Кыз ала-качуу

Америкада бир семинарга барып калсам, ошол жердеги профессор Кыргызстанга кызыгып, Интернеттен текшерип караса, кыз уурдоо салты тууралуу бир чет элдиктин видеосу чыга калыптыр. Аны корүп алып, эжекейим шок болуп, ушундайбы салтыңар деп аябай капа болду. Мага Интернет адресин берди эле видеону көрсөм чындап эле укмуштай экен. Бул журналист тартканда да тээ биздин ажаан жеңелерден тандап тарткан экен, алар байкуш кызды баса калышып, көз жашын көлдөткөнүнө карабай жолук салып, иши кылса батыштык эмес, бишкектик менин көзүм менен караганда деле жапайы гана эмес, ушунчалык ырайымсыздыкты, таш боордукту, жапайычылкыты көрүп, зээним өтө кейиди. Эртеси күнү сабакка баргандан бетим чымырап, уялып, араң барып, артыңкы партада олтурдум. Эми кантип түшүндүрмөк элем кыргыздар тууралуу, ал кишинин оюн өзгөртүү кыйын болуп калды го. Бишкекте бир америкалык досум айтчу: “Кыргыз жигиттер кыздар менен мамиле түзө алышпагандыктан уурдоого барып атышат, мектептен мунун үйрөтпөйт”, – деп. Анын сөзүндө да чындык бар. Бул маселе – медалдын бир жагы.

Медалдын экинчи жагы бир кыйла татаалыраак, анткени кээ бир чет элдик, ошондой эле биздин эле жарандарга байланыштуу бир нече маселе пайда болуп жатат. Ушул жайда Ысык-Көлдө өтө маанилуу конференция болгону турат, ошол конференцияга мени чакырып бир кат түштү емайлиме. Кыз уурдоо салтына байланыштуу бир чет элдик окумуштуу тегерек стол уюштуруп жаткан экен. Мен ага кеңири түшүндүрмө бердим, кандай кабыл алды, көрө жатаарбыз, бирок менин оюмча, ал киши орус болуп калган кыргыздарга көбүрөк ишенет окшойт. Негизи мен ага кыргыздын кыз ала качуу салты менен кыз уурдоо кылмышынын айырмасын айтып бердим. Ошондой эле бул салтты туура эмес түшүнгөн киргиздерибиздин колдоосу менен кээ бир чет элдик уюмдар кыргыздын аброюна дүйнөлүк деңгээлде өтө чоң зыян алып келип жаткандыгын, керек болсо бул үчүн ошол уюмдар моралдык жактан кыргыз элине көө жапканы үчүн 10 млрд. евро компенсация төлөсө да элдин намысын ордуна келтире албай турганын да айтканга чейин бардым. Анткени кыз урдоо бул чынында кыргыздын салты эмес, бул көп улуттарга тиешелүү. Орустун “Кавказская пленница” деген фильмин унута электер Кавказда ушундай салт бар экенин билет. Ал эми чынында бул салт Кавказдан да ары тээ байыркы гректерде бар экен. Мен мунун атайын изилдеп чыктым.

Кыз ала качуу салты – ыйык салт. Бул салт махабаттын касиетин жана кыргыз элинин эркиндикке болгон терең урматын даназалаган, башка миңдеген оор жана зыяндуу салттардан айырмаланган маанилүү салт. Бул салтты түшүнүү үчүн окумуштуу болуп деле кереги жок, болгону кыргыз тилин билип, анан кыргыздын дилине жана салт-санааларын кичине кызыгып карап көрүп эле жетиштүү. Мисалы, Жантай чалга сатылган кыздын арман ырынын контекстин ала турган болсок, анда материалдык байлыкты өздөрү жараткан кызынын тагдырынан артык көргөн ата-эненин жоругу тартылган. Бул поэманын авторунун максаты – окурмандын жандүйнөсүндө Жантайга гана эмес, материализмге, жакшылыкты муунткан кээ бир салт-санааларга карата сезимдерди ойготуу экенин баамдаса болот. Анткени өткөн кылымдарда кызын сатуу салты күчөп, көп жаштардын көз жашы төгүлгөн. Ошону менен катар эле бул салтка ачык каршы чыгуу кыйын болгон, анткени кыргыздар ата-энени кудайдындай көргөн, бир нерсе айтуудан айбыккан, ал эми салттын баары ыйык эсептелинген. Анын үстүнө жакырчылык менен авторитаризм муунтуп жаткан коомдо көп эле интеллектуалдар акыйкаттыкты ачык айта алышкан эмес. Ал эми жогоруда аталган поэма ошол доордун караңгыда жагылган шам чырактарынын бири болгон. Ушундай оор жана ырайымсыз салттардан кутулуу үчүн кыргыздар кыз ала качуу салтын жаратышкан. Бул салттын максаты – сатыкка башы байланган же бешиктейинен кудаланып калынган кыргыздын кырчындай кызын мындай оор тагдырдан куткаруу болгон. Бул салттын маңызы – ачкөздуктөн жана кулчулдуктан сүйүүнү куткаруу болгон.

Кыз ала качууда сүйүшкөн эки жаш, кээде кыздын жеңеси катышкан. Сүйгөн жары үчүн, эркиндик үчүн, ыйык махабат үчүн бардыгын курмандыкка чалууга бел байлаган кыз өз эрки менен түбөлүк өмүрлүк жары экөөлөп бирге болжошкон күнү булактын жанына келет. Ошол жерден жигит кызды ала качат, башкача айтканда кызды кулчулуктан куткарат. Жигит кыздын эрки менен ала качат. Муну эки жаш чогуу ишке ашырышат. Кыз-жигит муну өз ата-энесин жана туугандыктарынан түбөлүк качып кетуу максатында эмес, тескерисинче келечек кыргыз тукуму ак сүйүү бааланган үй-бүлөдө эркиндикте төрөлүүсү үчүн кылышат. Анткени кулчулдук менен эркиндиктин айырмасы асман-жер. Бул салт кыргызга ушуну айтайын дейт. Эгерде кыргыз менин айтып жатканымды түшүнсө, анда заман өзгөрөт, ал эми түшүнбөсө азыркы абалда кала берет. Ал эми азыркы заманда кыргыз эркин эмес.

Кыз уурдоо менен кыз ала качуу салтынын айырмасы асман-жер. Кыз уурдоо – бул кылмыш, кул мүнөз, билимсиз акмактардын иши. Бул макаланы окуганга чейин уурдагандарга айтып жатканым жок, бул макаланы окуп, ыйык салт менен ыплас салтын айырмасын билип туруп, кыздарды уурдагандарга кечирим болбоо керек. Ошондой эле кыргыздын салттарын унутуп, кыргыздын тилин билбеген, дилин түшүнбөгөн, чет элдик гранттар үчүн элинин аброюн саткан боордошторумун намысы ойгонсун деген тилекте жана ыйык салтка жамынган кылмышты айыптоо максатында ушул макаланы жаздым. Анткени мен өзүмдү патриот агартуучулардын биримин деп эсептейм, ошондуктан кыянаттуу идеяларды жараткан билимсиздикке каршы агартуу эмгегин жаратуу менин милдетим, ал эми аны элге кеңири жеткирүү болсо башкалардын жумушу.

Мамбеталиев Аскарбек, Эл аралык билимдин магистри,
Нью-Йорк Университети, Нью-Йорк шаары, 2008-жыл.

Кыргызча Википедиядан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.