Атың барда – жер тааны!

attuuraluu

Жакында кыргыз жылкысына арналган “Тоолуу Кыргызстандын тулпарлары” аттуу түстүү китеп орус тилинде жарык көрдү. Китепти түзүү идеясы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, саясый илимдердин доктору Каныбек Иманалиевге, “Улут жүзү” фондунун президенти Рустам Мамановго жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Канат Исаевге таандык, ал эми аны жазган авторлор – Каныбек Иманалиев, Айнура Эргешова жана Темир Дүйшекеев.

Китеп жакында болуп өткөн Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында чыгып, алыс-жакындан келген кадырлуу меймандарга, туристтерге да таркатылып үлгүрдү. Кыясы, бул баалуу белекти анын жаратмандары алгач орус тилинде чыгарып жиберишкени да ушуга байланыштуу окшобойбу. Китеп эми окурмандарга кыргыз жана англис тилдеринде да жетмекчи. Бу да болсо кыргыз жылкысын төгөрөктүн төрт бурчуна таанытуу, мал киндиктүү Ала-Тоо элинин жылкы баласы менен байланышкан маданиятын, улут жүзүн тыш дүйнөгө жакшы жагынан билгизүү аракети.

Китептин баалуулугу – кыргыздын буудан, күлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрү, асылдыгы мүнөздөлүп, аларды асыроо, тарбиялоо салттары, саяпкерчилик, улуттук ат оюндарынын түрлөрү, шарттары сыпатталып берилгендигинде. Анын эзелтен кыргыз баласынын турмушуна тагдырлаш, танапташ болуп келгендиги жеткире ырасталган. Эл тарыхынын кайсы доо­руна, кайсы жөрөлгө, салтына кайрылсаң да, мейли руханий байлыгында, көркөм чыгармаларында болсун, бардык жерде кыргызды атсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан “Ат – адамдын канаты” демекчи, минсең –- унаа, саасаң – жан жыргаткан суусундук, жесең – дарылык касиети күчтүү азык, сатсаң – пул дейбиз.

Жазуучу-депутат К.Иманалиевдин пикиринде, ат кыргыз жашоосунун бир бөлүгү. «Дал ушул аргымактар, тулпарлар эр-азаматтарды баатырга айландырган. Эгерде Чоң казатта Аккулага ок жаңылбаганда, Манас тирүү калмак, Курманбек баатырдан атасы Телторуну аябаганда, ал да өлмөк эмес, ал эми Тайлак баатыр каза болгондо анын тулпарына да кара жабуу жабышкан. Айтматовдун Гүлсараты менен Танабайдын ортосунда эмне деген чырмалышуу жатат. Абалтан эле тулпарлар баатырлардын коргоочусу болушкан жана эч качан ээсин жолго таштап кеткен эмес. Кыргызда жети ыйык бар, алардын бири жылкы баласы. Тулпарлар, аргымактар, күлүктөр, буудандар тууралуу көп нерселерди жазса болот. Француз айым Жаклин Рипар кыргыздардан мурда биздин аттар тууралуу китеп жазып жиберип намыстантты. Буюрса, бул багытта ишке ашыра турган дагы башка долбоорлорубуз да бар», – дейт депутат.

Азимжан ИБРАИМОВ, “Кыргыз Туусу”, 19.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.