Баланы бешикке бөлөө каадасы
Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет.
Илгертен эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чыкырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Ошол салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо – бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо – чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп “бар бол”, “оң бол” деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: “Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!”-деп алып барып жаткырышып, “Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!” деп таңат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Анан байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет. “Ой, кайда жөнөдүң? Кайда барасың?”-деп сураганда: “Мекеге баратам”,-деп жооп берет.
Мына ушул бешикке салуу ырымы делет.
Алдей ыры
Наристе бешикке салынгандан баштап бешик ырлары ырдалат. Аны ар бир эне баласын уктатаарда бешикти терметип жатып ырдайт. Мындай ырлар мээримдин, сүйүүнүн мисалы.
Алдей бөбөк ыйлаба,
Энекеңди кыйнаба.
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу.
Элди жоодон коргогон,
Баатыр болор бекенсиң.
Эл таалайын ырдаган,
Акын болор бекенсиң.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк.
Айланайын көзүңдөн,
Атасына нак балам.
Айланайын чырагым,
Колго бүткөн курагым.
Жакадагы кундузум,
Асмандагы жылдызым.
Бешикке байланыштуу ырым-жырымдар
Баланы бешикке бөлөгөндөн кийин тынч уктасын деп бешиктин үстүнө тогуз уйкучу адамдын кийимин жаап коюшат.
Бөбөктү бешикке бөлөп жаткан учурда үйгө кирип келген адам баланын бутун таңып бүтмөйүнчө чыкпай туруш керек. Болбосо уйкусун кошо алып кетет деп коюшат.
Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат деген ишеним бар.
Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Ошондон улам баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзүн да бешиктин үстүнөн алып беришпейт.
Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүп барганга окшоштурулуп, суук көрүнгөндөн улам пайда болсо керек.
Бешикти экөөлөп терметкенге да уруксат берилбейт.
Бала бөлөнгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.
Бешик сатып алып жатып соодалашпай, сураган акчасын берип алыш керек.
Бешик тууралуу педиатрдын пикири
Сагынбаева Динара Омурзаковна,
№9 бейтапкананын №4 үй-бүлөлүк
дарыгерлер тобунун жетекчиси:
– Биздин медицинада ушул убакка чейин бешикке каршы бир ооз сөз болгон эмес жана болбойт деп ойлойм. Кылымдардан бери келаткан бул ыйык буюмду кантип жерийли? Мен жаш энелерге баласын бешикке бөлөөсүн сунуш кылар элем. Бешикке жаткан баланын асты дайыма кургак, жел тийип калуу коркунучу жок болот. Натыйжада, баланын уйкусу тынч болот да, ал ортодо эне жумуштарын бүтүрүп алууга үлгүрөт. Бешикке жаткан баланын башы чайпалып калат, буту тайтак болуп калат деген айрым жаш энелердин мындай пикирлерин мен балдар врачы катары жокко чыгарат элем. Эгер бешиктин балага терс таасир этүүчү кандайдыр бир кемчилиги болсо ушул убакка чейин медицинада жок дегенде бир жолу маселе көтөрүлмөк да. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, мен да бардык балдарымды бешиктин жардамы менен баккам. Эми ошол бешикке неберелеримдин жатуусун тилек кылып, ар бир буюмун аспеттеп сактап койгом. Андыктан, кадырыңыздар жан болсун, урматтуу жаш энелер!
Энелердин пикири
Зейнеп Шаакеева, ырчы:
– Эгер бала бешикке туура бөлөнсө, албетте, жакшы. А туура эмес бөлөнсө, балага зыяны тиет экен. Мисалы, жанынын тынчына карап эртеден кечке баласын бешикке жаткырып койгон айрым энелер бар. Мындай учурда баланын башынын формасы бузулат. Же болбосо көп жаткандан бала тердейт да, чечкенде шамалдайт. Менин да улуу эки балам бешикке жатып чоңоюшкан, андан кийинкилерин шаардыктарча эркин коюп чоңойттум.
Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
– Мен бешикти ата-бабадан калган ыйык буюм катары эле сыйлаганым болбосо, колдонгон жокмун. Албетте, мен, менин бөбөктөрүм бешикке жатып эле чоңойдук. Туура, анын көп эле пайдалуу жактары болсо керек, мисалы, илгери ата-бабаларыбыз көчмөн турмушта жашаганда бешик атка өңөргөнгө ыңгайлуу болгон. Азыркы кезде бешиктин зыяндуу жактарын өз турмушумдан кезиктирдим. Кээ бир бешикке көп жаткан туугандарыбыздын балдарынын буттары тайтак, бойлору кичине болуп, баш сөөктөрү жалпайып калганын көрүп жүрөм. Бешикти баланы кароодон эриккен энелер эле көп колдонбосо, азыр көпчүлүк жаштар колдонбой калды го, менимче.
Неля, ырчы:
– Мен мурун бешикке көп маани берчү эмес экенмин. Азыр бешикти карап отуруп биздин ата-бабаларыбыздын бардык ыңгайлуулуктарды эске алып, ушунчалык кылдаттык менен жасаганына бир чети таң калсам, бир чети ушундай белекти бизге тартуу кылганы үчүн ыраазы болом. Биринчиден, бешикте бала тынч уктайт, экинчиден, жаткан жеринде “ишин” кылса да асты таза, үчүнчүдөн, балага жел тийбейт, төртүнчүдөн, бала жыгылбайт, андан тышкары, бешик экологиялык жактан таза, деги койчу, бир кемчилиги жок. Супер заманбап коляскасы да, манежи да биздин бешикке эч тең келбейт. Биздин балабыз эки айынан баштап бешикке жатып, аябай көнүп алды. Кызыгы, бош жатса бир саат уктайт да, бешикте 2-3 саат уктайт. Ошондуктан, конокко барганда баланы уктатуу жагынан менде чоң маселе жаралат. Жаш энелерге, болочоктогу энелерге баланы бешикке бөлөөнү сунуштаар элем.
Азиза САТИМБЕКОВА, «Леди.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.05.2010-ж.