлору белгилүү актер жана продюсер Эштон Катчер жана “Гремми” сыйлыгынын ээси, белгилүү ырчы Бритни Спирс. Алардын блогдорун окугандардын саны Австриянын калкынын санын басып өтөт. Ал эми Австриянын калкынын саны 8 миллиондон ашык.
Изилдөөлөр боюнча ушул жылдын апрель айынан тартып, Twitter’ди колдонуучулардын саны бир эле айда 20 миллионго өскөн.
Маалымат булагы – интернет тармагы
Ал эми жаштар үчүн интернеттин ролу кандай? Жаштар маалыматты көбүнчө кайдан алышат? Анда кезек “Азаттыктын” сурамжылоосуна катышкан жаштарда:
Айжамал: Маалыматтарды көбүнчө интернеттен алам. Анткени телевизор көргөнгө же радио укканга убакыт жок.
Камила: Интернетте жаңылыктарды бурмалабай айтышат. Ошон үчүн маалыматтарды интернеттен алам. Бош убактымдын баары интернетте өтөт.
Саадат: Интернетти күнүгө колдоном. Анткени сабактарым интернетсиз бүтпөйт.
Өнөрүң болсо – өргө чап
Дүйнөдөгү эң кары блогчу – 95 жаштагы Испаниянын тургуну Мария Амелия. Мария Амелиянын небереси анын туулган күнүнө блог тартуулаган. Ошол күнү 95 жашка толгон Мария Амелия блогго өзү жөнүндө маалымат киргизген. Эң кызыгы бир эле күндө анын миңден ашуун маектеши пайда болгон. Ошондон тартып Мария Амелия аларга тез убакытта жооп жазып туруу үчүн катчыны ишке алсамбы деп ойлонуп жатат.
Белгилүү Forbes журналы чыгарган жыйынтык боюнча эң бай блогчулар деп миллиардер Михаил Прохоров, алып баруучу Опра Уинфри, Google сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин, “Гарри Поттер” тууралуу китептин автору Жоан Роулинг табылган.
Дүйнөдөгү маркетологдордун 64 пайызы ар кандай рекламалык иш чараларды уюштурууда социалдык медианы жумасына 5 сааттан колдонушат.
Бир күндө дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен 900 миң блог пайда болуп турат. Ал эми азыркы тапта блогдордун саны 133 миллионго жетти.
Жогоруда айтылган бул фактылар интернеттин канчалык деңгээлде өсүп-өнүгүп жатканынан гана кабар бербестен, күнүмдүк турмушубузда да чоң роль ойноорун тастыктап келет.
Жаркын Аманова, “Азаттык”, 04.05.2010-ж.