Бишкекте “китептердин саякаты” өттү
30-майда Бишкектеги «Китепкана» кафесинде өткөн Буккроссингдин уюштуруучулары жана катышуучулары китеп жан дүйнөнү байытаарын, китепти окуп бүткөндөн кийин башкаларга дагы ал китепти окуп чыгууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин баса белгилешти.
Китептердин бир адамдын колунан экинчисине өтүп, саякат кылышын камсыз кылган бул буккроссинг иш-чарасын жаш жазуучулардын «Кеме» аттуу демилгечи тобу уюштурган. Алар жаштар арасында китептин беделин көтөрүүнү максат кылышат.
21 жаштагы Бишкектин тургуну Евгений Шепков буккроссинг иш-чарасына биринчи жолу келип жатат. Мындай иш-чаранын болоорун досторунан угуп, алмашып окуу максатында жакшы көргөн китебин да ала келген:
-Мен өзүмдүн сүйүктүү китебим болгон Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаада” жана “Адамдар ааламы” аттуу китебин алып келдим. Бул чыгармаларды абдан жакшы көрөм. Мындай жакшы чыгармаларды кайсы бир адам менен бөлүшүп, кайсы бирөөнө белекке бергим келип жатат. Менимче, жакшы нерселер менен бөлүшүүнүн өзү жакшы. Эгер мага бирөө китебин берсе чын дилим менен алмакчымын.
Буккроссинг иш-чарасынын катышуулары учурда белгилүү болуп жаткан жаңы китептерден баштап, мындан жарым кылым мурун басылып чыккан китептерди дагы алып келишкен. Алсак, Александр Дюма, Экзюпери, Сервантес өңдүү дүйнөгө белгилүү жазуучулардын китептерин бүгүңкү китеп алмашуу иш-чарасынан табууга болот.
Жаш жазуучулардын «Кеме» аттуу демилгечи тобунун мүчөсү жана буккроссингди уюштуруп жаткан Сабина Рейнгольд иш-чараны китеп белек кылуу күнү деп эсептөө керектигин айтат:
-Китепти белекке берүү күнү кадимки китепке элдин кызыгуусун артырууга багытталган. Учурда көпчүлүк эл компьютер же интернет аркылуу китеп окуп жатышат. Биз болсо кадимки китепти өнүктүрүүнү максат кылабыз. Көпчүлүк жаштар, өзгөчө айылдан келгендер көп китеп окуй беришпейт. Натыйжада биз алар менен байланыш түзүүнү жана адамда рухий баалуулуктарды өстүрүүнү каалайбыз.
Буккроссинг алгач Европа өлкөлөрүндө мындан 10 жыл мурда пайда болгон. Натыйжада буккроссинг бир китептин бир нече окурмандын колуна өтүп окулушу болуп саналат. Кээ бирлер буккроссингди китептин эркиндикке чыгуусу да деп атап коюшат. Батыш өлкөлөрүндө окурман окуп бүткөн соң китебине өз дарегин жазып парктарга, көчөдөгү отургучтарга коюп кетет. Аны таап алган адам китепти окуп чыгып, кайрадан коомдук жайларга таштап кетет. Ошентип китептин саякаты башталат.
Бишкектеги буккроссингдин уюштуруучуларынын бири Иван Павлюхин бул иш-чарага катышууну каалагандар үчүн эшик ачык экендигин белгилейт:
– Бизде кирүү акысыз. Бул жерге катышууну каалаган ар бир адам келе алат. Биз келгендерди тосуп алып, китеп алмашуунун эрежелерин түшүндүрүп беребиз. Алгач ар кыл көңүл ачуучу оюндар, мелдештер болот. Андан кийин китеп алмашуу башталат. Эгер катышуучу кайсы бир китепти көрүп аны алууну кааласа, китептин ээсине барып, ал менен таанышып, китеп алмашуу боюнча макулдаша алат. Натыйжада бири-бирине китепти белекке берсе же алмашса болот.
Бишкекте буккроссинг жаш жазуучулардын демилгечи тобу тарабынан үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулар мындан ары бул иш-чараны эки айда бир өткөрүп турууну пландап жатышат.
Уюштуруучуларга кеңеш берип, аларга жол көрсөткөн Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу Елеонора Прояеванын айтымында, буккроссинг китеп сүйүүчүлөргө өзгөчө маанай берип, окурман чөйрөсүн пайда кылаарын белгилейт:
– Бул жердегилер кокусунан гана чогулган адамдар эмес. Бул жерге жөн гана көңүл ачууну каалагандар эмес, бийик деңгээлдеги көркөм өнөргө кызыккандар келип жашышат. Менимче, элдердин мындай бийиктикке болгон умтулуусун баалай билишибиз керек.
Буккроссингдин уюштуруучулары китеп алмашуу менен окурмандар арасында достук пайда болооруна ишенишет. Жаш жазуучулардын «Кеме» аттуу демилгечи тобу мындай иш-чарага келечекте дагы көп-көп окурманды тартууну каалашат.
Кубат Касымбеков, “Азаттык”, 30.05.2010-ж.