Курманжан датка тууралуу тасмага даярдыктар жүрүүдө

“Курманжан датка” даректүү тасмасын тартуу алдындагы даярдыктар учурда Ош аймагында башталды. Тасманын режиссеру, Кыргыз эл артисти Замир Эралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Учурда Ош аймагынын кай жерлеринде болуп жатасыздар? Кандай иштер жүрүп жатат?
– Бул жерде азыр абдан чоң иш башталып жатат. Курманжан датка апабыз тууралуу биз тартканы жаткан бул даректүү тасма – Кыргыз киносундагы алгачкы тарыхый тасма. Курманжан датка жөнүндө тасманы жаратуунун алдында Алымбек датка тууралуу көп маалыматтарды окуп-билип, сураштырып-издештирип жатам. Негизги окуялар Алайда тартылат. Тасмага алуу бир айдан кийин башталат. Учурда тартуу алдындагы даярдыктар жүрүп жатат.

Азыр биз анын урпактары менен жолугушуп жатабыз. Мисалы, Абдыкапаров Каныбек, Абдыкапаров Жаныбек, Мусулманкулов Жолдошалы – булар Алымбек датканын урпактары. Мына бул адамдар өз ата-бабалары тууралуу эң кызыктуу маалыматтарды берип жатышат.

Биз жакын арада Алайдын Мады, Лянгар айылдарын, Жошолу, Чыйырчык жайлоолорун тасмага алабыз. Ошто Сулайман тоонун алдында Курманжан датка апабыз менен Алымбек датканын ордосу ачылыптыр. Бул “Манас 1000” мааракесинде тигилген үч кабаттуу боз үй экен. Ичинде бул адамдардын кийимдери, аларга тиешелүү дагы башка буюмдар, документтер бар экен. Биз буларды тасмага тартып алдык.

– Техникалык өксүктөр, өзгөчө сапаттуу камералардын жетишсиздиги Кыргыз кинематографиясында дайыма чоң маселе эмеспи, бул жагынан абалыңыз кандай?
– Ооба, биз бул проблемалардан арыла албай келебиз. Эң негизгиси тасма тартууда камера эмеспи. Камера бизде бар. Эң мыкты болбосо да, жаман эмес. Негизи акча бизге бөлүнгөн. Камерабыз бар. Кыргыз киностудиясы тиешелүү жардамдарын берип жатат. Кыйынчылыктар болсо да аларды жеңгенге аракет кылабыз.

– Курманжан датка тууралуу даректүү тасманы тартууда Орусияга, Финляндияга да барсаңыз керек? Ал жакта да көп документтер бар эмеспи.
– Эми алар алыскы максаттар. Алгач жакын турган Ташкент, Кокон, Алматы шаарларында, анан Казанда да бир топ маалыматтар бар экен. Ошол жактардан баштайбыз.

Анан Мусулманкулов Жолдошалы айтты, көрсө, анын атасынын досунда Курманжан даткага тиешелүү бир чемодан документ болгон экен. Ал киши каза болуп калыптыр. Биз ошол документтерди азыр издеп жатабыз. Ал кишинин аялына жолугуп, ошол чемоданды тапсак, бул эми сенсациялык документ болуп калат го деген үмүт болуп жатат.

– Сиз жогоруда белгилеген каражат Кыргыз кино департаментинен бөлүндүбү же өкмөттөн бөлүндүбү?
– Жок, бул бир жарым миллион сом акча “Курманжан датка” тасмасын тартууга өкмөттөн бөлүнгөн. Мурунку өкмөт деле бизге ушинтип жардам берген болчу. Эми бул акча тасманы толук тартууга жетпейт. Азырынча баштап тура берсек көрө жатабыз да.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 05.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.