Аскер Сакыбаева: Мен сагынган китеп же ыйлаткан “Анна Каренина”

a_sakybaevaАдам өз өмүрүндө китептен алган катуу таасирлерин өмүр бою эсинен чыгарбайт эмеспи. Бала кезде катуу таасир калтырган китептер дале эсимде.

Ч. Айтматовдун “Жамийласы”, Жан Грандьенин “Чыгаан капитаны”, К. Жантөшевдин “Каныбеги”, А. Стамовдун “Нөшөрдөн кийини”, С. Өмүрбаевдин “Телегейи”, К. Осмоналиевдин “Ыйык жери”, “Көчмөндөр кагылышы”, Т. Касымбековдун “Келкели”, Л. Толстойдун “Анна Каренинасы” менен “Согуш жана тынчтыгы”, А. Пушкиндин “Дубровскийи”, “Капитан кызы”, Р. Гюнтекиндин “Боз торгою”, булардан сырткары толуп жаткан башка китептерди айтпай эле коеюн.

Бирок ортодо кесиптик билим алуу, үй-бүлө куруу, бала-чака багуу сыяктуу түйшүктүүжылдар учурунда бала кездегидей китепти күнү- түнү колдон түшүрбөй окуган мезгил болгон жок. Ошентсе китепке болгон сүйүү, ооба сүйүүкайра кайтып келди. Бул жөнүндө ананыраак кенен сөз кылабыз, азыр менин айтайын дегеним, биздин балдарыбыз көркөм адабият, дегеле китеп дегенди окубай калды. Азыркы балдар китеп дүйнөсүнө келерине көз жетпейт. Мектепке сабак үчүн китеп окуу зарыл болсо интернеттен эптеп-септеп карай калышат. Башка учурда алар такыр китеп кармабайт. Же балким алар китеп окубайт деп наалыган биз эски заманда калып, жаштар башка заманга кетиштиби, түшүнүп болбойт.

“Сумерки”, трансформер жана жомок

Менин онунчу класста окуган кызым мектепте жакшы окуйт, активист, анлис тилин жакшы билет, колу бошосо эле компьютер кучактайт. Ошо кызымды китеп окусаң боло деп такыр көндүрө албай келем. Бирдемеге тез таасирленген өткөөл курак эмеспи деп кызым, сүйүү жөнүндөгү эң мыкты чыгарма “Жамийланы” окусаң деп бир топ убара тарттым, бирок толук окубады. Анын ордуна Стефани Майер дегендин “Сумерки” деген китептеринин сериясын сатып бер, ошону окуйм дегенинен эмнеси болсо да китеп окуса экен деп ойлоп, кымбаттыгына карабай үч китебин тең сатып бердим. Буларды кызым эки жыл мурда окуган. Бул китеп эле эмес аягы эмгиче бүтпөгөн америкалык кино сага экенин азыр элдин баары билсе керек.

Кызым эмнеге кызыгаарын билейин деп кээде ал кинону экөөбүз отуруп алып көрөбүз. Менин оюмда кино сюжет эзелтен эскирбеген ак менен каранын кармашы, достук, чыныгы сүйүү темасы. Болгону фантастика аралашып, кансоргучтар аралашканы көп жага бербейт. Көрсө азыркы жаштар ушундайга кызыгат экен. Кызым кичине кезинен эле ужас кинолорду жакшы көрчү. Түшүңөн чочуйсуң, психикаң бузулат деп канча аракет кылып көргөзбөөгө аракет кылсам да болбой ал кинолорду баары бир көрүп алчу.

Болгону кызым кенже класстардагы компьютерди жакшы биле элек кезинде дүйнөлүк жомок китептерди жакшы окуп калды. Эми ойлосом, ошо кезде эң маанилүү мезгилге мен убагында көз салбай кое берип жиберипмин. Азыр абдан өкүнөм. Кызым кичирээк кезинде мен бул китепти түшүнөт, муну түшүнө албайт деп ага тандап сатып берчүмүн да. Антпей эле кичине кезинде бала бирдемеге бат көнөт эмеспи, ошондо эле сүйүү, тарыхый, детектив, фантастика дегендерди аралаш окута берсем, азыр да ал китепти үзбөй окуп калар беле…

Азыр биринчи класска бара турган уулума күндө болбосо да күн алыс кыргызча жомок окуп берем. “Манас” эпосу боюнча балдарга арналган кыска сюжеттүүар кандай китептерди окуп берип жүрөм. Бирок азыр аны бала Манас, кыргыз жомокторуна караганда, ырайы суук каармандары толтура мультфильмдер, машинеге айланган трансформерлер болбой эле тартып кетип жатат. Кээде сыртка чыкпай үйдө тынч отурсун деп өзүбүз да базардан ал каалаган дисктерди сатып берип жатканыбызды да моюнга алуу керек. Бирок кантсе анын азыркы курагында кулагына куюлуп жаткан сөздөр, сюжеттер, жомок каармандары толук болбосо да мээсинде калат болуш керек деген оюм бар. Демек, китеп окуп бергенди талыкпай уланта берем. Жок дегенде уулум чоңойгондо китепке жат эмес өз болуп өссө деген аруу тилегим бар.

Сезимтал курактагы сүйүүгө таасирлер

Ал эми өзүм бала кезде кандай китептерди окуганымды жогоруда толук болбосо да келтирдим. Китепти бала кезден жакшы көрүп калуума үйдө адабий китептин көп болгону таасир этиптир. Ошон үчүн бала кезден тандабай колго кандай китеп урунса баса калып окудук. Эсимде, өспүрүм кезде мага абдан катуу таасир калтырган “Анна Каренинадан” Анна, “Жамийладан” Жамила, “Боз торгойдон” Фериде, “Нөшөрдөн кийинде” Нина менен Дыйканбек болгон. Француз жазуучусунун “Чыгаан капитанын” бешинчи класста окуп аябай таасирленип турганымда, мектепте кыргыз тил адабияттан окуткан Жапаш агай “каникулда ким кандай китеп окуду?” деп сураганда колумду дароо көтөрүп, эч токтолбой 45 мүнөт бою тиги китептин сюжетин бүт айтып салгам. Алтынчы класста окуп жүргөнүмдө жайлоодо таятамдыкынан “Нөшөрдөн кийинди” окуп ичим толуп ыйлагым келип, бирөө укса эмне дейт деп ойлоп, шар аккан көккашка суунун ортосуна ташка отуруп алып эки жаштын сүйүүсүүчн буркурап ыйлагам… Тогузунчу класстан “Анна Каренинаны” окуп, сүйүү менен трагизмге чыдабай үйдүн аркасына барып дагы ыйладым…

Үйдөгү оокаттан кол бошобой, ал бүтсө сабак окуп анан түн бироокумда эжем экөөбүз китеп окуганга кирер элек. Ошол кездеги эркиндикти, китептен ала турган ырахат сезимди эч нерсеге салыштырууга болбойт эле. Апам кыйкырса укпай, акыры ал туруп келип жарыкты өчүрүп кеткенде гана тил укканыбызга карабай уйкуга кетээр элек. Күндүз оокат жасап жатканда колго китеп тийди дегиче оокаттар жасалбай калчу. Андайда апам тилдеп китепти отко салып жиберген учурлар да болгон. Кийин дааратканада отуруп китеп окуганга да өттүк. Аныбыз да билинип калып чоң чуу чыкканы эсимде. Айтор эмне болсо да китеп менин эң жакшы жан досум эле. Бир топ убакыт мурда жоготкон досумду кайра таап алганыма бүгүн абдан сүйүнөм.

Учурда кайра китеп дүйнөсүнө башбага баштадым. Адамга убакыт, айрыкча кыргызга убакыт эч качан жетпейт. Бирок баары бир китеп окуганга убакыт табуу керек деп ойлойм. Буга чейин А.Капай уулунун “Беделдеги каргыш” деген китебин, биздин кесиптеш М. Сабыровдун “Жол” деген мыкты аңгөмөлер китебин окусам, жакында эле А. Рыскуловдун “Атакенин Акболот” романын окуп чыктым. Ушундан улам кыргыз прозасынын сапаты бийиктей баштаганын байкоого болот. Ал ортодо Г. Маркестин “Любовь во время чумы” романын окуп, ушу тапта анын эң атактуу Нобель сыйлыгына татыган “Сто лет одиночества” чыгармасын жыргап окуп жатам. Айтмакчы, бу китепти кызым мага майрамда белек кылган.

Аскер Сакыбаева, http://kyrgyz.vb.kg/223129

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.