“Тогуз кайрык” телесынагы
УТРК жана маданият министрлиги тарабынан 2010-жылы 14-майда бекитилген
Муратаалы Күрөңкеевдин 150 жылдыгына,
Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын
республикалык “Тогуз кайрык” телесынагынын ЖОБОСУ
Бардык элдик өнөрдүн башаты болгон үч кыл комуз кыргыз менен кошо кылым карыта жашап, анын рухий дүйнөсүнүн, улуттук жүзүнүн көрсөткүчү катары көркөм дөөлөттөрүнүн уюткусун түзүп келди. Ошо жөпжөнөкөй үч кылына симфонияга тете чыгармаларды сыйдырган керемет комуз кыргыздын кылымдаган тарыхын урпактарга жеткирип отурат.
Береги эле Токтогул, Карамолдо, Ыбрай, Атай, Шекербектей залкар комузчуларды берген элдин, кудай насиптеген ыйык комузун даңазалоо максатында комузчулардын республикалык “Тогуз кайрык” телесынагы кайра жанданды.
Аны өркүндөтүү, адистик деңгээлге жеткирүү максатында мада-ният министрлиги, Бишкек мэриясы менен бирдикте телевидение 2010-жылдын июль – август айларында комузчулардын республикалык “Тогуз кайрык” телесынагын өткөрөт.
Сурап билүү телефондору: 0555-0019-15; 0778-63-22-00; 0777-02-53-53 (УТРК), (0312) 66-11-28, 62-34-97 (маданият министрлиги).
Телесынактын максаты
1. Эл жерибизди, мекенибизди сүйүүгө, улуттук дөөлөттөрүбүздү урматтоого, жашоонун жакшы көркөм кенчин үйрөнүүгө, ошолордун негизинде жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого чыгармачылык күлазык болуп келген комузчулардын, күүчүлөрдүн сапатын жогорулатуу, чыгаан комузчуларды тандоо, тарбиялоо менен алардын талантын радио, телевидение, басма сөз аркылуу кеңири насыяттоо, элге жайылтуу.
2. Республикадагы жалпы маданий-массалык иш чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык табитин калыптандыруу менен маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
3. Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук чеберчиликти адистик бийик деңгээлге көтөрүү, алардын көркөм мазмунун жогорулатуу максатында авторлорго, аткаруучуларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү.
4. Айрыкча соңку кездердеги кеңири кулач жайган жеңил-желпи музыканы ооздуктоо менен, жаштардын табитин нукура элдик салттуу музыканын кооз үлгүлөрү менен тарбиялоо.
5. Катышуучунун сырткы келбети гана эмес, жандүйнөсү менен да сулуу экенин, байыртан келаткан улуттук аспабыбыздын заман талабына жараша өркүндөп жатканын айгинелөө.
Телесынактын тогуз сынамы:
1 – чыгарманын мазмунун, тарыхын билүү,
2 – аткаруучулук чеберчилиги, артисттүүлүгү,
3 – күүнүн аткарылышынын тактыгы, уккулуктуулугу,
4 – сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү,
5 – кыймыл-аракеттин ийкемдүүлүгү,
6 – жогорку чеберчилик (техникалык) табылгалар,
7 – усталык чеберчилик (комуз, кыл, буроо, тепкек жасоо, кыл тагуу, койдун ичегисинен жасагандарга артычылык берилет),
8 – салттуу күүлөрдү аткаруу (моюн күү, бел күү, аяк күү),
9 – калыстар тобунун тандоосу боюнча чыгарма аткаруу.
Телесынактын тогуз тапшырмасы
1 – Комуздун коштоосунда саламдашуу (убактысы үчтөн беш минутага чейин),
2 – Тепке жасоо (буроо, тепке, кыл жасай турган материалдарды өздөрү алып келет, убактысы үчтөн беш минутага чейин),
3 – Комуздун коштоосунда бирден ыр (убактысы үч минутадан),
4 – Күүнүн баянын айтып чертүү (моюн, бел, аяк күүлөрдү билет
боюнча айтып чертүү, убактысы үчтөн беш минутага чейин),
5 – Обон күү,
6 – Кара күү,
7 – Күү чертишүү,
8 – Комузчулар ансамблинин аткаруусунда бирден күү чертүү (убактысы үчтөн беш минутага чейин),
9 – Жаңы күүнүн бетачары.
Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат. Эгер жаңы күү жок болсо, сегизинчи тапшырма менен чектелет. Бирок Муратаалы менен Атайдын ыр-күүлөрүнө билет менен катышып, алардын наамындагы биринчи байгеге ат салыша алат. Эгер жаңы күү тартууласа, упай ыйгарууда артыкчылыкка ээ болот.
Эскертүү:
Тогуз тапшырманын кээ бирин аткара албагандар башка түрү боюнча ат салышат. Маселен, күү черткенде, Муратаалынын шакирттери: Карамолдо, Чалагыз, Ыбрайдын күүлөрүн, Атайдын шакирттери: Шекербек, Асылбек Эшмамбетов, Жумаалы Сейдалиевдин күүлөрүн чертсе болот.
Сынакка жеке аткаруучулар жана ансамблдер катыша алышат.
Ансамблдин мүчөлөрү жөндөмүнө жараша ар башка номинацияга катыша берет.
Эгер Муратаалы менен Атайдын ыр-күүлөрүн, мындан тышкары тогуз тапшырманы билет менен бүт аткарууга белсенген талапкер баш байгеге ат салышат.
Телесынактын жүрүү тартиби
Тандоо туру ар бир облустун өзүндө өткөрүлөт. Ага чейин райондун комузчулары облуска тандалып келинет. Облусттарда биринчи тандоо туру төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт.
1. 21-22-июль. Баткен облусу, тел: ( 036 22) 2-22-96.
2. 24-25-июль. Ош облусу жана Ош шаары, тел: (032 22) 2-29-96, 2-29-07.
3. 27-28-июль. Жалалабад облусы, тел: (037 22) 5-65-85.
4. 31-июль-1-август. Нарын облусу. тел.: (035 22) 2-10-07.
5. 7-8-август. Ысык-Көл облусу, тел: (039 22) 5-15-71.
6. 14-15-август. Талас облусу, тел: (034 22) 5-31-80.
7. 18-19-август. Чүй облусу, тел: (0312) 21-43-55.
8. 21-22-август. Бишкек шаары. тел: ( 0312) 62-04-82.
Республикалык 2-турга ар бир аймактан 9дан катышуучу тандалып алынат.
2-тур 26-августта, 3-тур 27-ав-густта Улуттук телерадиокорпорациянын концерттик студиясында өтөт.
Гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 28-августта Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын чоң концерттик залында саат 19.00дө башталат.
Уюштуруу комитети
“Тогуз кайрык” телесынагында билет менен милдеттүү түрдө аткарууга сунушталган чыгармалар
Муратаалынын комуз күүлөрү:
1. “Желпиме”
2. “Карагул ботом”
3. “Кербез”
4. “Керөзөн”
5. “Муратаалынын камбаркан”
6. “Муратаалынын кербези”
7. “Насыйкат”
8. “Сур толгоо”
9. “Такмаза”
10. “Төтөп шыңгырама”
11. “Үч дос”
12. “Чоң кербез”
13. “Шыңгырама”
14. Күрөңкөй. “Кыз-күйөө”
15. “Мас күйөө”
Атайдын комуз күүлөрү:
1. “Актамак – Көктамак”
2. “Марш камбаркан”
3. “Маш ботой”
4. “Кыз кербез”
5. “Саадак какты”
6. “Эпкиндүү шыңгырама”
7. “Карөзгөй”
8. “Шекер”
9. “Черт комузду”
10. “Кыял күү”
11. “Тоо булбулу”
Атайдын ырлары:
1. “Ой, булбул”
2. “Гүл”
3. “Күйдүм чок”
4. “Жаштарга”
5. “О, жеңе”
6. “Эр Панфилов”
7. “Сагыныч”
Муратаалынын кылкыяк күүлөрү *:
1. “Ак токту”
2. “Ат кетти”
3. “Ботой”
4. “Кербез”
5. “Өксүү”
6. “Керме-Тоо”
7. “Керөзөн”
8. “Кош кайрык”
9. “Күрөңкөйдүн сурнай күү”
10. “Селкинчек”
11. “Сыздама”
12. “Түнкү күзөт”
13. “Эки дос”
14. “Эки жол”
15. “Байге”
* Эскертүү: Муратаалынын кылкыяк күүлөрү сынакка кирбегени менен, ал боюнча ат салышкандар атайын байгеге татыктуу болушат.