Көңүл буруңуздар! “Мага жакын…” аттуу адабий сынак жарыяланууда

Сынакка катышуу үчүн чыгармалар 2013-жылдын 13-январына чейин кабыл алынат.

Сынактын уюштуруучулары: “Ковчег” жаш акын-жазуучулардын чыгармачыл бирикмеси

Сынактын максаты: Кыргызстандын жаш акын-жазуучуларынын танышуусун жана чыгармачыл активдүүлүгүн чыңдоо болуп саналат.

Сынактын Номинациялары:
– Поэзия (ыр)
– Проза (кара сөз)

Чыгармалар кыргыз жана орус тилинде 2012-жылдын 13-июлунан 2013-жылдын 13-январына чейин кабыл алынмакчы.

Сынактын жыйынтыгында эң мыкты деп табылган чыгармалар “Мага жакын…” аттуу альманахка жарыяланат.

Сынакка катышуу үчүн атайын анкета толтуруп, чыграманы төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек:  lit.network.kg@gmail.com

Анкетанын формасын төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыздар: http://literaturenetwork.blogspot.com/2012/11/blog-post_4.html

Чыгармалар жана анкета  MS Word (.doc же .docx) файлдарында, Times New Roman шрифтинде,: 12 пт өлчөмүндө 1,5 интервал менен жазылып жөнөтүлүүсү керек.

Чыгармалардын көлөмү:

 – проза үчүн –  20 миң белгиге чейин (боштуксуз)
– поэзия үчүн – 50 сапка чейин

Сынактын жобосун төмөндө кошумча файлдарда таба аласыз.

Чыгармаларды кабыл алуу боюнча баардык маалыматтар сынактын уюштуруучулары тарабынан ММКда, Network долбоорунун блогунда (http://litnetwork.kloop.kg/), жана ошондой эле  – Одноклассники (http://odnoklassniki.ru/group/54309885050898), Facebook (http://www.facebook.com/pages/Ковчег-группа-писателей/308165412564120?ref=ts)Twitter (@lit_kg), социалдык тармактарында жарыяланып турмакчы.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү электрондук дарекке:   lit.network.kg@gmail.com же болбосо +996(556)321910 (Данияр)телефон номерине кайрылсаңыздар болот.

Проект Network Сеть литературных клубов

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.