Кыргыз тилдүү Уикипедия өнүгүү жолунда

Кыргыз Уикипедиясындагы макалалардын саны алты ай аралыгында үч эсеге өстү. Алардын санын өстүрүүдө “Сорос Кыргызстан ” фондусу жардамын берүүдө.

Бүгүнкү күндө  маалыматты алуу үчүн көп убара болуунун кажети жок. Жөн гана ачык колдонуудагы Уикипедия интернет энциклопедиясынан керектүү маалыматты алууга болот. Анын өзгөчөлүгү – ал ачык маалымат булагы экендигинде. Анткени андан ар бир адам каалаган маалыматты, каалаган учурда акысыз ала алат жана ыктыярдуу түрдө ар-түрдүү маалыматтарды ага өзү кошо алат.

Кыргыз Уикипедиясындагы макалалардын саны  акыркы жарым жыл ичинде үч эсеге көбөйгөн. 2012-жылдын башында Кыргыз уикипедиясындагы макалалардын саны 4920га жетип, алардын саны боюнча Кыргызстан 139-орунга чыкты. Эскерте кетсек, былтыркы жылдын июнь айына жарыяланган макалалардын саны 2000ге жетпейт эле.

Бирок мындай өсүү темпине карабастан Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн уикипедиядагы макалалардын саны боюнча бир топ артта турат: англис тилинде – 3865501, орус тилинде – 818761, казак тилинде – 124947, тажик тилинде – 9421, өзбек тилинде – 7875, түркмөн тилинде – 4428. Өзүңөр көргөндөй, коңшулаш өлкөлөрдүн арасында биз бир гана Түркмөнстандан алдыдабыз.

Кыргыз уикипедиясынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнү “Сорос Кыргызстан” фонду колдоого алган. Аталган уюм Кыргызстандын 5 жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешип келет.Бул окуу жайларды “Сорос-Кыргызстан” фонду Интернет менен камсыз кылат. Мындай окуу жайлардын бири Кыргыз Улуттук университети. Бул окуу жайдын  пресс-катчысы Жээнбек Эралиев: “Ар бир студенти Уикипедияга жылына 1000 макала жазуусу зарыл”, – дейт.

Уикипедияга ар дайым өздөрүнүн макалаларын жазып турган активдүү жаштарды колдоо максатында Ысык-Көлдүн Бостери айылында өлкөнүн булуң бурчунан уикипедистер чакырылып, аларга атайын семинар, тренингдер өткөрүлгөн. Семинарга Ош шаарынан Коңүрбай кызы Канымбү да катышкан. Ал Ош Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенти. Ал Уикипедияга өзүнүн макалаларын былтыркы жылдын октябрь айынан баштап жаза баштаган. Бүгүнкү күндө ал 50дөн ашуун макаланын автору. “Семинарда мен макаланы кантип жазуунун жолдорун үйрөндүм”, – дейт Канымбу Коңурбай кызы.

Кыргыз Уикипедиясы тез толтурулуп жатканы менен, алдыда али көп иштер бар. “Кыргыз уикипедиясынан азырынча каалаган маалыматты табууга болбойт,ал эми табылышына кепилдик көп тармактар – география жана тарых”, – дейт Уикипедиянын активдүү колдонуучусу Тынчтыкбек Досмуратов. Ал кесиби боюнча түрколог жана тилчи болгондуктан ушул тармактагы макалаларга көп басым жасайт. Анын көп материалдары кыргыздардын тарыхы, кыргыз тилиндеги диалектологиясына арналган.

Т.Досмуратовдун баамында, Уикипедияда жайгаштырылып жаткан маалыматтардын баарын эле так, туура жана анык деп айтууга болбойт. Анткени студенттер жайгаштырган кээ бир макалаларда шилтеме такыр көрсөтүлбөгөн. Ошол себептен 100 пайыз ишенимдүү деп айтууга болбойт.

Кыргыз Уикипедисын өнүктүрүү боюнча “Сорос-Кыргызстандын” долбоору 2012-жылдын май айында аяктайт. Бирок бул маалымат ресурсун өнүктүрүү токтобойт. Мисалы, жождор бул иштерин уланта бермекчи. “Биздин студенттер бул кызматташтык аяктагандан кийин да Уикипедияга макалаларды жазып турушат”,-дейт Жээнбек Эралиев.

Самара Парпиева,
“Internews Network”  уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн
“Журналистика боюнча кышкы метептин” окуучусу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.