Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конкурстун лауреатын сыйлоо болуп өттү

Украинага 12-мартта Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык конкурстун лауреаты Кременец облустук гуманитардык-педагогикалык институтунун студенткасы Ирина Грюбукка сыйлоо болду. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен билдиришти.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эркин Мамкулов конкурска активдүү катышкандыгы үчүн И. Грюбукка ыраазычылыгын билдирди. “Ч. Айтматовдун залкарлыгы ал улуттук гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкондугунда турат. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуу жана орто муундагы адамдарга гана жакын болбостон, ошондой эле Украин жаштарынын да нукура кызыгуусун пайда кылып жаткандыгы өзгөчө жагымдуу”, – деп белгиледи Эркин Мамкулов.

Ж. Т., «КАБАР» МА, 16.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.